Олжобай Шакир: Көк чай

Ордолуу Оштун Сулайман-Тоосунда чоор сыбызгытып тургандагыбыз… АҢГЕМЕ – Ах-ух-ах… Вай жыргал, жыргал! Вах-вах-вах! Чап, чап дагы. Ой өркөнүң өссүн! – мончонун буусуна моокуму кана ыракаттанган Айып жонуна шыпыргы чабылган сайын алкай берди кичипейил бозуланды. Тердеп-кургап чаап атат бозулан ансайын. – Жыргатпадыңбы тим эле. Өмүрлүү бол, ананайын. Ысык буудан чыгып, муздак сууга чайкады боюн. Бассейнге секирди. – У-ау, жашоо керемет. Уу-ху-ху, – муздак бассейнге дельфинден бетер сүңгүп сүздү. Башы суудан чыккан сайын анын «Уу-ху-ху!» дегени мончону жаңыртып, муздак суудан ичиркенип отургандардын […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Шайлоо

АҢГЕМЕ Калмат карыя үй-бүлөсү менен түшкү чайга отурган. Неберелери мойнуна асылып эркелешсе, байбичеси Салкын алардын кылыгына маашырланып, өзүнчө эле жыргап отурат. Уулу Урматбек куудулданымыш этип купшуңдаса, келини Сымбат арчанын түтүнү сызыла чыккан самоордон чай куюп, сыпаа гана жылмайып коёт. Айтор ар кимиси өз ордун билген ушул үй-бүлөгө нарк-насил, береке, ынтымак-ырашкерлик, адеп-ахлак бекем орногон. Кимиси болбосун адеп менен сөз баштайт. Атасы ооз тиймейин дасторконго кол салуу деген эгерим болбойт. Ал айткан сөздү эч качан эки кылышпайт. Бир-эки чыныдан чай ичишип, чаңкоолору […]

Уруучулук трайбализмби?

Кийинчерээк жалпы улут идеясын иштеп чыгышыбыз керек деп көп айтчу болдук, а бирок анын байланган казыгын таппай кайсалайбыз. Менимче, улуттук идея деген көктөн түшпөйт, жерден чыкпайт, башка калктардан көчүрүлүп да алынбайт. Ал өзүңдүн эле кыртышыңда жатат, кесе айтканда, так ошол уруучулугуңда да бир принциби катылган. «Кыргызчылык» деп өзүбүз жерип салган түшүнүктүн боюнда улуттук канча бир асыл сапат тунуп турганын сактанып болсо да айтчу болдук. Эмесе ошол «кыргызчылык» деген жакшы маанидеги түшүнүктүн байтүбүн алиги биз айткан «уруучулдук» деген жакшы маанидеги түшүнүк […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Абама кат

Ырас, агасына акыл айтуу салтта жок болсо да, улуулук баа­баркын, нарк­насилин сактабаган, айрым көңүл иренжитерлик жоруктары мени абама кат жазууга аргасыз кылып туру. Анын үстүнө, бул көптөгөн кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш. — Аба, сага коё турган биринчи дооматым — ичи тардыгың. Өзүңдүн акылың толуп, жашың өйдөлөп калганын эске алсаң обол ичи тардыгыңды ташта. Бирөөнүн жеке ийгилигин кой, эл үчүн жасаган эмгегин да көргүң келбей турганын көп байкадым. «Ал муну бекер жасаган жок» деп, арт жагынан криминал издеп турасың.  Бардык жакшы жактарыңды […]