Жетиген АСАНБЕК: Чокой гана жетишпей туру (1-макала)

«Эл өзүнүн президентине ишенет» Эл өзүнүн президентине ишенген… Ооба, ишенгенбиз… ашкере ишенгенбиз. Табият кооздукту да, байлыкты да айкөлдүк менен ыроологон касиеттүү жергебизде акыры адилетүү бийлик орноду, эми тартип, адилеттик, өнүгүү болот деген үмүт чоң болчу. Бардык таасирдүү партиялар, инсандар Атамбаевдин айланасына биригишкен. Бийликти кайтарып алууга дагы да жан үрөп турган күчтөргө мүмкүндүк бербөөгө чечкиндүү кадам жасап, Текебаев Атамбаевди колдоо үчүн өз талапкерлигин алып таштабады беле, ошонун өзү да чоң эрдик болгон. «Адилеттүүлүк жана чынчылдык менин канымда» деген сөзүнө ишенип, президентибиз […]