Феминисттик темалардын көркөм адабияттагы мааниси, ролу

  • 12.05.2025
  • 2003

Феминисттик дискурстагы табу темалардын кѳркѳм адабиятта чагылышы: лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий анализ.

Феминисттик дискурстагы табу темалары аялдардын физиологиялык жана психологиялык өзгөрүүлөрүн көркөм адабиятта чагылдырууда маанилүү роль ойнойт. Кыргыз коомунда айыз, аял денеси жана коомдук стереотиптер сыяктуу маселелер жабык бойдон калууда.

Актуалдуулугу

Бул изилдөө Топчугул Шайдуллаеванын "Азапка салган айыз" аңгемесине негизделип, коомдук кабылдоо жана көркөм адабияттагы чагылдырылышын талдоого багытталган.

Натыйжалар

Аңгемеде башкы каармандын сезимдери жана коом менен болгон мамилеси аркылуу аял денеси тууралуу социалдык көз караштар берилген. Лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий талдоо кыргыз коомунун гендердик нормаларын ачып көрсөттү.

Корутунду

Изилдөө адабият аркылуу аялдардын физиологиялык табуларын ачык талкуулоо зарылдыгын белгиледи.

Түйүн сөздөр: феминисттик табу, көркөм дискурс, лингвокогнитивдик анализ, этнолингвомаданий аспект, аял денеси, гендердик табу, коомдук стереотиптер.

Киришүү

Табу – бул коомдо белгилүү бир темалар боюнча ачык айтууга тыюу салган маданий, диний же социалдык нормалар. Табу темалары айрыкча гендердик, сексуалдык, социалдык жана физиологиялык маселелерге байланыштуу болуп, алар тууралуу ачык талкуулоо көбүнчө коом тарабынан чектелип келген.

Феминисттик дискурс гендердик теңсиздикти жана аялдардын социалдык абалын талдоодо маанилүү роль ойнойт. Аялдардын физиологиясы, сексуалдык автономиясы, үй-бүлөлүк зомбулук жана коомдогу гендердик чектөөлөр сыяктуу маселелер феминисттик дискурстун негизги темаларынын бири болуп саналат. Бул темалар көбүнчө коомдо табу катары каралып, алардын ачык талкууланышы кыйынчылыктарды жараткан.

Феминисттик дискурста табу темалар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

  • Физиологиялык табулар: айыз, төрөт, боюнан түшүү жана менопауза сыяктуу темалар.
  • Сексуалдык жана репродуктивдик укуктар: Аялдардын сексуалдык тандоосу, контрацепция, бойдон алдыруу маселелери.
  • Гендердик зордук-зомбулук: Үй-бүлөлүк зомбулук, сексуалдык зомбулук, ар-намыс үчүн жасалган кылмыштар.
  • Социалдык жана экономикалык теңсиздик: Аялдардын эмгек рыногундагы дискриминациясы, гендердик төлөм ажырымы.

Көркөм адабиятта феминисттик табу темалар көбүнчө символикалуу же жашыруун формада берилет. Алар аялдардын турмуштук тажрыйбалары аркылуу сүрөттөлүп, каармандардын психологиялык абалы жана коомдогу гендердик мамилелер менен байланыштырылат. Феминисттик адабият бул табу темаларды ачык талкуулап, аларды коомдук аң-сезимге жеткирүүнүн натыйжалуу каражаты болуп эсептелет. Бул багыттагы чыгармаларда аялдардын үнү жана алардын коомдогу орду кеңири чагылдырылат.

Феминисттик дискурс гендердик маселелерди жана аялдардын укуктарын коргоо боюнча терең талкууларды камтыйт. Айрыкча, көркөм адабиятта бул темалар көбүнчө жашыруун же символикалуу формада берилет. Табу темалар – коомдук нормага каршы чыккан, ачык талкууланбай келген маселелерди камтыйт. Феминисттик адабият бул чектөөлөрдү бузуп, аялдардын үнүн жеткирүүнүн маанилүү каражаты болуп эсептелет.

