Мээрим КАДЫРКУЛОВА: Кара Дельфин

АҢГЕМЕ Узун коридор менен эки киши келатты. Алардын бири – чап жаак, жапалдаш бойлуу аял, бири – көз айнек тартынган толмоч жигит. Экөө бирдей ак халат жамынган. Жаңкы аял артынан кимдир-бирөө түшкөндөй шашкалактап, чоң-чоң кадам таштап баратты. Жанындагы көз айнекчен жигит да андан калбай ээрчий жүрдү. Туткасы кетик каалганын тушуна келгенде аял аярдай берип, бирдеме издегендей халатынын эки өңүрүн сыйпалап көрдү. Анан чөнтөгүнө колун сунуп, шыгыраган жоон топ ачкыч чыгарды. Каалганын ачылышын күтүп калган көз айнекчен жигит болсо жер тиктеп, […]

Мээрим КАДЫРКУЛОВА: Шаты

АҢГЕМЕ Таң атты. Күндүн бүлбүлдөгөн алгачкы шоокуму Беловодск айылына кирип келди. Эртең мененки тиричиликтин бака-шакасы башталды. Колхозная көчөсүнүн маңдайында орун алган воскресный базары бүгүн эмнегедир өзгөчө ызы-чуу. Анын үстүнө бүгүн дем алыш эмеспи. Базар күндөрү мында ар дайым элдин кыжы-кужусу, унаалардын күрүлдөгү, малдын маараган-мөөрөгөн добушу өкүм сүрүп турат. Ар ким колундагы керектүү-керексиз оокатын апкелип сатыкка чыгарат: бири кой-эчкисин, бири тоок-моогун, бири чемичкесин, бири картөшкө-пиязын, а дагы бири темир-тезегин… Бир маалда жанагы Колхозная көчөсүндө бойлой тизилген үйлөрдүн биринин тактай дарбазасы “чыйк” […]

Зубайда ОРУНБАЕВА: Сен тирүүсүң

ЭССЕ — Сага адам ичинен өлгөн сезим таанышпы? —  … * * * Айткың келет, бирок айтуунун учуру эмес. Себеби, сага баарын сиңиртишти. Сенин эркиңди өз колдоруна алышты да, каалагандай башкарышты, башкарып  да жатышат. Сен — сен эмес, алар болдуң… Кел, мен сага эскертейин, сен ким элең?  Сен — кайратынан, эркинен кайтпаган болот мүнөз болчусуң. Сен — көкүрөгү жалын, ою күлүк эркиндиктин элчиси элең. Азыркы абалыңа жүрөгүм ооруп турат. Мен билем, сен айткың келип, бирок азыр айтуунун убагы эмес экенин […]

Гүлзина МЫЙЗАНБЕКОВА: Ак седеп

АҢГЕМЕ Толукшуган жайдын күнү. Абасы таза, суусу тунук кадимки  Ак-Сай жайлоосу. Жашыл шибердин үстүндө чалкасынан түшүп жаткан Жылдыз Жараткандын чебер колдорунан жаралган табиятка суктанып жаны жыргап ушунчалык бактылуу. Ушундай жымжырттыкты  аттын жай басып келаткан дабышы бузду. Жылдыз ордунан тура калып ашыгы  Эсендин келатканын көрүп сүйүнүп кетти. Алдынан утурлай баскан Жылдыздын назик колдорунан кармап  Эсен атынан ыргып түштү да, анын саамайынан сылап, чекесинен өөп, кырдан  терип келген атыр жыттуу гүлдөрүн сунду. Жылдыздын көздөрү жайнап, шыңга бойлуу кең далылуу Эсендин кучагында, анын […]

Нурзада КУБАНЫЧБЕКОВА: Теше тиктеген көздөр

АҢГЕМЕ Эртеден бери эле аны бирөө тиктегендей туюлуп турду. Эмнегедир элеңдеп эки жагын каранып такыр таппады, башын өйдө көтөрө калса эле ал туюм жылан сыйпаганадай жок боло калат, телефонго үңүлүп ылдыйды карар замат баягы туюм кайрадан пайда болот да турат. Бул нерсе акыркы жарым сааттан бери Алиянын жүрөгүн эзип бүтмөй болду. Бул эмне болгон туюм? Же чын эле мени ары жактардан кимдир-бирөө тиктеп жатабы? Кызык? Эмнеге тиктесин мени анчалык? Тиктегидей болсо, ким ал деги? — деген ар түркүн ойлор Алияны […]

