Арген МАЖИТОВ: Эски там

АҢГЕМЕ Киндик кан тамган үйүңдөн көп жылдар алыс жүрүп калсаң, көрсөм көзүмө бир сүртүп алсам деген үмүт оту алоолонуп, а тургай түшүңө кирип, сагыныч жаныңды сыздатканда шылтоо таап, учуп жеткиң келет. Мен да ошондой сезим кучагында бук болуп жүргөндө апам телефон чалып калды. “Кызым, келбесең болбой калды, —  деди учурашып, ал-жай сурашкандан кийин, —  жаңы салынган үйгө көчмөк болуп атабыз. Келинибиз жаңы үйгө эски оокаттарды киргизбейбиз, үйдү эски кылып көргөзүп коёт деп, баарыбызды беймаза кылып атат. Баарыңар эле ошо эски […]