Адабияттарга сереп

Бул изилдɵɵдɵ феминисттик табу темаларын анализдөөгө тиешелүү 9 илимий булакка кеңири сереп салынат.

Горшунов, Ю. В., & Горшунова, Е. Ю. (2020)  Англис тилиндеги эвфемизмдер жана дисфемизмдердин анализи аркылуу аялдардын физиологиясы тууралуу социалдык мамилелерди аныктаган изилдөө. Авторлор тилдик чектөөлөрдүн кантип гендердик стереотиптерди түзөрүн көрсөтүшөт [5, 33-42 бб.]. Горшунов, Ю. В., & Горшунова, Е. Ю. (2020) Англис тилиндеги эвфемизмдер жана дисфемизмдердин талкуулоо аркылуу аялдардын физиологиясы тууралуу социалдык мамилелерди аныктаган изилдөө жүргүзгɵн. Авторлор тилдик чектөөлөрдүн кантип гендердик стереотиптерди түзөрүн көрсөтүшөт [8, 143-146 бб.]

Бурчакова, М. Н., & Бурчаков, Д. И. (2019) Менструациянын ар кандай аталыштарын жана аялдардын жашыруун стратегияларын талдаган. Изилдөө гендердик тилдик өзгөчөлүктөрдү жана аялдардын коомдогу статусун изилдөөгө багытталган [4]. Коваль, В. И. (2010). Бул иште эркектер менен аялдардын тилиндеги эвфемизмдерди салыштыруу жүргүзүлгөн. Макалада гендердик тилдик өзгөчөлүктөр жана алардын социалдык чөйрөдө колдонулушу тууралуу талкуу бар [8, 143-146 бб.].

Улуттук лингвомаданияттагы аялдар дискурсундагы табу темалар боюнча Дүйшөналиева, Ж. А. (2018) Бул макала медициналык эвфемизмдердин өзгөчөлүктөрүн жана алардын окутуу процессиндеги маанисин карайт. Изилдөөдө лингвистикалык терминдердин кантип кабыл алынары жана алардын коомдук стереотиптер менен байланышы талдоого алынган [6, 197-199 бб.]. Абдраева, А. Т., & Мадаминова, Д. Б. (2018).

Бул изилдөө кыргыз, түркия жана англис маданияттарындагы лингвоэтнокультуралык табуларды салыштырат. Макалада аялдардын коомдук стереотиптери жана гендердик табу түшүнүктөрү да анализденген [1, 6-11 бб.]. Жаманкулова, Г. (2021). Кыргыз тилиндеги табу сөздөрдүн улуттук жана маданий өзгөчөлүктөрү изилденген. Бул эмгек кыргыз коомундагы аялдардын физиологиясына байланыштуу табулардын кандайча кабыл алынарын талдоого жардам берет [7]. Акылбекова, Г. Ш. (2013). Бул эмгекте тыйуу жана тергөө сөздөрүнүн лингвомаданияттаануу жагынан каралышы талданган. Элдик тыйымдарды иликтөөгɵ алган аял денеси жана репродуктивдик темалардагы тилдик өзгөчөлүктөрдү ачып аны тергɵɵнүн жолдору тууралуу сɵз кылат [2, 63-65 бб.]. Мамбаева, С. (2016) Кыргыз тилиндеги эвфемизмдерди англис тилине которуу маселеси каралып, феминисттик дискурстагы тилдик аспектилер анализденген. Изилдөө кыргыз жана англис тилдериндеги феминисттик дискурстун ортосундагы айырмачылыктарды көрсөтөт [9, 117-119 бб.]. Шерматова Ф. () “The female language in kyrgyz” макаласы кыргыз аялдарынын тили аркылуу алардын тең укуктуулук же теңсиздик психолингвистикалык жүрүм-турумун аң-сезимсиз кабылдоо механизмин изилдөөгө багытталган [10].

