Корей эл жомогу: Акылман абышка

Байыркы заманда Чечжудо аймагында Чежу деген сепил курулуп, анын айлансына эл отурукташа баштайт. Тынч жашап, оокатын өткөзүп жүрүшөт. Бир күнү  түштүк жактагы чет элден жоо басып кирип, сепилди ээлеп, бачкынчылык менен элдин мал-мүлкүн тартып алды. Өздөрү Чечжуну ээлеп, бекем бекинишет. Сепилге эч ким жолой албагыдай кылып кароол мунараларына жоокерлерин коюп, сепилди айланта адам өткүс тикенек бадалдары өстүрүлөт. Чечжудонун эли эмне кылар айласын таппады, душмандарга ар бир жылы салык төлөп, жыйнаган күрүчүн берип туруш керек болот. Өлкөнүн ванына[1] кабар жиберишти. Бул […]