Айдана Эрмекбаева: Жоктоо (конкурска №11)

АҢГЕМЕ Келген кеткендер көп. Бардыгы атамды жоктоп ыйлап жатышат. Чоӊ үйдүн өйдө жагында боз үй тигилген. Анын ичинде тизилип отургандары аз эмес. Атүгүл атам өзүнүн сүрөтү илинип турган боз үйгө киргенде ойгонуп кеттим. Лукулдап сокту жүрөгүм. Мүмкүн атам өлгөн жок деген ой учуп өттү. Жанымда эки кичине бала жатыптыр. Сыртта өкүрүк башталганда, учуп өткөн оюмдун калпы чыкты. Караӊгыга карабай келип жаткан кишилердин агымы бүтө электей. Ордуман тура, бирде басылып, бирде өкүрүк чыккан боз үйгө кирип барып апама түшүмдү айттым. Тегерегиндегилер […]

Калык Ибраимов адабияттан кантип алыстаган?

Биз адабияттын астанасын жаңыдан аттаган жылдары коомчулукта кыргыз адабиятынын Белинский, Чернишевскийи сыяктуу жаңы мууну өсүп келатат деген ишеним жаралган. Ал ишенимдеги адабиятчылар: Аман Токтогулов, Калык Ибраимов, Каныбек Эдилбаев деген кырктын кырындагы зыңкыйган агаларыбыз эле. Дуңку сезимдеги биздей кенже муунга бул ысымдар чыгармачылык ориентир болчу. Тагдыр экен, ориентирден эрте ажырадык… Адегенде А.Токтогуловго Ашым Жакыпбеков агабыз некролог жазып: “Сени көз жумуп кетет деген шумдук кимдин түшүнө кирмек? Жубарымбек, неге эрте кеттиң?!” деп каңырыгы түтөгөн эле. Даа… чынында Аман Токтогулов кырчынында жер жазданды, […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Чымчыктар сайрап жатат

АҢГЕМЕ  — Самат, Самат, уксаң…Чымчыктар сайрап жатат, — деди аялы, уйку-соонун ортосунда жаткан Саматты акырын нукуп. Самат кайдыгер гана: — Аа… — деп койду. — Уксаң, Самат, чымчыктар сайрап жатат, — дейм. Чымчыктар сайраганда, үйгө дайыма бирөө келчү эле. Бүгүн да бирөө келет окшойт.