Изилдөөнүн боштугу

Тил илиминде дагы эле изилдөөгө муктаж көптөгөн маселелер бар. Кыргыз тилинин түзүмдүк өзгөчөлүктөрү кеңири изилденгени менен, айрым этнолингвистикалык көрүнүштөр толук чечмелене элек; анткени, адамдардын чындыкты кабылдоосу алардын ой жүгүртүү процесстерине байланыштуу, ал эми бул процесс колдонгон тил аркылуу калыптанат (Сепир-Уорф гипотезасы). Ар бир тилде этнолингвистикалык маалыматтар ар түрдүүчө көрүнөт. Кыргыз тилиндеги аң-сезимсиз жана жазылбаган этнолингвистикалык нормалар аялдардын жүрүм-турумуна түздөн-түз таасирин тийгизет.

Феминисттик дискурстагы табу темалар азыркы адабиятта жана коомдук талкууларда чоң орун ээлейт. Бул темалар аялдардын коомдогу орду, гендердик теңсиздик, зордук-зомбулук, сексуалдык эркиндик жана социалдык чектөөлөр сыяктуу маселелерди камтыйт. Адабият аркылуу бул темалар кантип чагылдырылганын талдоо, алардын коомго тийгизген таасирин түшүнүүгө жардам берет.

Азыркыга чейин кыргыз адабиятында феминисттик табу темалары боюнча лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий анализдер чектелген. Айыз, аял денеси жана гендердик табу маселелери кыргыз маданиятынын социалдык жана тилдик аспектилеринде кандайча чагылдырылганы боюнча терең изилдөөлөр жетишсиз. Ошондуктан, бул макала Топчугул Шайдуллаеванын "Азапка салган айыз" аңгемесинин негизинде улуттук лингвомаданияттагы аялдардын физиологиялык табулары кандайча кабыл алынганын жана алар көркөм адабий дискурта кандай чагылдырылганын изилдөөгө багытталган.

Изилдөөнүн максаты жана милдеттери

Максаты – феминисттик табу темалардын көркөм адабий дискурста кандайча чагылдырылганын лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий көз караштан изилдөө.

Милдеттери:

  1. Көркөм адабияттагы феминисттик табу темаларынын негизги түрлөрүн аныктоо.
  2. Табу темаларынын тилдик жана когнитивдик стратегияларын талдоо.
  3. Феминисттик табулардын маданий жана этнолингвистикалык аспекттерин ачып берүү.
  4. Феминисттик дискурсту чагылдырган көркөм тексттерди мисал катары карап чыгуу.
  5. Табу түшүнүгүн берүүдө колдонулган метафоралык жана концептуалдык моделдерди аныктоо.

Изилдөөнүн методу жана материалдары

Изилдөөдө лингвокогнитивдик жана этнолингвистикалык талдоо методдору колдонулат. Лингвокогнитивдик анализ аркылуу каармандын ички дүйнөсүн чагылдырган тилдик каражаттар изилденет. Этнолингвомаданий талдоо коомдун гендердик нормаларынын текстке тийгизген таасирин ачып берет.

Изилдөө материалына төмөнкүлөр кирет:

  • Топчугул Шайдуллаеванын "Азапка салган айыз" аңгемеси;
  • Феминисттик теориялар жана табу түшүнүктөрүнө байланыштуу илимий адабияттар;
  • Аялдардын физиологиялык өзгөрүүлөрүнө байланыштуу тилдик жана социалдык аспектилер боюнча жүргүзүлгөн мурунку изилдөөлөр.

Феминисттик адабияттын өнүгүүсү гендердик маселелерди талдоодо маанилүү булак болуп келет. Буга чейин аялдардын физиологиялык өзгөрүүлөрүнө байланыштуу темалар табу катары каралып, көркөм адабиятта көп учурда көмүскөдө калган. Лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий анализдерде аялдын образы жана коомдогу орду, айрыкча аял денеси менен байланышкан темалар изилденген. "Азапка салган айыз" аңгемесинде бул табу көрүнүштөр кыз баланын жетилүү процессин башынан өткөрүү учурундагы эмоциялык жана физикалык кыйынчылыктар аркылуу берилет.

