Максим Горький: Жазгы күүлөр

(Фантазияланган аңгеме) Менин бөлмөмүн терезесинен аркы бакта турган акация жыгачынын сыйда бутактарында таранчылар аркы-терки секирип, кужу-кужу сүйлөшүп жатышат; коңшулаш үйдүн төбөсүндөгү аттын сүрөтүндө отурган кадырдуу карга таранчылардын өз ара сүйлөшкөнүн угуп, керилип-чоюла башын улам ийкеп коёт. Күндүн шооласы сиңген жылуу аба менин бөлмөмө ар бир дабышты жеткирип турат,— мен мында булактын шашылып аккан шылдыр-шулдур үнүн да, бутактардын акырын шырп эткенин да үзбөй угуп, тереземдин сырткы кырындагы кептерлер эмне жөнүндө күкүлдөп жатканын жакшы түшүнөм; ошентип, менин ичиме аба менен кошо жаздын […]