Жолдош Турдубаев, адабиятчы: Анти-мүнүшкөр керекпи?

Марат Токоевдин көнүмүш ченемдерге сыйбаган ырлары адегенде окурманды чочуркатышы ыктымал. Айрыкча атайын камылгасы (поэзиянын салттуу эмес жанрлары жөнүндө билими жана тийиштүү нуктагы чыгармаларды кабылдагыдай табити) жок адамга такыр эле жакпашы мүмкүн. Автор өзү да атайылагандай чоркок саптар менен баштайт айрым ырларын: Ырларымдан издебе Гармонияны. Табыш кыйын, оор аны. Демейки ырлардай элпек же ичкериден чыйралган ыргагы жок, уйкашы куюлушпайт, муун өлчөмүн сөз кылбай эле коюш керек. Бирок шыр окулуп, бат унутулуучу саптардан кескин айырмаланып тургандыгына көӊүл буруп, сезимге эле эмес, акыл […]

Акчага баалангыс дөөлөт жөнүндө эки сөз

ТАБИТ ЖАНА ЖАШОО «ДААМЫ» Бир караганда, капиталисттик коомдо нарк-насил, пейил түшүнүктөрү эч кимге керексиз болуп, эл жалаң гана пайданы, соода-сатыкты ойлоп калчудай. Бирок бул үстүртөн гана ушундай көрүнөт. Адам баласы адамдык касиетинен айрылбай жашап турганда, рухий азыкка дайыма чаңкай берет. Ырас, ошол азыктын башаты нукура көркөм чыгармачылык болобу же  анын көлөкөсүндөй, туурандысындай бирдеме болобу – бул жагы шык-жөндөмгө, талантка, анан да чыныгы көркөм туундуну баалап-барктап, жетик кабылдай билер окурмандын, көрүүчүнүн, угармандын даярдыгына, табитине да байланыштуу. Табиттин эзелки мааниси кишинин тамакка […]

Жолдош Турдубаев: Жан азыгы – жакшы ыр, ал кандайча жаралат?

Жазасын тартып көктөбөй калган көп ырдын, Арасат жолдо көкүрөк турат жанчылып. Четтетип аста адашкан да бир тагдырды, Иретин бузбай узады, ана, ай жылып… Балким, адабият менен көркөм өнөргө мамлекет ар тараптан кам көргөн, окурмандар да таланттарды сүрөп турган Совет мамлекети кыйрап калбаса, бул саптардын автору Бурулкан САРЫГУЛОВА бүтүндөй өмүрүн поэзияга арнап койгон кесипкөй акындардын бири болмок. Бирок ал эрмек үчүн гана ыр жазган көпчүлүктүн бири эмес. Көксөө жана өксүү Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, айрыкча заман алмашып кеткенден кийин көкүрөктү […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Мектепке мечитти каршы коюу керекпи?

Азыркы президентибиз мурдагыбызга салыштырмалуу кыйла салмактуу сүйлөп, эми дагы эмне деп «балп» этип жиберет деп санааркабай калдык. Бирок мамлекет башчы жалпы коомдогу саясий жана рухий маанайга зор таасир этерин азыркыдан да жакшыраак түшүнүп, ар бир сөзүн аптеканын таразасына салгандай кылдат тандап сүйлөшү керек экендиги борбордук мечиттин жаңы имаратынын ачылышында даана сезилди. Бул ирет сөз жазгычтар менен кеңешчилер командасы өтө жоопкерчиликтүү текстти ийине жеткире иштей албады окшойт. Мителерге кимдер табакташ? Адегенде «ыйман» түшүнүгүн тактап алалы. Анткени арабчадан келген бул сөздүн накта […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Компьютерде оңой иштеп, таза жазалы

Гезитке жиберилген тексттер электрондук форматта болсо иш алда канча ыкчам жүрөрү белгилүү. Бирок орусча гана тамгалары бар машинка менен иштегенсип, азыр компьютерде да “ө”, “ү” жана “ң” тамгаларынын ордуна “о”, “у”, “н” деп эле терип, “үйдү” “уйга”, “көнүмүштү” “конумушка”, “оңду” “онго” айлантып жатышат. Ушул үч тамганы кантип терип, гезитке даректелген текстти кантип туура даярдоо керектиги жөнүндө сүйлөшөлү. Кыргыз ӨҢҮ өчпөсүн Чындыгында Word программасы бар компьютерлердин баарында кыргызча тамгалар табылат. Текст тергенге ачылган беттин баш жагын карасак, файлдын шарттуу аталышынан кийинки […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Сүрөткер болуш оңойбу?