Изилдөө методологиясы

Изилдөөдө лингвокогнитивдик жана этнолингвистикалык талдоо методдору колдонулат. Лингвокогнитивдик анализ аркылуу каармандын ички дүйнөсүн чагылдырган тилдик каражаттар изилденет. Этнолингвомаданий талдоо коомдун гендердик нормаларынын текстке тийгизген таасирин ачып берет. "Азапка салган айыз" аңгемеси негизги анализдик материал катары тандалып алынган.

Талдоо жана талкуу

  1. Аялдарга байланыштуу табу темаларды талдоо жана талкуу

Феминисттик табу темалар – бул коомдо ачык талкууланбай келген, көбүнчө жашыруун кармалган маселелер. Алардын көркөм адабиятта берилүү жолу ар түрдүү тилдик жана маданий стратегиялар аркылуу ишке ашат. Бул изилдөөдө аялдарга байланыштуу төмөнкү негизги табу темалар каралат:

  • Физиологиялык процесстер (менструация, төрөт, бойдон түшүү)
  • Сексуалдык зордук-зомбулук жана гендердик басмырлоо
  • Аялдардын коомдогу үнү жана социалдык изоляция
  • Аялдардын эмгеги жана үй-бүлөдөгү милдеттери
  • Гендердик теңсиздик жана коомдук стереотиптер

Табу темалар коомдук нормаларга ылайык ар кандай тилдик каражаттар менен берилет. Кээде алар метафора, эвфемизм же символика аркылуу кыйыр түрдө чагылдырылат, кээде таптакыр айтылбайт.

Алсак, Топчугул Шайдуллаеванын «Азапка салган айыз» аңгемесинде табу теманын чагылышы тɵмɵндɵгүдɵй жүрɵт:

1. Табу теманын сүрөттөлүшү

Аңгемеде табу тема кыздын айыз менен алгачкы жолу жолуккан учурундагы сезимдери жана анын коомдук чөйрөдө кабыл алынуусу аркылуу чагылдырылат.

  • "Алаасы бүт кан, кадимки кыпкызыл кан. Кыздын бүткөн бою титиреп, жан айласын таба албай алдастап калды. Бул эмнеси?"
    • Табу тема: Айыздын коомдо жабык тема катары кабыл алынышы, кыздын бул өзгөрүүгө түшүнүксүз реакциясы.
  • "Апасына билдирбей бир сыйра кийимдерин которуп кийди. Анан үйдүн артына акырын өтүп, арыктагы кол салса үшүткөн муздак сууга ичиркенсе да жуунду."
    • Когнитивдик белги: Кыздын реакциясы – коркуу, уялуу, жашыруу.
    • Этнолингвомаданий белги: Коомдогу улуулар менен мындай теманы талкуулоонун жоктугу.

2. Коомдук чектөөлөр жана табу

  • "Кан болгон көйнөгүнүн этегин көрсөтпөө үчүн мектепке кийчү кийимдерин кийип алды. Мындан башка айласы жок эле."
    1. Табу тема: Айыздын жашырууга тийиш болгон нерсе катары кабыл алынуусу.
    2. Когнитивдик белги: Коомдук нормага баш ийүү, кыжалат болуу.
    3. Этнолингвомаданий белги: Айыз темасы кыргыз коомунда уялуу, жашырууну талап кылган тема катары каралат.

3. Коомдук стереотиптер жана реакциялар

  • "Кызы жанына келсе да кир жууп аткан апасы ал тарапка жүз бурбады. Кызды карабай туруп: «Чоӊ чакага очоктогу казандан ысык суу апкел» деди."
    • Табу тема: Энелердин кыздарына айыз жөнүндө ачык айтпашы.
    • Когнитивдик белги: Кыздын айыз тууралуу билбестиги жана коркуу сезими.
    • Этнолингвомаданий белги: Кыргыз коомунда айыз тууралуу сырдашуу маданиятынын жоктугу.

