Жомок: Түлкү менен аары

Бир күнү Түлкү менен Аары экөө жолугушуп калат. Түлкү: – Аары, кел экөөбүз достошолу, – дейт – Достошконго убакытым жок, гүлдөр соолуп калса бал чогулта албай калам, – деп Аары каршы болот. – Бардык жомоктордо мени куу, мытаам, анткор дегендеринен улам качып атсаң керек. Ырас, мурда ошондой болчум, эми анын бардыгын таштадым, сендей иштемчил, чынчыл болоюн деп чечтим. – А эмне үчүн анттиң? – деди Аары бир паска токтой калып, ормоё карап. – Калп айтпай, кууланбай оокат кылсаң барктуу болот […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Мамлекеттик идеологияны реалдуу турмуштан эмес, фольклордон издеп келишти

Кара сөз чебери Жылкычы Жапиев көп жазуучулардын бири эместигин анын өрнөктүү текстин окугандар баамдайт. Бизде сүрмөтоп жазуучулар оголе көптүгүнөн окурман журту да жакшы менен жаманды ажыратпай калган заманда – Жылкычы байке сыяктуу салттуу адабияттын өкүлдөрүнүн эмес, тескерисинче, адабиятка ат үстүнөн мамиле кылгандардын базары кайнап аткан кезең. А чыгармачылыктын үстүнөн көжөлүп иштеп отурган жазуучулардын бирин-экини гана китеп чыгарганы болбосо, таасын таланттардын эмгектери окурман колуна жетип аткан жок. Биз билгенден: маектешибиздин эң алгачкы китеби «Сагыныч» аттуу ырлар жыйнагы, а кийинкилеринин бардыгы аңгемелер […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Бейиш тоо

АҢГЕМЕ Кемпир сопсоо жүрүп, эмнеден кеселдегенин билбей калды. Табышмак. Ал буга чейин мынчалык ооруп көрбөгөн. Жаны жер тартып, башы айланып, тамакка табити жок, өзүн кыйнап ичкен тамагын сиңире албай, көзү чарасына кирип чүңүрөйүп, бетине бырыштыр толуп кетти. Жашы сексенден ашып, оозунда тиши калган эмес, карыганда эти качып, билек сөөктөрү жооноюп кеткендей сезилет. Ал өзүнүн чын жашын жашырып, дайым кем айтат. Мурда антчү эмес, жашы улгайган сайын санагы артка жылып, он, он беш жашка жашарып алат. Кемпирдин корккону кесел болучу, ал […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Киченекей айнек ийдиш

АҢГЕМЕ Бул үй бүлө төрт адам. Кыз, уул, анан алардын ата-энеси. Улуусу эркек – Арман. Кызы – Үмүт. Эрди-катын бир нече жыл балалуу боло албай жүрүп, ушул уулу төрөлгөндө арманыбыз чыкты деп баланын ысмын Арман дешкен. Үмүтүбүз акталды, турмушубузда жакшылыктар боло берсин деп кызын Үмүт коюшкан. Атасы профессор. Тилчи. Тил боюнча окуу китептери бар. Ал ооруп калды. Оорусу өтүшүп кетиптир дешти. Төшөк тартып калгыча ишин таштаган жок. Бирок лекцияны мурдагыдай окуй албай, күйүгүп кетет. Оорусун студенттерге билгизбейин деп чымырканып жүрдү. […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Поэзия – тагдыр

Азыркы күндөгү кыргыз поэзиясынын эң белгилүү устаттарынын бири Турар Кожомбердиев экендигин сыймык менен атоого болот. Тукебиз бул дүйнөдөн жаш кетти, андыктан анын миңдеген окурмандарына, тууган-туушкандарына, калемдештерине ошол 48 жаш курагындагыдай жаш боюнча элестелип кала берди… Анын канаттуу ырлары да акындын чагылгандуу жаштыгын элестетет. Дайыма бийикке талпындым, Издөөнүн жолунан кетпедим. Бир далай кырларга чыксам да, Эң кылда чокуга жетпедим. Умтулам жүрөгүм жагылып, Кулаймын кум менен агылып. Жетпесем жетпесмин, а бирок Өтөөрмүн чокуну сагынып. («Таңкы симфония») Акындыкты кесип катары көргөндөр мурдагы СССР […]