«Азаттык» элге эмне үчүн керек?

Тазбайматтар тайраңдап турган кезде; Кемчонтойлор сайрандап турган кезде; «Азаттыктай» бир булак керек дайым Акүй элге терс көңүл бурган кезде. Абыкедей, Көбөштөй эл бузарды Алла-таала төбөдөн урган кезде; Коомдун түбүн чиритип жүргөндөргө Кошоматчы жайдаңтап турган кезде; Канды соргон митедей чоңдорубуз Кансарайды жайнатып курган кезде; Билимдүүнү барк албай бийлик бүгүн Билимсизге көңүлдү бурган кезде; Кеменгерлер эмгеги унутулуп, Кемчонтойлор сыйлыкка тунган кезде; Алдуу-күчтүү зулумдар ырыскысын – Алсыздардын колунан жулган кезде; Зордукчулар көбөйүп кадам сайын, Зомбучулдар жулмалап урган кезде; Эсирген муун аркада зөөкүр чыгып, […]

Конфуций үй-бүлөдөгү тартипти сактоо жөнүндө IV

Конфуций айткан: “Атаңдын көзү тирүүсүндө анын умтулууларына көз сал. Атаң дүйнөдөн өткөндө анын кылган иштерин изилде. Эгерде акыркы үч жыл ичиндеги анын иш-аракеттери өзү үйрөткөн тарбияга карама-каршы келбесе анда атаңды кадырлуу адам деп айтууга болот”. * * * Конфуций айткан: “Ысырапкорчулук менен ашкере байлык жүрүм-турум эрежелеринин бузулуусуна жана өзүм билемдикке алып келет. Ашыкча үнөмдөө наадандык менен ач көздүккө алып келет. Жүрүм-турум эрежелеринин бузулушу жана өзүм билемдик түркөйлүк менен ач көздүктөн жаман”. * * * Конфуций айткан: “Эстүүлүк деп аталган нерсе […]

Эрнис АСЕК уулу: Жолбүгүндө карааны көрүнбөй… (устатты эскерүү)

Майдын башында Алыке чалып калды: «Кандайсың, балам? (соңку учурда мени «балам» деп чакырып калды эле…) Гезитиңди окуп жатам. Жаман эмес. Мелистин авантюристтиги гана жетишпей турат. Бирок сен өзүң ушундай гезит каалачу эмес белең. Ушунуңан жазба» деди. Акыркы жолу кышында жолуктук элек. Сыртта суук. Көкдүкөнгө кирдик. «Эрнис, эсиңдеби, Мелиске: «Мени гезитчи кылып салдың, үй алып бердиң, эми Байтиктен жай таап бер, өзүң ээсине тапшыр» деп калчу эмес белем. Мелис да кебелбей: «Ой, сизди көмалбай эмне болуптурмун, ага баш оорутпаңыз, андан көрө […]