Төлөндү АКМАТОВ: Жеңе

АҢГЕМЕ Боз түшүп, күн ысык. Шаардын киши толгон көчөсү менен кемселин каруусуна илип, колуна кичине чемодан кармаган жигит ылдамдай басып автостанцияга келди. «Кара-Балта! Кара-Балтага ким барат, бир орун бар!», «Пржевальск», «Рыбачье», «Моголго-Мо- голго!» Бир орун бар Моголго!» деп ары-бери басып таксинин шоферлери үн салышат. Дүрүлдөп каршы-терши өткен машиналар. Кайда көз чаптырбагын, кыймылдаган калайык: бири көйнөк кийип, жылаңбаш жеңил жүрсө, бири түлкү тумакты баса кийип ичикчен, бирлери ала топучан, чапанчан. Кассанын алдында котолошот. Жанагы жигит кассага жетип акчасын сунду: — Моголго […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Энеке

АҢГЕМЕ Анда башка жерде эмгектенчүмүн. Жетекчим алыскы бир районго он эки күнгө жөнөттү. Ортодо эс алуучу үч күндү кошуп эсептегенде он беш күн, жарым ай болуп калат. Колума эки таңылчак карматты. Ичиндеги баракчаларда бакыйган бир кишинин сүрөтү жана өмүр баяны, эң аягында депутат болсом тигинтем-минтем деген убадалары жазылган. Ал баракчаларды он эки күндүн ичинде район борборундагы ар бир үйгө кирип таратышым керек. Таратып эле койбой, келечектеги депутат болчу кишини мактап-жактап шашылбай, эрикпей баарын түшүндүрүшүм керек экен. Район жактагылар менен алдын […]