Жетиген Асанбек: Чоң акындын кичинекей катасы

Белгилүү акын Зайырбек Ажыматовдун жаңы жарык көргөн «Жүрөктөгү бороон» китебин колума алып, кадимкиче ары-бери оодара карадым. Эпейип колго эптүү форматта чыгыптыр. Артына оодара салсам эле төрт сап көзгө урунду, төрт сап менен кошо көзгө “кыпын” кирип кетип, маземди алууда. Мазмунунда го, айып жок. Ыр жыйнактын көркөмдүк, идеялык мазмунунан айып издечү мен эмесмин. Зайырбек ырлары элге алынган, көрүнүктүү акын. Болгону, көзгө түшкөн кыпындай өйкөп туруп алган төрт саптагы каталарды айтып “көздү эс алдырбасам” болгудай эмес. Ичинин баарын аңтарып-теңтербей эле коёюн эми… […]

Жетиген Асанбек: Чындыкка кара, чындыкты жанда

Чынбы, жалганбы, кайсынысы жакшы? Албетте, чын жакшы. Аныгында бул суроо-талашсыз эле анык, адам адам болуп жаралгандан көкүрөгүнө кошо бүткөн тубаса мыйзам. Деген менен иш жүзүндө чындыкты сүйгөндөр аз болуп, аларды талоонго алгандар, а жалганды сүрөөгө алгандар басымдуулук кылат. Чындыкты жактоо, атүгүл курмандыкка чейин алпарып, далайлардын канынын кунуна турган учурлар тарыхта арбын. Бирок так ошол төгүлгөн кандар бул дүйнөгө түркүк болуп келаткандыр… Болбосо, жалгандыктын күүлдөгөн агымына каршы сүзө өлүмгө баш байлагандар болбосо, бул аалам эбак аласалып кетмектир… Жалган менен аёосуз күрөшкө […]

Жетиген Асанбек: «Илбирс секириктин» арышы

(Өзүңөн көр, шайлоочу! 5-макала) Адамдын деградацияга учуроосунун дагы бир себеби – беленге көнүү. Совет доорундагы калыпка салынган белен саясий түзүм урагандан бери мамлекетибиз иш кылып көнбөгөн, эч нерсеге эп келбеген олдоксон колдор эбин таба албай кармалап аткандай эле абалда келет. Башаламандыкка учурап, өзүн өзү башкарууну үйрөнүүнүн үстүндө отузга чамалаган жылды жашап койдук. Кендирди кескен жагдай – өлүү дүйнөнүн (материалдык баалуулуктарды кыргыз эзелтен ушундай атап келген эмеспи) өкүлдөрү эпчилирээк келип, бийлик тизгинине биринчи жетип алып атышпайбы. Аларга тизгин тийди дегиче куурап […]

Жетиген Асанбек: Коргоочусуна кол салган коом болдук

Соцтармактарда “Азаттык” сатылыптыр, “Али Токтакуновдун иликтөөсү жалган экен” деген каңшаар таратып атышат. Мындай маалымат 5-каналдан жарыяланган имиш. Али Токтакуновдун далил көрсөткөн документтери жалган болгон учурда да, Матраимовдун 5-каналдагы талкууда актангандагы шылтоолору ал иликтөөнүн чындыкка жакын экендигин айгинелеп турат. “Азаттыктын” журналистин “заказ менен келдиң” дегени элди чындыктан адаштыруу үчүн сөздү атайылап башка нукка буруунун далалаты экени ачык көрүнүп турат. Раим Матраимов эл арасында “Раим млн” лакап атын алып, бажы мекемесинде жеке басарлык орногону запкы көргөн ишкерлерден тарагандан кийин “Азаттыктын” маселе козгогону […]

Жетиген Асанбек: Өзүңөн көр, шайлоочу! (2-макала)

1-макала >>>>> “Республика-Ата Журт” фракциясы депутаттарынын саны боюнча парламентте КСДПдан кийинки орунду, 120 орундун 28ин ээлеп отурушат. Демек, оңой эмес добушка, оңой эмес күчкө ээ. Иш жүзүндө парламенттин аткаруу бийлигинин иш-аракетин көзөмөлдөө милдетинде фракциянын жарытылуу, көзгө көрүнөр иши байкалбады. Макалабыздын биринчи бөлүгүндө айтылган «Лидерине жараша фракциясы» деген сөзүбүз бул фракцияга тийиштүү болобу? Талдап көрөлү. «Республика-Ата Журт» дегенде, саясаттан кеткендиги тууралуу өзү атайын билдирүү кылса дагы, көз алдыга порумдуу да, көзгө толумдуу да Өмүрбек Бабановдун бейнеси тартылат. Биринчи себебине токтолуп көрөлү, […]

