Акжол Доранбек уулу: Абал азыр – эрксиздикти жектемей

АК ЖОЛ, САГА! “Кол жазмамды карап берсеңиз” деген Акжолдун кол жазмасы колго кеч тийди. Эки күн күттүм. Чындап эле күттүм. Азыркы жаштар поэзиясын окугум келди. Анын ысымын мурда-кийин эшитип жүргөм. Эң алгачкы ыр жүрөктү жылытты. “Абал” деген аталыштагы ырдагы ойлор бир гана бул жаш акындын эмес, дегеле анын муунунун, ал эле эмес алдыдагы, арттагылардын күмөнүн тек астейдил туюнткан жеңил, жумшак, жугумдуу ыр экен: “Байкап көрүп, алды-артымды карасам. Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам. Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт, Багыт кандай, билбейм кайда […]

Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: Тириликти жылыткан эне жүрөк

* * * Эски сүйүүм, карабачы муңайым, Сен сүйлөчү жүрөк менен угайын. Жашоо үчүн жылмайганым болбосо, Билсең мен да тартып жүрөм убайым. Билбейм эми, от ырларды жазамбы… Турмуш чындап алды биртоп мазамды. Бирок билчи, сени ойлосом тазарам, Жакшы сүйүү жакшы сактайт адамды. Канча издедим мээримиңди бөлөктөн, Барар элем азабыңа жөнөтсөң. Калды жаштык, калды аттиң баардыгы, Арман болуп ак бетиңде мен өпкөн. Сүйүүм кошо сүрдөчү эле калдаңдап. Кайда эркем ошол сага жазган кат. Турна мойнуң тээ алыстан көрүнүп, Турар элең көңүлүмө […]

Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ: Чындык өлдү!

Чындык өлдү, чындык өлбөй ким өлдү? Чындыгы жок ушул жашоо түгөлбү? Тереңинде ырысы жок сотторго, Текебаев тепселгенде бир өлдү… Убактылуу дөөлөтүнө манчыркап, Уурданышат сөөлөтүнө кан чуркап. Дарты күчөп кайда барат келечек, Дал ушинтип чындыгы жок жанчылсак. Чындык тарых, тепсесең да бузулбайт, Чындык калптын чөйчөгүнө сузулбайт. Өрттөй күйүп акыйкаты калкымдын, Өмүрбектин өмүрүндөй тызылдайт. Бийлик деген кол жоолуктай бүктөлгөн, Жалган дүйнө турбайт жалаң үстөлдөн. Ардангыла кыргыз журту ушуга, Акыйкатты болбой калды күткөндөн… Каралыгы качан тарайт Ак үйдүн, Куту качып жок болгонбу ал […]

Улуу кеп күттүргөн Улукбек

Студент чакта адабият темасында макалаларды жаза коюп жүргөн талапкер жана 1976-жылы Ош пединститутун бүтүрүп кеткен киши катары ошол окуу жайында бизден кийин ким эмне жазып, басма сөзгө эмнелерди жарыялап жүрсө, ошолорду атайын көңүл буруп окуп калмайым бар. Ошондой кызыгууларымдын ичинен Улукбек Омокеев деген ысым да орун тапты. Жазгандарына өзүмчө ичим жылып, боор толгоп калам. А түгүл бир топ ырларын сурап, ошолордун ичинен иргеп туруп, он бир ырын «Жаңы Ала-Тоо» журналына сунуш кылган жайым да бар. Ал он бир ыр журналдын […]

Мирлан АЛТЫМЫШ уулу: Карызы көп чет элге Кыргызстанды, \ «КАРЫЗСТАН» деп атап албайлыбы

ЖАҢЫ ДҮБҮРТ Учур адабиятынын көзгө жарк деп көрүнөр өкүлдөрүнүн чыгармачылыгын талдоода: жакшысын жакшы, жаманын жаман деп ылгоо мезгили келди. Күтүп кереги жок. Турпар тушунда, күлүк күнүндө турганда сүрөгөнгө не жетсин… Адабият астанасын аттаган соңку муундагы сүрмөтоп жаштардын ичинен суурулуп алдыга чыккандары жок эмес, бар. Алардын бири Мирлан Алтымыш уулу «Сүйология» аттуу алгачкы ыр жыйнагы менен эле кыргыз адабиятынын корифейлеринин бири, белгилүү сынчы агабыз Кадыркул Даутовдун назарына илингени кубандырат. Айтылуу адабиятчыбыз жаш акындын ыр китебине жазган баш сөзүндө минтет: «… жаш […]

Айнура АБДИЛАЗИЗОВА: Табы жок от өчсө – дүйнө кошо өчпөйт

* * * Арасында көпчүлүктүн тирүүнүн, Айдагында сагынуунун күтүүнүн. Көңүл үшүп, тыңшайм сенсиз, айласыз Кыштын муздак,анан салкын күз күүсүн. Мурдакыдай күрөшпөстөн эми мен, Муздактыкка билесиң го жеңилгем. Күкүм болгон улаштырчу күлкүмдү, Күттүм сени Акбууранын жээгинен. Маанайы суз күтүп кошо калаанын, Мажүрүм тал менден сурайт кабарың. Келем деген кабарыңды айттырып, Кай жактарга алып кетти кадамың. Келгин куштар кайтып кайра келишти, Кечиктиң сен, айлана бүт кейиштүү. Узатаарда таарынттымбы деген ой Уйку бербей көкүрөктү жеп-ичти. Жашыл көйнөк, кызыл гүлүң сагындым, Жалгыз сага дайын […]