Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Кызыл өрүк

АҢГЕМЕ Чилденин жаланып турган учуру. Күн бүркөк. Ичтен кармаган суук. Бүт Күнгөй тоолорун жер бешенесин ичиркенткен жөө туман басып, тоо кабагы бир жумадан бери ачылбай, түнөрүп, анын каабы этектеги адырларды кошо сермеп, кечээ жааган кардын аягы боройлоп басылгандыктан адырдын айдарым жерлериндеги карлар жылга-жыбыттарга көчүп, ушундан улам адыр агала тартып, бир караган адамга тоодо да, адырда да тирилик токтоп, баары зыңкыя тоңуп калгандай. Көл үстүндө сур булуттар самсаалап, демейде аттын кашкасындай көрүнүп турчу Тескей тарап тумандуу көшөгөнүн далдаасына жашынган. Кара бууранын […]

Нурзада КУБАНЫЧБЕКОВА: Сен жыттанган жаз, жаз жыттанган сен!

ЭССЕ Ооба, дал ушундай жаз сен жыттанат, сен жаз жыттанасың. Тереземди черткилеп түнү бою жаан чакалап куюп чыкты, таңга маал шамалдан улам ойгонуп кеттим, сырт күңүрт тартып, асмандын кабагы ачылбай турган экен. Жамгыр түндөгүдөн бираз басаңдап калганы болбосо дагы деле жайбаракат өз ишин улантууда. Терезеден жамгырдын тамчылары сызылып ылдый түшүп, там түбүндөгү жаңыдан кылтыйып чыгып келаткан чөптөргө жан киргизген шекилдүү. Сен да мен үчүн кудум жамгырдын тамчылары сыңар элең. Кичине болсо да мага карап жылмайышың, эркелетишиң, коргошуң, аяшың, айтор мага […]