Диний чөйрөдөгү коррупциялык көмүскө жагдайлар туурасында кеңири кеп

<<<<<<<<<<<<Маектин мурдагы бөлүгү – Орозбек Абдысаламович, өткөндөгү маегибиздин учугу Сиз Ысык-Көлгө конференцияга жөнөп аткандан улам үзүлүп калды эле. Ошондо Сиз муфтият тарабынан аткарылбай келаткан проблемалардын учугун айтып келатып кебибиз токтогону эсиңиздедир… – Ооба, диний окуу жайлардын абалы жөнүндө ошол кездеги президент А.Атамбаевге маалымат берип, аларды реформалоо боюнча сунуштарды киргизгенибизде ал абдан кабатыр болуп, аларды жаап салуу керек деген. Муфтияттын Ислам институтунун билим берүү деңгээлине да объективдүү сын айткан. Реформалоо долбоорубузду колдоп, бул маселе боюнча Түркиянын тажрыйбасына да кайрылгыла деген. Диний […]