Жаңы дүбүрт: Жаш жазуучу Эрмек Турдубеков Россияда өткөн адабий конкурста 2-орунга илинди

Буга чейин «РухЭш» сайтында «Щелк» жана «Педали Амана» аттуу аңгемелери менен окурмандарыбызга таанылып келген Эрмек Турдубеков 2017-жылдын 20-ноябрында Казань шаарында өткөн 17 жашка чейинки жаш жазуучулардын конкурсуна чакырылып, “Лунный пух” аттуу аңгемеси менен 2-орунду ээлеп отурат. Казань шаарында өткөн “Айтматовские чтения” аттуу илимий-практикалык конференциянын былтыркы жеңүүчүсү катары 27-ноябрь күнү Казань шаарындагы инженердик лицейдин окуучулары менен жолугушуусу өтмөй болууда. Эрмек Турдубеков учурда 10дон ашуун аңгемелердин жана бир нече поэтикалык саптардын автору. Орус акындары И.Бродский менен М.Цветаеванын ырларын которуп, чыгармачылыкта тынымсыз эмгектенип […]

Асылкеч, кадыркеч алайкуулуктарымдын алакандай аңгемелери

Жаш калемгер Ош обласынын Кара-Кулжа районунун жогору жагында капчыгай менен өрдөп кеткен, күрпүлдөп таштан-ташка урунуп, узунан чубалган тоолору менен киндиктеш аккан кадимки Тар дарыясынын жээгинде отурукташып, мейман достугу, айкөлдүгү, берешендиги, жаратылыш менен коюндаш өскөн нукура таланттары менен айырмаланган Алайкуу өрөөнүндө он чакты айылда жалпысы болуп 25 миңден ашуун калк жашайт. Сүйлөсө чымчылап, какшыктап сүйлөгөн алайкуулуктардын керемет жоруктарын окурмандарга сунуштайбыз. Алайкуулуктар аңгемелешкенде — Досум кандайсың? — Семиз элемин. — Кар кандай? — Кар аппак. — Кар канча? — Кар бекер, 1 метр. […]

Нуриза ӨМҮРБАЕВА: Өкүнүч

ЭССЕ Кулак тундурган чакырык, ышкырыктан улам чочуп ойгондум. Жарыкты күйгүзүп саатка үңүлсөм, түнкү эки жарым болуп калыптыр. «Бул ким болду экен? Мынча эмне кеч?» деген ойлорго чулганып эшикти ачууга бастым. Мен бүгүн сизден башка адамды күткөн да эмесмин. А сиз мени ышкырык, ызы-чуу менен чакырмак эмессиз. Мен буга чейин кезиктирбеген, мындан кийин да кезиктире албай турган сылык, токтоо, өзгөчө жансыз. Сиз жөнүндөгү ойлор менен алпурушуп көчөгө чыга келсем эки классташым туруптур. Жаңыдан ал-жай сурашып баштаганыбызда сиздин карааныңыз жогортон көрүндү. Жүрөгүмдүн […]

Гүлзада ТУРДАЛИЕВА: Төрт сары

АҢГЕМЕ Сары кыз Ажардын турмушундагы сары жоогазындарды эсине түшүрдү. Оор күндөрүнүн күбөсү. Кош бойлуу кезинде үйүндө жүрүп окучу. Ошол кезде сары кыздуу болду. Ал төрөлгөндө окуусун бүтүп кетти. Сары жоогазындарды сары жигит сары кызын  төрөп оорукананын төрөт бөлүмүндө жатканында алып барган. Сары кыз университетти бүтүп, коштошуп кетип баратып, беш килограмм ун сатып келип, калтырып кеткени эсинен кетпейт. Ал беш килограмм ун Ажар жумушка чыгып, айлык алып баштаганча чоң огожо болгон. Эстеген сайын ыраазы боло берет. Сары кызы чоңойуп калды, эми […]