... Кыргыз кылымдар бою мал чарбачылык менен алектенип, бактысын, келечегин, байлыгын колундагы малынын саны менен ченеп көнгөн. А большевиктик-коммунисттер келгенден тарта жалпы элибиз жеке менчиктен кол жууп, төрттүлүк малын коллективдик чарбага өткөрүп берүүгө аргасыз болуп, эл мамлекеттин малын баккан тартип орнотулган.
Кимде-ким малын бербесе, кулакка тартылып, ошондон улам элдик кыймылдар, нааразылыктар күчөп, айбаты жеткендер мал-мүлкүн коргоп, большевиктерге каршы элдик көтөрүлүшкө чыгууга аракет кылып, бирок Кызыл Армия, НКВДнын аёосуз наадандыгы менен баарысы майтарылган.
Үйүндө чычкак улагынан өйдө коллективдүү чарбага деп тартылып алынган соң элди жапырт ачарчылык каптап, мамлекеттик машинеге кул болуу саясаты бекем орной баштаган. Эң каргашалуусу – бай-манаптын баарын каралоо саясаты кеңири масштабда улантылып, аларды «басмачы» деген жарлык менен элге мокочо көрсөткөн наадандык күчөгөн. Далайын Украинага сүргүнгө айдашып, ар бир үйбүлө кан жутуп отуруп калган өткөн тарыхыбыздан бүгүн да сабак албаганыбыз өкүнүчтүү!
Баарынан өкүнүчтүүсү, ошондогу «басмачы» деген жарлык тагылган бабаларыбызды келечек муунга да жек көрүндү кылып көрсөтүү үчүн кино тасмалар, көркөм адабияттар пропаганданын күчү менен жазылып, аларды зөөкүр, караңгы, зордукчул деген терс каарман катары көрсөткөн саясат бүгүнкү күнгө чейин жаш муундун аң-сезимин ууктурган көрүнүштөрдөн арылбай келебиз…
Элден топтолгон түмөндөгөн мал эти түз эле Маскөөнү көздөй жөнөтүлүп, өкмөттөн жеке менчик мал кармоого чектөөлөр киргизилген. Менчик мүлккө болгон чектөөлөр совет өлкөсү кулап калганга чейин токтобой, эл массасындагы кедейчиликтин кесепети бүгүнкү күнгө чейин тийүүдө. Мал-мүлк менен катар өкмөттүк план дегени чыккан. План боюнча эт, жүн нормасы толбой калса, куураган эл төшөнчүсүн сыйрып, жүнү тургай пахтасынан өйдө план толтурууга аргасыз болушканы – мамлекеттик террор эмей эмне?
Мындай зомбулугу күч большевиктик коммунисттер эл ичинде атайы баканооздорду көбөйтүп, ошол баканооздор кимдин үйүндө мал-мүлк көрүнсө, бийлик өкүлдөрүнө шыбырап турушкан. Мындайча айтканда, алар большевиктердин эл арасындагы тыңчысына айланышкан. Баканооздордун көзүнө ашык малың илинип калса эле милийсасы келип ой-боюңа койбой күчкө салып, малыңды айдап кетишчү. Элди ошол саясат тоноп, ырыскысынан ажыраткан үчүн элибиздин басымдуу бөлүгү ушул күнгө чейин бей-бечара жашоосунан арыла элек.
Ушул күнгө чейин эл каймагы делген интеллигенция өкүлдөрүнүн биографиясы менен таанышсаңыз, эл жакшыларынын баары кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан дегенди окуйсуз. Мунун өзү – кедейчилик совет коомунда норма катары кабыл алынсын үчүн атайы саясый технология болгондур!
* * *
Эч ким жарытып мал топтой алчу эмес, ошол көрүнүшкө биздин үй-бүлөдөгү бир окуяны мисал кыла кетейин. Атамдын көзү барда куралган бир аз малыбызга да көздөрүн арткан коммунисттик системада гуманизм болсо: балдары жетим апабыздай канчалаган жесирлерге боорлору ачыйт эле го!