4. Айызга байланыштуу психологиялык жана социалдык стресстер

  • "Бул азаптуу нерсе үч күнгө созулду. Кыз үч күн катар апасына обдулуп барып бул кайгысы жөнүндө айта албады."
    • Табу тема: Кыз айыз тууралуу сүйлөшүүгө уялат, коомдук кабылдоонун жоктугу.
    • Когнитивдик белги: Өзүнөн өзү уялуу, коомдун кысымын сезүү.
    • Этнолингвомаданий белги: Айыз – жеке маселе катары кабыл алынуусу.

Аңгемеде табу темалар кыргыз коомундагы аялдардын физиологиялык өзгөрүүлөрүнүн жашырууга жана коомдук көзөмөлгө алынышына байланыштуу берилген. Башкы каарман – тестиер кыз, өзүнүн табигый өзгөрүүлөрүн жашырууга, бул тууралуу айта албоого аргасыз болот. Лингвокогнитивдик жактан, анын уялуу сезими, коркуусу жана коомдун реакциясына болгон сезимталдыгы талданат. Этнолингвомаданий жактан караганда, кыргыз маданиятында аялдардын физиологиясы жашырууну талап кылган тема экендиги, энелер менен кыздар ортосунда бул тууралуу ачык маектин жоктугу ачык көрүнөт.

Бул анализ, айыз сыяктуу темалардын феминисттик дискурстагы маанилүүлүгүн, анын адабиятта жана коомдогу ордун көрсөтүүгө жардам берет.

Феминисттик табу темалардын көркөм адабий дискурста чагылдырылышын түшүнүү үчүн лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий методдорду колдонуп, төмөнкү негизги аспектилерге токтолобуз:

  1. Лингвокогнитивдик талдоо
  • Кан – бул окуяда физиологиялык, эмоционалдык жана социалдык символ катары берилет. Кыздын биринчи жолу этек кири келген учур анын коркуусун, түшүнүксүздүгүн жана жалгыздыгын көрсөтөт. Кан – аялдардын биологиялык өзгөрүүсүн чагылдырган табу элемент катары колдонулат.
  • Үнсүздүк – Кыз өзүнүн абалын апасына айтууга аракет кылганы менен, коомдук чектөөлөр анын үнүн басаңдатат.
  • Көзөмөл жана гендердик ролдор – Кыз физикалык жагынан алсырап турганына карабай, үй жумуштарын аткарууга мажбур. Бул патриархалдык коомдо аялдардын үнсүз баш ийүүсүн жана алардын иштери көбүнчө бааланбастыгын көрсөтөт.
  1. Этнолингвомаданий талдоо
  1. Кыздын көйгөйүн айтууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу – Этек кир тууралуу ачык сүйлөшүү көптөгөн коомдордо табу тема болуп саналат. Кыздын абалы коомдук стереотиптерден улам жашыруун бойдон калууда.
  2. Суу – тазалануу символу – Кыз кандын агышын жашырууга аракет кылып, муздак суу менен жуунат. Бул коомдо аялдардын денесин тазалоо аркылуу "уят нерсени" жашырууга болгон мажбурлоонун чагылдырылышы.
  3. Үндү басаңдатуу жана эмоционалдык четтетүү – Апасы кызын укпай, анын абалына көңүл бурбайт, бул ата-эне менен баланын ортосундагы эмоционалдык байланышты жокко чыгарат.

