Көпчүлүк адамдар жашоолорун өзгөртө турган учурду күтүп жүрүп өмүрлөрүн өткөзүшөт. Бирок андай болбойт. Чынында эле жашоо – бул кызыктай нерсе. Адегенде көп убактыбызды бир нерселерди билиш үчүн коротобуз, а калган өмүрүбүздү аны унутууга сарптайбыз.
Колдо бар нерселерге шүгүр кылып, ыраазы болмоюнча, эч качан каалаганыбызга жете албайбыз.
Кээ бир учурларда сенден миң чакырым алыста жашаган адамдар, жаныңда жүргөн адамга караганда алда канча жакшы маанай тартуулай алышат.
Кай бирлерибиз башкалар бизден күткөндөй жашоо менен жашай албайбыз. Канча аракет кылсаң да майнап чыкпайт. Бул сүйгөн адамдарыңды бактылуу кыла албаганыңды сезген сыяктуу эле өтө кыйын нерсе. Сен аларды жакшы көрөсүң, бирок аларды каалагандай сүйө албайсың.
Дайыма кайсы бир адам менен эмне жөнүндө сүйлөшүштү билсең – бул бири-бириңерге болгон сүймөнчүктүү мамилеңердин белгиси. А качан ортоңордо башкаларга айтпай турган сыр пайда боло баштаганда – бул накта достуктун башталышынын белгиси.
Сен ырдаганда акыркы нотага чейин созоюн деп ырдабайсың. Ырдоонун өзү адамга ыракат тартуулайт. Жашоо деле ошол сыяктуу. Жашоонун ыракаты – өмүр сүрүү.
Бардык нерсе өтөт-кетет, бирок бардык нерсе унутулбайт.
Өзүңөрдүн сезимиңерден жана каалоолордон уялбагыла. Алар үчүн башка жашоо берилбейт!
Көңүлүбүздүн тереңинде биз менен болгон нерселердин баардыгына өзүбүздүн салымыбыз бар экенин жакшы билебиз.
Кечээ эле анысыз жашоо өтпөчүдөй болгон нерселерден, бүгүн оңой эле баш тартканыбыз өтө таң калыштуу.
Адамдар дайыма эле кеңешке муктаж эмес. Аларга кээде өлөк-жөлөк болор кол, угар кулак, түшүнө алгыдай жүрөк керек.
Достук кыйынчылыкта, баатыр согушта, аял жокчулукта, күйөө аялы боюнда бар кезде сыналат.
Биз дайыма эле азыркы жүргөн жерибизде болбойбуз. Же өткөн кездерге аралап кетебиз, же келечекте жүрөбүз. Азыркы учурга жөн гана байыр алып олтуруу – бул сейрек болуучу окуя.
Адам өзүнүн ар бир күнүн майрамга айлантууга жөндөмдүү, бирок эмнегедир дайыма бирөөнүн келип бактылуу кылышын күтөт.
Бир кезде адамдар сөзсүз эле бирөөлөр айткандай жашабай койсо болорун түшүнүшөт. Чындыгында баары жөнөкөй. Эрте туруп, кайсы бир гүл бакчада чуркап келүү оңой. Окуган да оңой, негизгиси бир нерсеге кызыгуу болуш керек. Карапайым жана куулук-шумдугуң жок болсо, досторду оңой табасың. Бардык иш оңой эле бүтөт. Болгону аракет керек.
Бардыгыбызды алдаса болот, бардыгы биз алданганга кандай деңгээде даярбыз жана чындыкты билгибиз келеби – ошого байланыштуу.
Үймөк чөпкө түшүп жоголгон ийнени чөптү өрттөп, күлдүн арасынан магнит менен издеп таап алса болот. Ошондуктан, жашоону татаалданта бербегиле!
Убактыбыз жетпейт деп айтпагыла. Бизге Микеланджелого, Леонардо да Винчиге, Альберт Эйнштейнге канча убакыт берилген болсо, ашык-кеми жок, дал ошончо убактыт бөлүнгөн.
Адамдар бир нерсени башташ үчүн идеалдуу учурду күтүшөт. Көңүлүңө түйүп ал: идеалдуу абал деген болбойт! Сага жок жерден эле асмандан мүмкүнчүлүктөр башыңа жаабайт. Баарынын башталышы – сенин жасаган биринчи кадамың.
Сүйүү – күтүүсүздүктүн бир түрү. Эл ичинде жүргөн эки адам бири-бирине кандайдыр бир себептер менен жолугушат да баш кошушат. Ошол аялдан башканы сүйбөйм деп айтышың мүмкүн, бирок сени ал аялдан да артык сүйөр бирөө бар, а сен аны менен бир да жолу жолуккан жоксуң.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