Атын атаса, куту сүйүнөт дегендей, Боз Торгой адабий ысымын жакшы тандаптыр. Албетте, атына заты төп келгенге чейин далай изденип, чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоңушу, пир туткан чоң акындарынын таасир чөйрөсүнөн суурулуп чыгышы, өзүнүн кайталангыс стилин тапканга чейинки үйрөнчүк баскычтан да өтүшү керек. Бирок дээринен ыр дүйнөсүнө жакын экендиги ыргагы менен ички лирикалык мазмуну шайкеш чыккан саптарынан эмитен эле байкалат. «Сүрөткер» («художник») деп кыл калеми менен боёкторду колдонуп пейзаж, портрет ж.б. тарткан адамдарды эле эмес, көркөм өнөрдүн (искусствонун) башка чөйрөлөрүндө: кино […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Дубалдары да таалим берген мектеп

Гимназия бир караганда жупунудай көрүнүшү мүмкүн: жаркырата кооздолгон жасалга, евроремонт ж.б. көзгө урунбайт. Бирок кабинеттер биринчи кезекте иштегенге – окуучунун эң зарыл маалыматтарды эстешине, мугалимдин аларды издеп отурбай дароо колдонушуна ылайыкталган. Коридорлордо да акыл эмгегинин маданияты боюнча иштелип чыккан сонун таблицалар, эң кыска, бирок өтө нуска түзүлгөн тезис тизмелери 2-3 метр аралыктан да окулгудай жазып илинген. Б.а. мында сырттан келгендердин көзүнө жарк дей түшсүн дегидей тышкы эффект эмес, күнүмдүк сабактарда дайым керек болгон ички мазмун, максатка ылайыктуулук эске алынгандыгы байкалат. […]

Гапыр агайдан бир сабак

Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» программасынын Баткен облусунда жайылтууга арналган семинардын биринчи бөлүгүндө Кызыл-Жол орто мектебинде практикалык сабактар талкууга алынды, Гапыр агайдын шакирти, Лейлек районунун жаш мугалимдеринин лидери Жеңишбек Абдиназаров райондун, шаардын мектептеринен келген кесиптештерине сабакты кызыктуу өткөрүүнүн сырлары жөнүндө айтып берди. Семинардын коноктору – мугалимдер менен ата-энелер – Гапыр агай менен абдан мазмундуу маектешти. Семинардын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова энелер мектебинин бүгүнкү күндөгү орду жөнүндө өтө таасирдүү сөз сүйлөдү, жыйын […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Кадыркул Даутовдун сынчылык өнөрдөгү орду тууралуу калыс сөз

Замирбек Үсөнбаев кара күүнүн залкары Карамолдону: «Нотаны билбей калганга Болгон дейт кээде арманда. Эгерде азыр бар болуп Эң сонун билим алганда, Атактуу Бахтан калышпай, А балким ашмак андан да», — деп ырдаган. Айрымдар муну апыртуудай көрүшү ыктымал, бирок кыргыздын кандай таланттуу эл экендиги адабиятта, кинодо, музыкада – дегеле көркөм өнөрдүн түркүн салааларында далай ирет далилденип келатат го. Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу деп «Манаска» эң жетик баа берген Айтматов өзү космостой мейкин, деңиздей терең чыгармалары менен элибизди дүйнөгө таанытты го! […]

