Дилазык: Куан Жун саткын аткаминерлерди жазалаганы

— Өкүмдарым, Су округунун аткаминерлери жемкорлук илдетине чалдыгып, бузулуп бүтүптүр, алар салыкты эбак төлөшү керек болсо да азыркыга чейин кармап келатышат. Төлөнбөгөн салыктардын өлчөмү миллиондорду чапчыды. Округдун мурдагы башкаруучусу кызматтан алынып, өз жазасын күтүп жатат. Өкүмдарым, бул кызматка ылайыктуу адамды дайындооңузду суранам, — деп мин императору Сүан-зунун таңкы кеңешмесинде министрлердин бири билдирүү жасады. Император бир аз буйдала түшүп сурады: — Кымбаттуу төрөлөр, бул иш боюнча кандай сунуштарыңар бар? — Сиздин кыңк этпес кызматкериңиз Куан Жундун [1]абдан идиректүү башкаруучу экенин уктук […]