Жаңы окуу жылга карата өспүрүмдөр арасында конкурс жарыялайбыз!

Кымбаттуу өспүрүмдөр, 8–11-класстын окуучулары! Сиздер үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев демилгелеген дилбаян сынагы улантылат. Эл өкүлү Айтматовдун чыгармаларына жалпы окурмандардын кызыгуусун козгой турган жакшы жөрөлгөнү салтка айлантууну көздөйт. Абдувахап Нурбаев менен уюштуруучу топ кеңешип, сынакка “Айтматовдон алган сабагым” деген теманы тандады. Жакшы демилгени чын ыкластан колдоого алган “РухЭш” сайты биринчи жолкуда кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен, сынактын жаңы жобосун сунуштайт: Бул жолу сынак эки баскыч менен өткөрүлөт. 1-баскычы 2019-жылдын 1-сентябрынан башталып, 2020-жылдын 29-февралына чейин жүргүзүлөт. Дилбаяндар ruheshsaity@gmail.com дареги аркылуу […]