Эрк – бакытка өбөлгө

Пхенчян шаарында болуп жаткан дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандан да спортчулардын чакан тобу жөнөп кетти. Кошуна Казакстандын атынан муз бийи боюнча жарышка жөнөгөн Элизабет Турсынбаеванын апасы Падишахан Султаналиева – кыргыз кызы. Ушул зор сыноого аттанган чакта да канатташ кыргыз менен казакты, уул-кыздардын таалимин ойлойт экен. Анын бүгүнкү маеги да окурманды кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. — Падишахан, кыргыз менен казактан буга чейин муз бий чеберлери чыккан эмес эле. Спорттун өзгөчө чеберчиликти, көркөм табитти, анан, албетте, бекем эркти талап кылган бул түрүн кандайча тандап […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Үмүт Култаеваны калыстыктан тайбаган адис катары тааныйм

2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоого аттанган Өмүрбек Бабанов өзбек тектүү мекендештерибиз менен болгон үгүт жүргүзүү ишинде Он-Адыр айылында “тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык” деген сөзү үчүн Башпрокуратура ага «конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөгөн жана улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон эле. Бул боюнча атайы лингвистикалык комиссия түзүлүп, тилчилердин талдоосунан кийин Үмүт Култаева Бабановдун сөзүндө эч кандай кылмышка илинчек жоктугун ачык билдиргени үчүн Улуттук университеттен жумушунан кеткендигине байланыштуу «РухЭш» сайты интеллигенция өкүлдөрүнүн пикирин коомчулукка жеткирип турмакчы… […]

Калыстар курамынын чечими: Адабий сынга ат үстүнөн жасалган мамиле

«РухЭш» сайты ушул жылдын сентябрь айынын башында адабий сындар боюнча конкурс жарыялап, жыйынтыгын Кыргыз адабиятынын күнүнө арналган 12-декабрда чыгарарыбызды жар салган элек. Тилекке каршы, учур адабиятындагы сын жанрына болгон мамиле эң солгун экенин биз уюштуруучу катары сездик. Адегенде бир айдан ашык убакыт күтүп да калдык: сын боюнча бир да макала келип түшкөн жок. Дагы ыракмат, аксакал калемгерибиз, белгилүү адабиятчы Абдыкерим Муратов агабыздан сурандык эле, изги адам эмеспи, улуу башын кичүү кылып баштап берди. Ырымга. Ал тургай күлүккө аралаштырмакка башкаларга да […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ «улут боло алабызбы?» дейт

«Тарыхты, турмушту карагыла: эл да, бийлик да тарыхтан эчбир сабак албай келатат!» Фридрих ГЕГЕЛЬ – Биз эгемен өлкөгө ээ болдук деген күндөн бери мамлекетти мамлекеттик ишмерлер башкарган бактыга туш келбей койдук. Өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгү жалаң саясатчылардын колуна тийип келатат. Тунгуч ажобуз Аскар Акаев илимпоз болгону менен бара-бара саясатчыга айланып кетти эле, кийинки президент К.Бакиев андан ашып өткөнүн көрдүк. Алмазбек Атамбаев болсо башынан эле саясатчы-бизнесмен экени белгилүү. Дегеле сиз илимпоз катары айтсаңыз, мамлекеттик ишмер (государственник) деген термин менен саясатчынын айырмасы асман-жердей […]

«Калкты материалдык жакырчылыкка түрткөн рухий жакырчылык апааты каптады»

«Жашында билим албагандардын башына азаптуу карылык келет». ЕКАТЕРИНА II Мен билген Жолдош Турдубаев убагында атагы ааламга кулач жайган алп жазуучу Чыңгыз Айтоматовдун назарына илинип калган жайы бар. Ал тарыйка мамындай: «Кто он, «родственник-современник?», «Айтматовская ересь», «Преодоление времени», «Художник против тоталитаризма или как остановил Айтматов поезд №17»), «Эзилген эл, эсил тил», ««Манас» эпосундагы «адам өлчөө», «Япон керемети жана уйкудагы Манас», «Два полюса антинационального», «Языковая ситуация и барьеры безъязыкости» жана башка публицистикалык-аналитикалык макалалары 1990-жылдарда коомчулукта чоң резонанстарды жараткан. Эгемендик шарданынан кийинки эмгектери […]