«РухЭшти» колдоо акциясы Азамат Арапбаевден Айбек Алтынбековго өттү

Бүгүнкү күндөгү окурмандарыбызга эски муундагы көөнөргүс чыгармаларды жайылтып, улуттук адабиятыбыздын аянтчасын негиздеген “РухЭш” сайтынын коом агартуу максатын колдоого алууга үндөгөн эл өкүлдөрү Айнура Осмонова жана Азамат Арапбаев өңдүү кесиптештерим менен бирге мен да аталган сайттын ишмердигине тилектештигимди билдиремин. Эне тилибиздин көркөм туюнтма каражаттарын элге жайылтуу аракети эч кандай коммерциялык багытты көздөбөгөндүгүн эске алып, өз салымын кошкон кесиптештеримдин мага өткөргөн эстафетасын улай мен да жеке өзүмдүн атымдан “РухЭш” сайтынын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине өз көмөгүмдү жөнөттүм. Гуманитардык багытта коом […]

Бишкекте «Кыргызстан -кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалы өтөт

Бишкектеги «Манас» кинотеатрында КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын 8-эл аралык «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, иш-чара 12-декабрда, саат 12:00дө башталат. Анда КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын эң мыкты делген тасмалары элдин сынына коюлат. Бул жылы аталган кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Фестивалдын алкагында жазуучунун чыгармасынын негизинде коюлган атайын көрсөтүүлөр жана театрлаштырылган чыгармалар орун алат. Иш-чаранын жүрүшүндө тасма жаратуучулар тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду […]

Жеке ишкер Улукбек Нусубалиев кезектеги эстафетаны эл өкүлү Жылдыз Мусабековага узатты

Олжобай Шакир байкебиздин улутубуздун руханий байлыгын арттыруу максатында «РухЭш» деген сайт түзүп, Садык байкем айтмакчы, элди агартам, көгөртөм деп катуу эмгек кылып жүргөнү белгилүү. Жакында Садык Шер-Нияз байкем ошол сайтты колдоо ирээтинде эстафета баштаптыр эле. Эстафетанын кезеги Жамалбек Ырсалиев досумдун узатуусу менен мага келип жетти. Жамалбекке рахмат, сөзүн жерге таштабай аз болсо да салымымды кошоормун. Эмне демекчимин, Олжобай байкебиздин баштаган иши алга жылып, окурмандары көбөйүп, көздөгөн максатына жетсин! Жеке салымым катары сайттын 0558080860 ЭЛСОМ капчыгына 3000 (үч миң) сом котордум. […]