Чоюн Өмүралиев: Чабарман

АҢГЕМЕ Керимбек баласынан башкарма чакырып атканын укканда эмнегедир сүйүнүп кетти. Анын кандай жумуш менен чакырганынан деле кабары жок болучу. Ошентсе да бир көңүлүндө күсөп күткөнү ордунан чыкканы калгандай толкунданып, кара көк бетине тарам-тарам кызыл жүгүрдү. Карбаластап, таягын кайсыл үйгө койгонун эстей албай, бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө издеп кирип буйдалды. — Оңбогон гана чунактар десе, дагы бири ат кылып мине койгон экен ээ, эми кайдан издедим?.. Анын ушул таптагы эпсиз төкүрөңдөп шашканынан да бул чакырыкка канчалык маани берип жатканын баамдоого болот […]

Капар ТОКТОШЕВ: Башкы маселе

АҢГЕМЕ — Жылкы чарбасынын эмнеси жок дейсиң?-  Байкем мени таң кала карап калды. Кызыл жүздүү, элүүлөрдөгү балжагай толук киши. Мен эс тартканы мал артында: кайсы бир жылдары чабан болчу, анан уй кайтарды, азыр жылкычы. — Перспективасы. — Ал не дегени? — Келечеги жок дегени да. Байкем менден муну күтпөгөнбү же чала угуп калдыбы, «түшүнбөдүм» дегендей элтейет. Сөзүмдү кайталадым: — Келечеги жок дегени. — Ким айтат? — Элдин баары эле айтып жатат. — Бейчеки кеп,-  деди байкем кайдыгер. — Эл да […]

ВОЛЬТЕР: Дин кумар ойну сыяктуу: адегенде алабармансың, кийинчерек митайым болосуң

Вольтер (1694-1778) француз жазуучусу жана философ Жандилибизди тузактаган жер – Атамекен. * * * Мекенге болгон урматыман: чоочун элдердин ага жасаган эмгегине көз жумуп койалбайм. Тескерисинче, менин өлкөмдү сырттан келгендер урматтаган үчүн Мекениме алардан да ашыгырак жан үрөп кызмат кылууга тырышам. * * * Ыракаттын анык ыракаты – эмгек. * * * Намыс – жакшы адамдардын уучундагы бриллиант. * * * Берилген суроолордун ар бирине такалбай жооп берген адам уят-сыятты билбеген адам болушу мүмкүн. * * * Жакшы авторлордун чыгармаларын […]

Кеңеш ЖУСУПОВ: Бабалардын тулпары

Байыркы заманда кыргыздын жер дүңгүрөткөн жылкысы көп эле дешет. Анда жоокерлер жоо колун талкалаганда мүлкү менен дүйнөсүнөн мурда алардын жылкыларын тийе качышкан. Байыркы бабаларыбызды көз алдыга элестеткенде алдына сан жылкысын дабыратып айдаган элдин кыркаар тартып бараткан санжыралуу көчү тартылат. Бир кезде кыргыздын жылкысы жети жүз миңге чейин жеткен. Байыркы бир мезгилде бабаларыбыз тулпар элесин желектерге, көк асабага жибек, алтын жип менен сайдырган. Мунун себеби бар. Алар жылкыны ыйык жандык көрүшүп, Көк Теңирдин досу дешип, адам жанын сактагычы, канаттуу тулпары катары […]