Капар ТОКТОШОВ: Атанын уулу

АҢГЕМЕ Кеч күүгүм. Жалгыз ат чегилген арабада эки караан кетип барат, Ара-Талааны аралап. Абышка эски чөмөлөдөй үңкүйүп бүт дитин жолго койгон. Бала болсо жаңыдан чыга баштаган жылдыздарды санап убара. Эшпай-Коонун ичинен чаап-жыйнаган чөмөлөнүн улам бирине арабаны токтотуп, атасы ыргыткан чөптү тебелеп чоң ишке жарады бала. Ошого жетине албай кудуңдап келаткан кербези… Кайтып келатканда керкашка сый бастыбы же арабанын дөңгөлөгү арыкка кирип чыктыбы, чөп ооп барып оңолду. Аркандын учун кармоого үлгүрүп жыгылбай калды бала. Жүрөгү оозуна кептеле түштү. Көздөрү чанагынан чыкчудай […]