Жеке архивден: Төгөрөгү төп таланттын бейнеси

Элмирбек Иманалиев чырымтал түгү түшөлек кезинен эле оозго алына баштаган бала болчу. Бирөөлөр айтчу: «Эне сүтү оозунан кетелек бала дейин десең, акыл айтса абышкадан ашып түшкөн неме экен» деп. Бирөөлөр айтчу: «Бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт тололек бул бала эмитен алчы таасын жеп, өз курагынан эрте жашап салгансып эс-акылдуу дервиш көрүнөт» деп. Айтор, өнөр адамдары жашачу шаарыбыздын күн чыгыш тарабындагы сай боюндагы жатаканадан бир бөлмө алып жашап жүргөн тестиер бала жөнүндө имиш-имиштер көп айтылар эле. Бир билгеним: ошол эл оозуна алынып […]

Кенжаалы САРЫМСАКОВ: Сөз сабаттуулугу деген эмне?

1930-жылдардан берки сексен жылдан ашык мезгил бою элибиздин эне тилинин айтылбаган чоло жери калган жок. Андагы ой, сунуш, курч сын пикирлерди топтоого алсак, нечен том-том китеп болор эле. Эл, коом, мамлекет турмушунда кыргызга так, таамай, таза, сабаттуу, таасирдүү сүйлѳѳнүн зарылчылыгы барбы же бул анчейин эле маселеби? Сѳз байлыгыбыз муундан муунга кемип, эки сѳздүн бири орусча айтылып аткандыгы жакшыбы же жаманбы? Мындай кесепеттүүлүк жок кылыныш керекпи же кѳнүмүш кѳрүнүш боло берсинби? Эне тилибиздин табиятын, байлыгын, элестүүлүгүн, баа жеткис баалуулуктарын сактай албасак, […]

Лев Толстойдун алмасын уурдаган Кожогелди Култегин

Маектеш тууралуу маалымат: Кожогелди Култегин – Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, драматург, А.Осмонов жана Ж.Мамытов атындагы сыйлыктардын лауреаты. Учурда Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү (2014-жылдан бери). Ал «Жолчырак» (1985), «Шамалдагы үн» (1989), «Дарбаза жолго ачылат» (1993), «Бал ууртам» (2001), «Жүрөк конуш» (2008), «Бир чөнтөк ыр» (2009), «Салам менен аликтин ортосунда» (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014) аттуу ыр китептеринин автору. — Кожогелди байке, иш үстөлүңүздөн качкан учурларыңыз болобу? — Болсоле ушу май айында болот. Бөтөнчө жаркыраган, кулпурган ай […]