Жоомарт БӨКӨНБАЕВ: Түлкү менен Бөдөнө

I Шибер чөп маалым кылат жай мезгилин, Жел эсип экилентет суу эпкинин, Күн батып… күүгүм кирип жылдыз чыгып, Жамынды көөдөй кара түн кепинин. Күн бою бир бөдөнө бытпыл уруп, Ал дагы түн түшкөндө калды тынып, Жорголоп – корккон жүрөк тайдай туйлап, Жол бою бетегеге кирди жылып. Пааналап жел эркеси жашыл чөптү, Кетпестей түнгө сактап чексиз кекти. Ой бийлеп, кыял белден баскан кезде, Үргүлөп таттуу уйкуга кирип кетти… II Ачкарын түлкү жаткан ичтен тынып, Узун күн үңкүрчөдө ташка бугуп. Козголду ал […]

Жоомарт БӨКӨНБАЕВ: «Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт»

(Тамсил) Сай жакалай сагызган Салпактады эңиштеп, Кекең-кекең жорголоп, Келе жатты жем издеп. Көк жылгага жолукту, Көк шибери көйкөлгөн. Жергеси толгон калың бак, Жемиши бышып эңкейген. Ээлеп ушул жемишти Консом, деди сагызган, Эрким менен той-тойлоп, Тойсом деди сагызган. Шум сагызган шектенип, Кайра качты артына, Тыялбастан напсисин, Түштү суктук наркына. Эки көзү кызарып, Алкы шумдун бузулду. Бакта бышкан жемишке Башын салып тутулду. Жемиш эмес мойнуна Кылтак түштү, муунду, Сактыгынан өлбөстөн, Суктугунан кырылды. Мышык менен май Ачка мышык мыёолоп үйгө кирди, Аңдып келип […]