Илим Курмушуев: Жүрөгүңдөн жылдыз өптүм, күн өптүм

СҮЙ, СҮЙ, СҮЙ! Ким өтпөгөн бул өмүрдөн Ичээр суусу түгөнсө. Көктөн кулап көмкөрүлүп Көз отунда Күн өлсө. Канча жашоо маанилүү эмес, Кандай жашоо маанилүү. Сүйүү менен сүргөн өмүр Сүйкүмдүү да шаанилүү! *     *     * Жүрсөң дагы жүзү болуп сүрөттүн, Жүрөгүңдөн жылдыз өптүм, күн өптүм. Секунддары кылымдарды карытат Сени эстеген ар бир сааттын, мүнөттүн. *     *     * Жашыл жаз жашын чанып жайга кеткен, Жазды биз кайрый албай арга кеткен. Аптаптуу койну менен эсте калып Ак жыттуу ажайып жай… Ал да кеткен. […]

Залкар Назарматов: Корооздон көргөн кордук

АҢГЕМЕ  Анда мектепке бара элек бокмурун кезим. Кошунанын балдары менен үч дөңгөлөктүү велосипедди “мен тебем”деп  кызыл чеке болуп талашып, кээде жарашып, ойноп аткам. Бир кезде атам келди. Адегенде байкаган эмесмин – жаңы эле велосипедге отургам. Жанымда чурулдап аткан немелер тынчый калганынан карасам, алар аңырая атамды карап турушат. Эки канжыгасына туптуура он-ондон кылып жыйырма тоокту байлап алыптыр. Атам аттан түшүп, байлап салып, аялдабай үйгө кирип кетти. Дикилдеп чуркап келдим. Артымдан тигилер да самсаалашты. Тооктор тоок эмей эле тотукуштай көрүнүштү мага. Жүндөрү […]

Оливер ГЕНРИ: «Жүрөк жана кол»

АҢГЕМЕ Денверден чыгышка кетүүчү Балтимордук экспресс поездге жүргүнчүлөр агылып түшө баштады. Ыңгайлуу жана комфорт вагондордун бирөөсүндө жакшынакай кийинген, отурган орунтугун саякатта керектүү буюмдары менен толтуруп алган жаш, сулуу айым отурат. Жаңы түшкөндөрдүн арасында да эки адам бар, экөө тең жаш жигит, биринчиси – келишимдүү, тайманбас, жарык жүздүү; экинчиси – өзүнө камдуу, түнт, чымыр денелүү, жөнөкөй кийинип алган. Алар бири-бирине кишен менен кошоктолгон. Поезд коридорундагы жалгыз бош орундук сулуу айымдын бет маңдайында эле. Колдору кишенделген экөө айымдын маңдайына көчүк басышты. Жаш […]