Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Бектур байкем

АҢГЕМЕ Айылда Бектур деген байкем бар. Бозо менен кымызды чакалап ичет. Туруп да ичет, жатып да ичет. Анан ашказанынан операция болуп калды. Элдин баары бир ооздон: “Мына, ачкылды чакалап ичип жүрүп ушуну көрмөк» деди. Бектур байкем мурда бир чака ичсе, операциядан кийин эки чака ичип калды. “Ой, мунун ашказанын чоңойтуп берген го доктурлар” дешти. Жаш кезинде жылкычы болчу. Колхоздун контрактка төккөн тайларын бакчу. Менин болсо төрт буту ала-аяк аябай кооз тайым бар эле, ошону минип алып акырын сарайга барып колхоздун […]

Аким КОЖОЕВ: Сүйүүдөн бүткөн бир жомок

АҢГЕМЕ  — Байке, сизге эмне болду, деги тынчылыкпы? – деди өлүкканага эшиктен кирип келген Бекиш Григорийдин көзүнүн жашы суудай агып жатканын көрүп катуу чочуп. Мына экөөнүн чогуу иштегенине беш жылдан ашты, ал бир да жолу Григорий байкесинин жаш чыгарып ыйлаганды мындай кой, көздөрүнүн жашылданганын көрө элек. Демек, бир жакынынан айрылган экен да деп Бекиштин көкүрөгү заматта коркунучка толуп чыкты. «Кимиси болду экен – аялыбы же уулубу? Алардан башка жакыны барлыгын айткан эмес эле… Кудай жамандыгыңды көрсөтпө… деги не деп турам?» […]

Асан АХМАТОВ: Каткелди

ПОВЕСТЬ Адам баласынын башына түшчү эң оор окуя бул — согуш. Ал адамдарга кыйроо, өлүм, жоготуу, кыйноо, ачарчылык, жетимдик жана ушул сыяктуу жамандыктардан башка эч нерсе алып келбейт. Мен муну так билем, анткени балалык кезим 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка туш болду. Азыркы жаңы заманда ал апаат биздин жаш муундарга тарыхтын жөнөкөй гана барактары сыяктуу сезилсе, бизге өмүрүбүздүн унутулгус күндөрү болуп, жаман так салып кетти. Ойлоп көрсөм, андан бери жетимиш жылдан ашык убакыт өтүптүр. Бирок ошол биздин үй-бүлөбүздүн башынан өткөн […]

Нурайым ШАРШЕНБАЕВА: Вазир

ЖОМОК Хандын улуу вазири жортуулда набыт болот. Хан абдан кейийт. “Мындай вазирди кайдан табам? — деп ой басат:  — Өмүр бою кеңешчим да болду. Дос да элек. Абдан акылдуу…  Ички-тышкы душмандарымды вазиримдин кеңеши менен жеңип келгем. Элге да кадыр-баркы жогору эле…” Көпкө чейин аза күтүп, вазирин жоктоп кыйналат. Ханды тегеректеп жүргөн кеңешчилери улуу вазирдин ордун ээлегилери келип, кошомат кылууга өтүшөт. Ансайын хандын көңүлү чөгөт. Баягыдай кеп-кеңешин айтып, туура жолду көрсөтүп турган вазири жок, кимдин сөзүн угуп, кимисине ишенээрин билбей кыйналат. […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Бейиште ачылчу сандык

АҢГЕМЕ  Чоң энемди “апалап” чоңойдум. Ага арнап жазган жүрөгүмдө сагынганычтын каты бар. Анда окуй баштайын… «Саламатсызбы, апа! 1912-жылдан 1989-жылга чейин ушул жалганда өмүр сүрдүңүз. 4 жашыңызда Үркүн деген балээ чыгып, Кытайга чейин үркүп барып, анан Кудай сактап аман кайтып келиптирсиз. “Элес-булас эсимде, качкан кезибиз, ачкадан ыйлап азап тартканыбыз…” деп барып, “сурабай эле койчу балам, биздин башыбыз менен эле кетсинчи” деп ыйлап жиберип отуруп калар элеңиз. Сиздин себиңизге келген сандыкты сактап жүрөм, апа. Ушул сандык менен толтура акыл жана тарбия бергендей […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Жашоого кайтуу

(Мистикалык аңгеме) Оорукчан жаны өлүмдү көп ойлочу. Адамзаттын бирден-бир бул жандырмаксыз табышмагына эл катары эле акылы жетпегени менен, анын өзүнө жакын калганын сезсе дагы коркчу эмес. Ал өлүмдү тек гана түбөлүккө эч ойгонбостон уктап кетүү гана катары көрүп, артта чала бүткөн иштерим, төлөнбөгөн карыздарым, жетпеген максаттарым жаман сөз калбаса экен деп тилечү дагы, уулу менен кызына келечек түзүп бербей кете берүүдөн санааркачу. Бирок өлүм деген өлүм да. Ал ар бир пенденин бул дүйнөдөгү бүтпөгөн ташпиштерин күтүп жүрбөйт. Ажалы жетип, күнү […]