Жумагүл Барктабасова: Карышкыр

ЭТЮД Бир ирет Каракол шаарындагы зоопарктан карышкыр качыптыр деген каңшаар тарады. «Эми бирөө-жарымга кол салып, бала-бакыраны жарып салбаса экен» деген кооптонуулар жаралды. Акыры ал маалымат чындык болуп чыкты. Көрсө, зоопарктан бир карышкыр чын эле качып чыгыптыр. Азыр эми интернеттин заманы болбодубу. Учурда ар бир экинчи адам көчөдө көргөнүн калың журтка жарыялай алат. Ал маалымат же көрүнүш кызыктуулугуна жараша ары жагы Америка, бери жагы Кытайга чейин кетет. Кыскасы, жарым саат өтүп-өтпөй эле карышкырдын качып баратканын телефонго тартып алгандар видеосун интернетке коюп, […]

Жумагүл Барктабасова: Кайырчы

ЭССЕ Караколдун кан базарына келгем. Эл демейдегидей кыжы-кужу. Баары эле базарга көчүп келгендей. Алганынан сатканы көп бул базарга бир кирип алсаң, алаксып аны карап, муну карап жүрө бересиң. Эки саат жүрүп, эсим оогондо эки пакет толо ар нерселерди көтөрүп базардан чыкчу эшикке жакындадым. Дагы эле “тигини унутупмун, муну сатып албапмын” дейм. Бүгүн эле жашоо бүтүп бараткандай, базар бүгүн акыркы жолу иштеп жаткансып ар нерсени ойлонуп нааразы болуп келатып, демейде тыйын таштап кетчү кайырчынын жанынан өтүп да кетипмин. Базардын оозуна келип, […]

Жумагүл Барктабасова: Кичинекей фронтовиктер

АҢГЕМЕ Улуу Ата Мекендик согуш жылдары. Эл ачарчылыкка, тартышчылыкка кабылганы аз келгенсип, жакындарынан ажырап кан жутуп турган кез. Ошондой жылдардын биринде көл жээгиндеги кичинекей айылдагы бир нече үй-бүлө катары менен кара кагаз алып боздоп калышты. Биринин атасы, биринин баласы, биринин агасы окко учканы тууралуу кабар келди. Аялдардын “кокуйлап” ыйлаган үнүн угуп тура албайсың. Согуштун азабы жанга батып, бул балакеттүү күндөр качан бүтөт деп аны каргаган эле киши. Бирок, кеч киргенде айылда башка ызы-чуу башталды. Айылдан 9-10 жаштагы алты бала жоголду. […]

Жумагүл Барктабасова: Биздин айылдагы Пётр биринчи

АҢГЕМЕ “Капитан” бүгүн жумушуна күндөгүдөй шашкан жок. Болбосо демейде талаа жалгыз гана аны күтүп тургандай, таң эртелеп тракторунун көк түтүнүн булата айдоо аянтында жүрчү эле. Азыр болсо апасы койгон чайды шоркурата ичип, анын маңдайында ар нерселерди айтып олтурат. Анан гана көчөгө “көк тулпарын” айдап чыкты. Кечээ колхоз башкармасы: – Бүгүн түнгө чейин иштеп, жумушту жакшы арбыттың. Эртең шашпай эле чыксаң болот, – деген. Аны айылдаштары “Капитан” деп койгон менен, өз аты – Калдыбай. Аскерден кызмат өтөп келгенден кийин эле ушинтип […]