Кыргыз эл жомогу: Зыйфырым

Илгери, илгери бир кандын уулу өз вазиринин кызын алган экен. Күн өткөн сайын кандын уулуна: «Өзү кандын баласы болуп туруп вазиринин кызын алды. Башка падышанын балдары бүт кандын кызын алып жатат. Бул деле ошентсе болмок, бул кыз анын теңи эмес»,- деген сөздөр угулат. Бул өңдүү сөздөрдү уккан сайын кандын баласынын жини келип, аялын ура баштайт. Күндөрдүн биринде кыздын жеңеси келип: — Өзүң вазирдин кызы болсоң, күйөөң кандын баласы болсо, эмне көңүлүң пас, эмнеге жүдөйсүң?- деп сурады. Кыз мурун айтпай коюп, […]

Сагындык ӨМҮРБАЕВ: Жубайлар

АҢГЕМЕ — Жетим жетилиптир! Анан калса, адамда жок өнөрдү үйрөнүп алганын кара, капырай-э! Уул да уул! Ата баласы! Ыраматылык Чылакем…— деп оңдонуп отурган сары тончон чал, оо илгери көзү өткөн анык атасынан кеп козгой кетти: — Бо, биздин Кочкор боорунда ырысын жерден тилеген баба дыйкан экөө болсо, ошонун бири так ушунун атасы — Чылабай дээр элем. Мал ээрчип, тоо кезип кеткен бир айыл элди илгери жалгыз Чылабай бакчу дан менен. Өгүздөрүнө кошкон буурусун менен тешелеп жер айдап, күзүндө дөбөлөп кызыл […]

Дилазык: Ачуу пияз

ПРИТЧА Балдарым менен бирге болууга менде дайыма убакыт болгон жок. Жумуш, карьера, өздүк жашоо. Бирок менин балдарым шоколаддан тартып компьютерге чейин эч нерседен кем болушпады. Балдарымдын кемчиликтерине көз жумуп койгондуктан алар менин мээримим жетишпей жатканын кечирип коюшчу. Ошентип таттуу балалык бат эле өтүп, балдардын татаал өспүрүм курагы келди. Бирин-бири күнөөлөмөй күчөдү. Мен ушунчалык жаман ачылыш жасаптырмын: балдарым мээримсиз чоңоюшту. Алардын чоңоюп жатканын эске албаганым аз келгенсип, жакшы менен жаманды ажыратууну да үйрөтпөптүрмүн. Бир күнү кезектеги пикир келишпестиктен улам ашканада пияз […]

Дилазык: Кимдин күйөөгө биринчи тиери тууралуу табышмак

ПРИТЧА Белгилүү бир байдын төрт кызы болуптур. Алар абдан тартиптүү, билимдүү болуп, өзүлөрүн кыйын деп эсептешчү. Бул мырза ар бир кызы турмушка чыкканда калыңы кымбат төлөнүшүн каалады. Күйөөгө даярдоо үчүн кимиси биринчи турмушка чыгууга макул экенин билгиси келди. Бирок кантип аныктоо керектигин билбей турду… Бул учурда акылман адам менен кеңешүү керектигин айтышты. Акылман ар бир кыздын жанына келип, кимдин чайнеги биринчи кайнаса ошого күйөө болчу жигит келерин айтып, муну кошумчалады: — Күйөөңөрдү тосуп алууга даяр болгула. Андан соң бул суроого […]

Ынтымак жөнүндө притча: Күнөөлүү эрди-катын

Коңшу жашаган эки башка үй-бүлө болуптур. Бири качан болсо ыр-чыры бүтпөгөн, бири качан болсо эриш-аркак, бейпил турмуш сүргөн бүлө экен. Бир курдай бейпил турмушта жашаган коңшусуна ичи күйгөн бейжай бүлөөнүн зайыбы күйөөсүнө айтып турганы: – Коңшунукуна баш багып эмне үчүн алар дайыма тып-тынч жашаганын байкап келсең. Күйөөсү жөнөйт. Дабыш чыгарбай байкоо сала баштайт. Караса, коңшусунун зайыбы үйүнүн тактайын жууп атып, бир нерсеге алаксып кухнясына жөнөйт. Ошол тапта күйөөсү үйдүн босогосун аттай берерде, байкоостон чакага мүдүрүлүп, ичиндеги суусун төгүп алат. Тарса-турс […]

Сүйүн КУРМАНОВА: Бөөдө өмүр

АҢГЕМЕ Чачы тармал, мурду кырдач, арык кыз кыйылып, кысталып отуруп ырын окуду. Ыр окуганда баштан аяк өзгөрүп, мынчалык назик, алсыз болбой, алда канча бийиктегендей, алда канча кубаттуураактай көрүнчү. Башка убакта… баарын ичине батырган тартынчаак, ийменчээк, үлбүрөгөн жан эле. Күйөөсү дал ошол кишинин көзүн тике карай албаган мүнөзүнө «кызыгып» артынан калбай асылып жүрүп, акыры ала качып алган. Бою заңкайган, мурду кырдач, мүнөзү өткүр жигит аны дароо эле «багынтып» алган. Ансыз да өткүр жаны аны биринчи күндөн тарта эле башкарууга өткөн. Азыр […]