Тилемчилик: Падыша менен акылман жөнүндө притча

Бир курдай улуу падыша акылманга кезигип калат. Сүйлөшө келгенде, акылмандын кеменгерлигине, такыбалыгына таң берет. – Ыраакым этсеңиз, сизге белек ыроолоюн, – деген падышанын тартуусуна акылман көнбөйт: – Менин азыгым – дарактын мөмөсү; ичээрим – тоонун мөңкүп аккан суусу; дарактын кабыгы – салынып жатар төшөнчүм; а тоодогу үңкүрлөр – шамал, жамгырда калтырбас калканычым. Сенден болобу, башкадан болобу – мага белектин не кереги бар? Падыша жалбарат: — Көңүлүмдү курсант кылып алып коюң белекти. Жүрү, чогуу барып төрүмдө бол, кансарайымды көрүп, сага ыроологон […]

Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн

* * * Гүл сулуу болгон менен жылуу болбойт. Ал эми аялзаты сулуу дагы, жылуу дагы! * * * Таң атканча акчага карта ойноп чыгып, анан тараарда же утпай, же уттурбай нөл-нөл болуп калсаң – ушундан өткөн кордук жок. * * * Кар күрөп өскөн кишинин жүрөгү таза болот. * * * Өлкөнү кадр менен камсыздоо – бозүйдүн түндүгүн ууктар менен карматкандай кеп. Ууктар бир эле тараптан сайыла берсе – түндүк токтобойт. Бардык жагынан сайылса гана түндүк катуу кармалат… * […]