Таблица 1: Лингвокогнитивдик талдоо

Символ

Көркөм тексттеги мааниси

Лингвокогнитивдик түшүндүрмө

Кан

Физиологиялык өзгөрүү, уялуу, коркуу

Табу тема, аялдардын үнүн басаңдатуу

Суу

Тазалануу, жашырууга аракет

Коомдук нормаларга баш ийүү

Үнсүздүк

Кыздын апасына айта албагандыгы

Коомдук чектөөлөр, гендердик ролдор

Таблица 2: Этнолингвомаданий талдоо

Маданий код

Окуядагы көрүнүш

Символикалык мааниси

Тазалануу

Кыздын муздак сууга жуунушу

Аялдын "тазалануу" милдети

Эмоционалдык алыстык

Апасынын көңүл бурбоосу

Коомдук жана үй-бүлөлүк коммуникациянын жетишсиздиги

Коркуу жана басынуу

Кыздын өзүн коркунучта сезиши

Аялдардын көйгөйлөрүн жашыруусу

Бул талдоо көркөм адабияттагы феминисттик табу темалардын кандайча чагылдырылганын түшүнүүгө жана аялдардын социалдык абалын тереңирек кароого мүмкүндүк берет.

Изилдөөнүн табылгалары жана тыянактар

Бул изилдөө феминисттик табу темалардын көркөм адабиятта кандайча берилерин жана алардын лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий өзгөчөлүктөрүн талдоого багытталган. Аңгемеде кыздын организминдеги өзгөрүүлөрдү түшүнбөгөндүгү, анын бул жөнүндө эч кимге айта албагандыгы жана социалдык изоляцияга туш болгондугу аялдардын үнүнүн коомдо кандайча басаңдатыларын айгинелейт.

Изилдөөнүн негизги табылгалары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  1. Физиологиялык табу жана анын адабияттагы чагылдырылышы
    • Аңгемеде менструация табу катары берилген. Кыз бул процесс тууралуу эч нерсе билбейт, аны коркунучтуу нерсе катары кабыл алат. Аялзатынын табигый физиологиялык процесстери тууралуу маалыматтын жетишсиздиги жана коомдогу ачык дискуссиянын жоктугу анын психологиялык басмырлоого туш болушуна алып келет.
    • Көркөм адабиятта мындай темалар көбүнчө жашыруун, кыйыр жана метафоралуу түрдө берилет.
  2. Гендердик социализация жана аялдардын үнүнүн басаңдашы
    • Кыз апасына бир нече жолу кайрылууга аракет кылганы менен, анын үнү угулбайт. Апасынын кайдыгер реакциясы аялдардын социалдык чектөөлөргө туш болгонун жана алардын эмоцияларын ачык айтууга мүмкүнчүлүк берилбегенин көрсөтөт.
    • Үнсүз аял образы көркөм адабиятта кеңири таралган феномен. Бул аялдардын коомдогу ролу жана алардын көйгөйлөрүнө карата мамиле кандайча калыптанарын түшүндүрөт.
  3. Үй-бүлөлүк жана социалдык милдеттер
    • Кыз өзүнүн физикалык жана психологиялык жагдайына карабай, үй жумуштарын аткарууга мажбур. Бул коомдогу гендердик эмгек бөлүштүрүүнүн көркөм адабияттагы чагылдырылышы болуп саналат.
    • Үй-бүлө мүчөлөрү анын абалына көңүл бурбайт, кыздын жашоо шарты патриархалдык коомдун аялдарга болгон талаптарын көрсөтүп турат.
  4. Коомдук стереотиптердин психологиялык таасири
    • Кыз мектепке барганда өзү жөнүндө айтуудан коркот, себеби коом аны түшүнбөйт деп эсептейт. Бул аялдардын өз көйгөйлөрүн коомдо талкуулоого мүмкүнчүлүгү жоктугун далилдейт.
    • Биологиялык өзгөрүүлөр уят нерсе катары каралып, бул анын психологиялык басмырлоого туш болушуна алып келет.
  5. Лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий анализ
    • Аңгемеде менструация тууралуу ачык текст жок, анын ордуна метафоралар жана кыйыр билдирүүлөр колдонулат.
    • Аялдардын денеси жана физиологиялык процесстери тилде көп учурда жашыруун же табу катары кабыл алынат.

