«РухЭштин» өспүрүмдөр арасында жарыяланган конкурс жеңүүчүлөрү сыйланды (фоторепортаж)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аттуу республика боюнча жарыяланган мектеп окуучулары арасындагы дилбаян сынагы жыйынтыкталып, аларга сыйлык тапшыруу аземи борбор калаабыздын «Шанс» Чыгыш казынасы китеп дүкөнүндө уюштурулду. Жеңүүчүлөргө диплом жана ардак грамоталар тапшырылып, акчалай байгелер менен сыйланышты. О.э. аталган конкурстун демилгечиси жана демөөрчүсү, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаев өспүрүмдөрдү парламент имаратында кабыл алып, ар бир окуучуну Роза Айтматованын «Тарыхтын актай барактары» жана «Кылычсыз Самурай» аттуу китептери менен сыйлады. Төмөндө калыстар курамынын чечими менен жеңүүчү деп табылган окуучуларды тааныштырабыз: 1-орун (8000 […]