Жунай Мавлянов: Жек көрөм

АҢГЕМЕ Ата-энеден жалгызмын. Шаарда туулуп, шаарда өстүм. Атам мен төрткө чыкканда, өз оорусунан каза болот. Ошентип, энем жыйырма сегиз жашында жесир калыптыр. Аялдын ошол жашта отуруп калганы сейрек учурарын чоңойгондо билип жүрбөймүнбү. Эри өлсө, зайыбы башка эрге тийгени, тескерисинче, аялы өлсө эри башкага үйлөнгөнү эзелтеден бери келаткан турмуш салты, тагдырдын буйругу экен го. Эмне үчүн менин энем күлгүндөй жаш курагын, атайылап суу куйбаган дарактай мезгилсиз соолутуп алганына алиге түшүнбөйм. Аны аяйм. Кээде ачык эле: «Туура эмес кылгансыз, апа, атамын арбагын […]

Жунай МАВЛЯНОВ: Жайлоодо

АҢГЕМЕ Небереси Азиздин көңүлүн көтөрөм деп Жаркынай өз көңүлүн чөктүрүп алды. Жайлоого келбесе антмек эмес да. Жыл сайын жайлоо маалында сөзсүз, бир кусалык, кандайдыр эски сагыныч жүрөк-боорун аралай чаап, санаасын эңшерип, маанайын басайтып кете турган. Андай кусалык, орду толбогон сагыныч бир нече күнгө созулчу. Ал күндөрдө Жаркынай бети шылынып, көздөрү алайып, айлап төшөктө оору менен алпурушкан кишидей шапайып азып кетер эле. Күн сайын бирин-бири көрүп жүрүшчү кошуналар биринчи байкашат ал өзгөрүүнү. Алар тарабынан: «Эмне болду, Жаркынай? Арыктап кеттиң го?» – […]

Жунай МАВЛЯНОВ: Алачык (шедевр)

АҢГЕМЕ Айлыбыз тоо алкымындагы узун-туурасы эки ат чабымдай келген тегиздикте жатканы менен анын да өйдө-ылдыйы бар эле. Андай болбосо: «Узун кыр», «Ит эмген жар», «Көтөрмө-шак» деген аттар кайдан чыкмак эле. Ошол асты үстү бир жылы данга толгондо сөөмдөй баштары жерди карап ийилген таруу, конокко, экинчи жылы ичине аттуу араласа көрүнбөй калчу ак чачыктуу, жаш карагай сымал шамал жүрсө шуулдап турчу жүгөрү айдалчу кең талаанын орто ченинде күн батыштан күн чыгышка көздөй октой түз кеткен чоң арык – «Көтөрмө-шак» деп аталчу. […]