Жетиген Асанбек: Адилеттик жартылай болбойт

Чоң суроо жаралды да калды. Жээнбеков мамлекеттеги акыйкатсыздыкты тизгиндөөгө кызыкдарбы же каршылаштарынын жолун буугангабы? Бийлик алмашканы мурдагы премьер министр, өкмөт башчысы, шаар башчысы, вице-премьерлер, бир катар атминерлер камалганда коомчулуктун чекеси жылып эле, көңүл ачыла түшкөн. Алардын мамлекеттик кызматкер боло албастыгын, дегеле мамлекеттик бийликтин бир бутагын башкаруу дегенден кылайган түшүнүгү жок адамдар экенин көп эле алешем иштерден (Лигласс, Тарых музейи, 9000 сомдук көчөттөр ж. б.) көрүп, нааразычылык саясый абалды чыңалтып турбады беле. Жумурай журтту каратып туруп эле карандай калптан кылмыш иштерин […]

Жетиген Асанбек: КСДПдагы кыйсыпыр

Кысыдыпыдагы кыйсыпырдын азыр чаңы ызгып турган кез. Так ушул чаңы асманга сапырылып аткан партиянын депутаттары Кыргыз Республикасынын эң жогорку бийлик бутагынын бири – Парламентте эң көп орунду, бакандай 31%ын ээлеп, мамлекеттин дээрлик бүт тараза ташын ары-бери калчап келатышат. Жыйынтыгында, мамлекеттин бекемдигине доо кетип атканы аз келгенсип, адамзаттын мыкаачы колу Ала-Тоону алмустактан Ала-Тоо кылып келаткан ак мөңгүгө чейин жетип, сапырылган саясат санаага салып турат. Бул жыйынтык – жумуруңа жук болбогон 1000 сомго берген добушуңдун жыйынтыгы, өз шорун өзү ичип аткан шоркелдей […]

Жетиген АСАНБЕК: Шоу-бизнес – бул маданият тармагыбы?

Айтып оозду жыйгыча… дегендей эле кеп болду. Жакында “Сармерден” ресторанынын колдоосунда “РухЭш” сайты өткөрүп жүргөн баарлашууда маданият, адабият жаатында сөз болду. Анда белгилүү акын Зайырбек Ажыматов көп мүчүлүштүктү кеп кылып, арасында журналисттерге да сын айтты эле. Акындын сөзүн келтирейин: “Журналисттердин чоң катачылыгы кайсы? …кечээ күнү сахнага чыккан эстрада ырчысын биринчи бетке алып чыгып эле, анын жеген тамагын, көйнөгүнүн размеринен бери, айтор ушуларды жазып атпайбызбы. Маданият деген ушу экен деп, коомчулукту жаңылтып атабыз да. Ошол эле учурда таланттуу, билимдүү актерлорду, театрдын, […]

Жетиген АСАНБЕК: «Кассандра эн тамгасы» каккан доолбас

Бул сын эмес. Сын жазганды, болгондо да Айтматовдун чыгармасына сын жазганды мага ким коюптур. Болгону чыгарманы окугандагы мага “угулган” доолбастын үнүн каккым келди, башкалар да укса деген далалатым. Дээрлик бардык чыгармалары менен коомдогу көйгөйлөрдүн бутасына тийип келген Айтматов, бул чыгармасында бүткүл аалам алкагында, бүтүндөй адамзаттын көйгөйүн козгогонунан кабар алууга болот. Бул жолу да чебер сүрөткер бутага жазбай тийген. Американын Нью-Йорк шаарында «баардык континенттерде ойду ойготуучу» деген атак алган «Трибюн» гезити мурда бир да басма сөздүн, бир да маалымат каражатынын тажрыйбасында […]

Жетиген АСАНБЕК: Акылды арак алдыбы же ажыдаарбы?