Корообузда жалгыз бээбиз, эки уйубуз, 10-15тей койубуз бар эле. Бир күнү эттин планы жетпей жатат деген тапшырыкты угуп калган апам кургур бооз кунаажыныбызды жашыра албай куураганын кантейин. Атам барда полу бүтпөй калган үйүбүзгө бооз кунаажынды камап, эшигин таар менен жаап-жашырып койду байкуш апам. А бир бөлмөсүндө өзүбүз жашачубуз. Үйүбүз болгону эки бөлмөлүү. Биз да апам менен кошо чебелектеп, тууй турган кунаажыныбызды милийсалар көрүп койбосун үчүн жем-чөбүн, суусун түн ичинде чакалап ташып багып жүрдүк Табылды байкем экөөбүз.
Текшерүүчүлөр үй-үйлөрдү кыдырып бүткүчө; малыбызды тарттырып ийбеш үчүн 4-5 күнчө үйгө жашырганыбыз эсимде. Кылымдар бою малдан жыргап келген элибиздин башына азап салган коммунисттер корооңдо малыңдан өйдө санакка алып турса, кантип азап жебесин?!
Ашыкча малын суук көздөн жашырып-жаап, ичинде кыпылдап жашаган эл оозунан «малдын бары да азап, жогу да азап» деп ошондон улам айтылса керек ко! Болбосо, кыргыздын илгертен келген төл түшүнүгүндө амандык сурашканда эмне үчүн «мал-жаның аманбы?» дешкенин бүгүн көбү түшүнбөй да калды…
Ал-абал сурашкандын терең мааниси – малың болбосо күнүң өтөбү? Малың болбосо малайсың, кем-карчың мал туягы менен эсептелип, эл менен алака мамиле түзүүдө мал – акчанын ролун аткарган. Ал тургай тууганчылык мамиледе, той-топурда бирине бири мал энчилегени бүгүнкү тил менен айтканда, инвестиция эмей эмне?..
Ошондогу бизге бай-манаптарды каралап, эл душманындай сыпатташканын элибиздин калың катмары алигиче түшүнүп-аңдабай келет. Ал заманда завод-фабрика деген жок, элге жумуш орунду кимдер камсыздаган? Оболу, колунда барлар элге жумуш берип, малын бактырып келген кыргыз турмушун коммунисттер теңирден тескери түшүндүрүп, байларды карапайым элдин таптык душманы деп келишпедиби!
Карапайым элдин канын ичкендер бай-манаптар болгон деген жалган түшүнүктү аң-сезимибизге сиңирип, ушул күнгө чейин бай-манаптарды эл багар эмес, элдин душманы катары көрсөтүшкөн. А элди байлардын малайы деген акыйкатсыздыкты орнотушканычы! Албетте, бай-манаптардын арасында да каратаман элдин убалынан коркпогондору болгон, алар элдин мээнетин жеп, көз жашынан корккон эмес. Бирок адамдык фактордо мындай көрүнүштөр кайсы элде болбосун кезигишет.
Бүгүнкү күндө деле элге жумуш берүүчүлөрдүн арасында андай алдамчы шылуундар биздин эле коомдо эмес, өнүгүп-өскөн укуктуу мамлекеттерде деле кездешип, андай шылуундук менен соттолуп кеткендер 21-кылымда деле кайда болбосун кезигүүдө…
Андыктан бай-манаптын баары элдин жонунан кайыш тилген деген бир беткейликти коюп, тескерисинче, элдин жонунан кайыш тилген коммунисттердин наадандыгын ак-карага ажыратканды үйрөнсөк. Элди сыздатса бирин-экин бай-манап сыздаткандыр, бирок коммунисттердин бүтүндөй мамлекеттик машинеси сыздаткан, шорлотконундагыдай карөзгөйлүктүн алдында азыноолак бай-манаптардын адилетсиздиги суу да кечпейт!
«Бир карын майды бир кумалак чириткендей», жалпы бай-манапка доо кетирген жалган жалаадан улам бүгүнкү күнгө дейре бай-манаптарга болгон каралоолор өчө элек.
* * *
Бай-манаптар болбосо элдик оозеки улуу мурастарыбыз, элдик өнөрпоздордун, уздардын, усталардын эмгеги сакталып калат беле деген суроонун тегерегинде да анализ кылып көрөлүчү, урматтуу окурманым! Макул, бай-манаптарыбыз Европа менен Батыштын ак сөөктөрүндөй театр, музей курбаптыр дейли, акындарга, композиторлорго, сүрөтчүлөргө акы төлөп опера жаздырып, искусство жаратмандыктарына шарт түзүп бербептир дейли, бирок илгерки чоң энелерибиз, уздар, саймачылардын колу менен жасалгаланган кереметтүү боз үй кооздуктары асмандан түшүп калган жок да!
Колунда барлардын өргөөсүндө не бир өнөрпоздор, усталардын колунан чыккан сандыктар, үй эмеректери, кереге-ууктар, ээрлер, деги койчу, күнүмдүк тириликке колдонуучу, бүгүн «Супара» этно-комплексинин музейинде тизилген буюм-тайымдардын баары кайдан чыккан деп ойлойсуздар?..
Албетте, оболу бай-манаптардын чачпагын жайышып келген кол өнөрчүлөрдүн көөнөргүс мурастары алардын баары! Таабалды байкем жер-жерлерден жыйып-терип келген бабалар мурасы, табериги анын баары!
Эми элдик оозеки мурастарыбызга келсек, манасчы, дастанчы, комузчу, төкмө акын, ырчы-чоорчу, кыл кыякчы, кошокчунун баары бай-манаптардын өргөөсүндө өз өнөрүн көрсөтүп келишкенин улуу муундагы эл шайырларынын оозунан угуп, окуп жүрөбүз. Демек, бай-манаптарды элибизге жумуш берүүчү эл багар гана эмес, элдик дөөлөт, мурастарыбызды өнүктүрүп-өстүрүп келген десек болот.
Саякбай, Тыныбек, Калыгул, Арстанбек, Жеңижок сыяктуу улуу өнөрпоздор баш болгон манасчы, олуя, акын, ырчы, комузчулардын баарынын алдына ат тартып, үстүнө тон жаап келишкен алар. Албетте, алардын арасында эшик ырчы атка конгон кошоматчылары да чыккан, Токтогул сыяктуу бекзадалардын бетине чындыкты айтып камалгандары да болгон, бирок анысына да, мунусуна да байге бөлүштүрүп, өзүнүн тартуу-белеги менен элдик өнөрпоздорду ичинтип, тоюнтуп келгендер дал ошол коммунисттер бизге мокочо көрсөткөн бай-манаптар, бектер болушканын да унутпайлы!
Манасчы, дастанчы, төкмө ырчыларды аш-тойлордо ырдатып, чыгармачылык атаандаштыкты жаратууда да колунда барлар бирине бири атаандашып, кээси жердин түбүнөн болсо да элге төбөсү көрүнгөн өнөрпоздорду алдыртып келген замандар бүгүнкү оозеки чыгармачылык өнөр ээлеринин башат булагы эмей эмне анан?..
* * *
Андан бери канча заман өттү. Кыргыздын басымдуу бөлүгү дале келечегин малсыз элестете албайт. Азыр аймактарда жер иштетип байыган адамдардан да үйрөнөр нерсебиз көп, бир гана төрт түлүк малдын көзүн карабастан, бизнестин жаңы түрлөрү пайда болду. Бирок ошол эле маалда түмөндөгөн малы жайнаган кээсин карап отурсаң, мал ээсине кызмат кылбай эле, ээси малына кызмат кылып жүргөндөрдү көргөндө кейийм.
Байлык адамдын өзүнө кызмат кылбаса, анын эмнеси байлык? Мал туягын санап, малынын санына кубангандардын кээси өз ден-соолугуна, балдарынын илим-билим алуусуна жумшабай, үй-бүлөсүн жайдыр-кыштыр малдын түйшүгүнө салып коюшканына түшүнбөйм. Жадагалса ошондой көпөс байлардын кээси үй шартын түзүп, үйүнө туалет орноттуруп, үйүнөн ысык-муздак суу чыгартып албагандан кийин андай мал-мүлктүн пайдасы эмне?! Мындай көпөстөрдү байлыктын кулу дегенден башка не дей алабыз?..
Убагында Табыкем экөөбүздү да апам ыраматылык малга кул кылып айылга алып калган жок. Мен жаш кезимде эле ушуну түшүнүп, шаарга кетип калгам. Ошондо апам «кой балам, барбай эле мени бак» деп кыстаса, айла жок, мен да бүгүн Суусамырда мал багып жүрмөктүрмүн. Ошон үчүн апама миң мертебе алкыш дейм, болбосо «Шоро» компаниясын деле кайдан жаратат элек…
Бул үзүндү белгилүү бизнесмен Жумадил Эгембердиевдин JARATMAN китебинен алынды. Аталган китепти сатып алууну каалагандар +996 700 532 585 номуруна чалыңыздар. Бишкек шаары боюнча жеткирүү кызматыбыз бекер.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR