Котормо боюнча конкурста 2-байгенин жеңүүчүсү Мусакун Сатыбалдиев болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен экинчи байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Мусакун Сатыбалдиев орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Кемпир” аттуу аңгемеси үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. КЕМПИР АҢГЕМЕ Ал ичээр суусу түгөнө жаздап, көргө буту салаңдап турган кемпир болучу. Жүзүн каптаган бырыштардын терең кеткен катмарлары желеленип, ичинде болуп жаткан кубанычтын да, кайгынын да жышаанын билдире албай калган. […]