Тыянактар

Бул изилдөөнүн жыйынтыктары феминисттик табу темалардын көркөм адабияттагы маанисин жана аларды берүү жолдорун көрсөтүп турат. Аңгеме коомдогу аялдардын үнсүздүгү, гендердик ролдордун бекемделиши, биологиялык процесстердин табу болушу жана аялдардын эмоциялык басмырлоосу сыяктуу бир катар маселелерди чагылдырат.

Негизги тыянактар:

  • Феминисттик табу темалар адабиятта кыйыр жана метафоралуу түрдө берилет.
  • Менструация сыяктуу физиологиялык процесстер тууралуу маалыматтын жетишсиздиги аялдардын коркуу жана социалдык изоляцияга туш болушуна себеп болот.
  • Үнсүз аял образы адабиятта стереотиптик көрүнүш катары колдонулуп, коомдук гендердик кысымды чагылдырат.
  • Гендердик социализация кыздардын жаратылышына каршы келген социалдык күтүүлөрдү бекемдеп, аларды эмоциялык жана физикалык жактан басмырлайт.

Бул изилдөө көркөм адабияттагы феминисттик дискурсту терең талдоого өбөлгө түзүп, аялдардын үнүн жана алардын социалдык статустун адабияттагы чагылдырылышын кеңири изилдөө зарылдыгын көрсөтөт.

Сунуш жана Корутунду

Сунуштар (suggestions)

Бул изилдөө феминисттик табу темалардын көркөм адабий дискурста чагылдырылышын анализдөө аркылуу аялдардын коомдук, маданий жана психологиялык абалын түшүнүүгө салым кошот. Изилдөөнүн негизги табылгаларына таянып, төмөнкүдөй сунуштарды берүүгө болот:

  1. Билим берүү тармагында гендердик тарбияны күчөтүү
    • Кыздардын өсүп-жетилүү процесстерине байланыштуу маселелерди мектеп программасына киргизүү керек.
    • Аялзаттын физиологиялык өзгөрүүлөрү тууралуу ачык маалымат берүү, бул теманы нормалдуу жана табигый процесс катары кароо – гендердик табуларды жоюунун бир жолу.
  2. Адабиятта гендердик табу темаларды кеңири чагылдыруу
    • Аялдардын денесине, биологиялык өзгөрүүлөрүнө жана коомдогу ордуна байланыштуу аңгемелер, повесттер жана романдар аркылуу ачык дискурс түзүү зарыл.
    • Жазуучуларга жана адабиятчыларга феминисттик адабий анализди жүргүзүү боюнча илимий колдоо көрсөтүү.
  3. Социалдык коммуникациядагы өзгөрүүлөр
    • Үй-бүлө ичинде ата-эне жана балдар ортосунда ачык сүйлөшүү маданиятын калыптандыруу.
    • Энелерге жана кыздарга арналган семинарларды өткөрүү, бул темада ачык дискуссияларды жүргүзүү.
  4. Көркөм адабий дискурста феминисттик табулардын символикалык жана метафоралык чагылдырылышын терең изилдөө
    • Лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий анализдер аркылуу көркөм тексттерде аялдардын үнүнүн басаңдашы же коомдук стереотиптерге байланган табулардын кандайча берилгенин аныктоо.
  5. Аялдардын ден-соолугу боюнча илимий жана социалдык изилдөөлөрдү көбөйтүү
    • Кыздардын жана аялдардын психологиялык абалын түшүнүү үчүн коомдук жана медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүү керек.
    • Менструация сыяктуу маселелер боюнча социалдык кампанияларды уюштуруу.

Корутунду. Бул макала феминисттик табу темалардын көркөм адабиятта кандайча чагылдырылганын лингвокогнитивдик жана этнолингвомаданий анализ аркылуу изилдеди. Аңгемеде кыздын физиологиялык өзгөрүүлөргө туш болгон учурлары анын коомдогу стереотиптердин, билимдин жетишсиздигинин жана ата-энелик баарлашуунун жоктугунун курмандыгы экенин көрсөттү.

Изилдөө төмөнкү жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүнчүлүк берди:

Феминисттик табу темалары адабиятта кыйыр же жашыруун формада берилет. Бул темалар коомдук чектөөлөрдөн улам ачык талкууланбайт.

