АҢГЕМЕ
Мектеп окуу китебинде жазылган Ниномия Сонтокунун балалык чагы эмдигиче эсимден чыкпайт. Сонтокунун ата-энеси ушунчалык жарды болгондуктан, күндү күн дебей талаада иштеп, түндү түн дебей камыштан сапеки бут кийим түйчү экен.
Айтор, кара жанды карч уруп иштеп, ошол эле учурда өз алдынча тынбай окуп-чокуп, билим алыптыр. Элге антип өз эмгек, өз күчү менен аралашкан адамдардын андай окуясы кайсы китепте болбосун бар. Арийне, Сонтокунун минтип калк катарына кошулушу анын атагын арбытпай эле ата-энесинин кадырын түшүрөт. Анткени алар баласынын өз алдынча агарып-көгөрүшүнө жардам бермек түгүл, «жардан» ары түртүп, жолтоо болуптур.
Бул ата-эненин балага аткарар милдети, өткөрөр өтөлгөсү жагынан өтөле уят иш. Бирок биздин ата-энелер да, мугалимдер да ал жагдайды абайлабайт. Алар Сонтокунун ата-энеси аракеч болгонбу, кумарпоз болгонбу – баары бир деп көнүп алышкан.
Кеп алар жөнүндө эмес, Сонтоку тууралуу болуп атыр. Ал тартпаган азап, көрбөгөн кордугуна карабай, кара жанды карч уруп өз билимин өзү көтөрүп атпайбы. Биз, балдар, Сонтокунун ошол кажыбас кайратына карап түздөнүшүбүз керек. Мен бир четинен Сонтокунун ата-энесинин өзүмчүлдүгүнө билинер-билинбес суктанып кетем.
Чындыгында Кудай аларга жакшы уулду кут кылыптыр. Ал уул эмес, кул да болуп бериптир. Анысы аз келгенсип, кийин атагы таш жарып, ата-энесинин атын чыгарыптыр. Ата-энеге андан ийги ийгилик барбы? Бирок он беш жашка толуп-тололекте мен Сонтокунун түйшүгү түмөн кайратына сонуркаганым менен ал сыяктуу жарды-жалчы үй-бүлөдө төрөлбөгөнүмө жакамды карманып кетер элем. Канткен менен чынжырлуу кул ал чынжырдын чың болушун самайт.
Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.
[1] Ниномия Сонтоку (1787–1856) – Жапон айыл чарбасын кайра куруу теоретиктеринин бири. Анын идеялары өлкөдө ири мааниге ээ болгон.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR