Евгений Шварц: Жоголгон убакыт жөнүндө жомок (конкурска № 60)

Петя Зубов деген бир бала бар эле. Ал он төртүнчү мектепте үчүнчү кластта окучу. Бир аз жалкоо болгондуктан орус тилинин жазуусунан, арифметикадан, ал гана эмес музыка сабагынан да дайыма башка балдардан артта калчу. — Жетишем! – деп койду ал биринчи чейректин аягында. – Экинчи чейрек болсун, мен баарынан ашып өтөм. Экинчи чейректин аягында ал үчүнчү чейректе жетишем деп койду. Ошентип ал сабактарынан улам артта кала берди, бирок бул тууралуу эч кабатырланып койбоду. «Жетишем!» деп коюп жүрө берди. Ошентип бир күнү […]