Аялдардын үнү адабиятта көп учурда басаңдатылган же четке кагылган абалда берилет. Аңгемеде Бүайшанын үнү эч ким тарабынан угулбай, ал өз көйгөйүн жалгыз башынан өткөрүп, эмоционалдык жана психологиялык травмага дуушар болот.

Көркөм тексттерде гендердик социализациянын орду чоң. Аялдар коомдо берилген милдеттерин аткарышы керек деген түшүнүк бул аңгемеде да чагылдырылган.

Табу темалардын берилүү формалары көбүнчө символикалуу жана метафоралуу. Бул көрүнүш көркөм тексттердин лингвокогнитивдик анализине тереңирек кирүүгө түрткү берет.

Жыйынтыктап айтканда, феминисттик табу темалар көркөм адабиятта көп кездешкен, бирок аларды берүү ыкмалары дагы эле чектелүү. Аларды изилдөө, коомдук дискуссиялар аркылуу талкуулоо, билим берүү жана адабият аркылуу феминисттик табуларды ачыктоо зарыл. Бул аялдардын үнүн чыгарып, алардын укуктарын жана социалдык ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Феминисттик дискурстагы табу темалар көркөм адабият аркылуу кеңири чагылдырылып, коомдук аң-сезимди өзгөртүүдө чоң роль ойнойт. Бул чыгармалар аркылуу аялдардын укуктары жана эркиндиги боюнча маселелер кеңири талкууланып, гендердик теңдикти камсыздоого салым кошулат. Ошондуктан, феминисттик адабиятты изилдөө жана жайылтуу заманбап коомдун өнүгүүсү үчүн маанилүү болуп саналат.

Гүлнара Акылбекова, Ош мамлекеттик-педагогикалык университетинин окутуучусу

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Колдонулган адабияттардын тизмеси

  1. Абдраева, А. Т., & Мадаминова, Д. Б. (2018). Киргизские лингвоэтнокультурные запреты с точки зрения турецкой и английской ментальности. Современные тенденции развития науки и технологий, 1, 6-11.
  2. Акылбекова, Г. Ш. (2013). Тыйуу жана тергөө сөздөрүн лингвомаданияттаануу багытында иликтөө. Известия Кыргызской академии образования, 3, 63-65.
  3. Бугниак, С. В. (2021). Табуирование женской физиологии в русской лингвокультуре. Язык и культура: взгляд молодых. Материалы IV Международной научной студенческой конференции «Язык и культура: взгляд молодых» в рамках XXII Кирилло-Мефодиевских чтений, 92-95. Москва: Государственный институт русского языка им. А. С. Пушкина.
  4. Бурчакова, М. Н., & Бурчаков, Д. И. (2019). "Мурсики" и другие "гости": Как женщины называют менструации. Женское здоровье и репродукция, 1(32).
  5. Горшунов, Ю. В., & Горшунова, Е. Ю. (2020). Английские эвфемизмы и дисфемизмы на тему физиологии женщины (менструация). Австрийский журнал гуманитарных и общественных наук, 9-10, 33-42.
  6. Дуйшеналиева, Ж. А. (2018). Особенности в обучении медицинских эвфемизмов. Вестник Кыргызской государственной медицинской академии имени И. К. Ахунбаева, 1, 197-199.
  7. Жаманкулова, Г. (2021). Национально-культурная особенность табу в кыргызском языке. Наука. Образование. Техника, (2).
  8. Коваль, В. И. (2010). К вопросу об эвфемизмах в женской и мужской речи. Известия Гомельского государственного университета имени Ф. Скорины, 2(59), 143-146.
  9. Мамбаева, С. (2016). Euphemisms and their translation from Kyrgyz into English. Вестник Бишкекского гуманитарного университета, 3-4(37-38), 117-119.
  10. Шерматова Ф ().The female language in Kyrgyz https://www.academia.edu/upload/document

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз