Шайлообек Дүйшеев: Досторго

АЛП МИДИНДИН ТҮБҮН ИЧКЕН МИДИНИМ Жолоочу Рысбаевге Айлың аман, айлыңдагы төр аман, Аласалып оонап жаткан көл аман. Аман жүрүү кыйын болгон заманда, Алтымышка чыга бербейт жөн адам. Элиң аман, эл сыйлаган төр аман, Эл деп толкуп, эл деп жаткан көл аман. Мыйзамынан мылтыгы көп заманда, Мындай жашка чыга бербейт жөн адам. Бажырайып алтымыштын кырында, Балдарыңдын жүргөн менен сыйында Баарысынын тынчын алган үйдөгү, Бала жоктур сенден чыргоо чынында. Атагы зор, алтыны нөл, асыл баа, Алты ыр тапса чыгып кетип чатырга. Түшпөй […]