2016-жылдын 31-августунан баштап экс-ажонун акылынын табы жок экени ачык көрүнө баштаган эле. Эсиңиздердеби, жер жаңырып, табият жабуусун жаңыртып турган жайдары майрамда куттуктоо сөз ордуна ачуусу буркан-шаркан түшкөн ажонун оргу-баргы сөзүн угуп, аң-таң калганбыз. Ошондо катаал кырдаалда мамлекеттин оор жүгүн мойнуна алып, аны татыктуу көтөрүп өткөн Отунбаева жаман, ошол кыйын кезеңде анын жанында болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары жаман, жалгыз Атамбаев жакшы таризинде опулдаган. Андан кийин кимдер гана жаман болгон жок, атургай коңшу өлкөлөрдүн президенттерине безге сайгансып атырылып, Назарбаев ачып көздү […]

Жетиген АСАНБЕК: Жолуңа түш эми, Жолдубаева

Улам кийинки кадамы менен маңдай жарылта кубантып турган Жээнбеков досунун да, досунун кол балдарынын да чамалары чак экенин жакшы билген окшоп калды. Жолдубаеванын жоболоңдуу жоруктарынын ичинен экс-президенттин ар-намысын коргомокчу болуп, Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарына, Zanoza.kg жана «Азаттык» маалымат булактарына, анан да “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага, журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага олчойгон айыппул салганы ары күлкүлүү болсо, ары айланы кетирген абалга салды эле. Кетпес кеги, өчпөс өчү бар кас душманга катылгансып, өлкөдөн сыртка чыгууга чек койгон. Ашынган кошоматтыктын […]

Жетиген АСАНБЕК: Адамдык тилде угушпады, табияттын тилин да угушпады… ачкачылыкты угушар бекен?

Эсиңиздерде чыгар, Сапар Исаков премьерликке көрсөтүлүп, парламентте депутаттардын суроолоруна жооп бергени. Баягы парламентти парламентке окшотуп турган, оң мааниде 10 чакты “дүжүр” депутат суроолорду кабыргасынан берсе, кайпактата жалпы жонунан жооп берип кутулду эле. Каныбек Иманалиев “40 кадамын жиликтеп” берип, кокуй эч ким укпасын, уят эле иш болот деген. Маселебиз эбак чечилген, жолун түзөп коёлу деп атабыз, былжырай бергиле таризинде анын саресебине түшүндүрүү же актануу да болгон эмес. Ошол эптемей жооптордун арасынан бири жакында шак эске түшүп, көз алдыма тартылды. Аны эске […]

Сайтыбызга даа бир жаңы күч кошулду!

«РухЭш» сайтынын жолу шыдыр, жолдошу кыдыр белем: биз менен санаалаш, тилектештер күндөн күнгө арбып, рухий коом агартуу түйшүгүн кошо тартышкан авторлорубуз, өнөктөштөрүбүз, туруктуу окурмандарыбыз да кыйлага жетти. Улуттук руханий дөөлөттү жапатырмак түптөшүүгө ниетин билдирген замандаштарыбыздын ар бирине чын ыкласыбыздан ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Башында кылдыраган арабадай ордубуздан жылдык эле, бара-жүрө сайтыбыздын мүдөөсүн түшүнгөн туруктуу окурмандарыбыздын азын-оолак финансылык колдоосу менен өзүбүздү сооротуп келдик. Чамабызга жараша окурмандардын рухий муктаждыгын канагаттандырууга аракет жумшадык. Балдар адабиятынан тартып, дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү чыгармаларын кыргыз тилдүү окурмандарга жеткирүүгө далалат […]

Тамсил: Эзоптун экметтери

Балыкчы Бир балыкчы дарыядан балык уулоочу экен. Бир күнү торун бир жээктен бир жээкке тартып коюп, балыктарды чочутуш үчүн аркандын учуна таш байлап аны менен сууну шапшый баштайт. Чочуган балык качам деп туш-тарапка сүзүп атып, торго түшүп калса деген ою эле. Муну көргөн тургундардын бири элге таза суу ичирбей сууну ылайлатып жатканы үчүн жемелесе, балыкчы: «Сууну ылайлатпасам, ачкадан өлбөймбү”, – деп жооп берген экен. Мамлекеттин митаам аткаминерлери да так эле ушундай, мекенинин чаң-будуңун чыгарып турганда гана эң жакшы жашашат.    […]