Махабат Алымбекова: Эски керебет (№105)

  • 08.05.2020
  • 6939

АҢГЕМЕ

- Муну эмне кор кылып мал короого коюп салгансың? Кереги жок болсо алып кетем үйгө эле! Бул деген улуу кайнагаң менен тең буюм, ошол төрөлгөндө сатып алгам муну!

Кемпир ичи ачыша сүйлөнүп, келинине нааразы боло кулжуңдап, короонун бир бурчундагы дат баса түшкөн эски темир керебетти кармалап атты.  Чыны менен ичи ачышты, алып кетип калбасабы!

Келин мурчуя түштү өзүнчө. “Кара муну... жада калса болбогон бир эски керебетин да бергиси келбей! Жөн кой, бербей коёюн да...  Жайында үстүнө курут жайып кургатса болот да буга!”

- Жоо апа, ал мага керек, жакында үйдүн ичин ремонттогон атам, ошого карап чыгарып койгон элем да! Бул керебет мага аябай керек...  - дегени менен ичинен ойлоп атты, “мунун эмнесин  үйгө алып кирмек элем, үйдө буга орун да жок!”

 - Ии, алып киресиңби үйгө?.. - кемпир үмүттөнө сурады. 

 - Ооба апа, эртең эле... 

Бирок эртең эмес, эки жума өтсө да керебет үйгө киргизилген жок.  Кемпир келининин үйүнө канча жолу келсе, керебет ошончо жолу короодо турду дат басып. Ичи түтпөйт, же келининин бетине айта албай жүрдү да, бир күнү “эмне болсоң ошол бол” деп келин жумушта жүргөн кезинде керебетти айтпай-дебей арабага салып сүйрөп кетти үйүнө. Баарынан кызыгы, келин жүмуштан келгенден кийин деле, андан кийинки күндөрдө деле  мал короонун бир бурчунда туруучу эски керебеттин бар, жогун элес алган жок. 

Анткен менен кемпир алып келген чоң үйдө деле керебетти сыйлуу орун күтүп турбаптыр... Ушунун айынан үйдөгү келин-уулу менен бир топ талашып-тартышкан соң, уулу бул эски керебетти курулуш үчүн шагыл, кум элегенге эң ылайыктуу буюм деп тапты да, ага чейин дагы бир керекке жарай турсун деп, огороддун четин тоскон кашаага кошуп чырмап байлап салды. Мына сага! Тосмо болбосоң коё  кал!

Келин-уулунун керебет тууралуу чыгарган бүтүмү эң эле жүйөлүү болсо да, кемпир өз ичинен аябай жапа чегип жүрдү ушул нерсеге... Ошол эски керебет менен кошо өзүнүн энелик кадыры, сыйы кошо чырмалып калгансып эле, тосмого байланган керебетти көргөн сайын жүрөгү  сыздачу болуп алды. Көргөн сайын бушайман! Деги эле ушул үй курулганы бушайман... Бала-чакасы баарылап кеңешкен да, эненин илгертен бери сонун колдонуп келе жаткан эмеректерин эски сарайга тыгып салышып, дүнүйөсү ашынып тургансып, баарын кайра баштан жапжаңы сатып келип коюшту. Жаңы болбой курусун! “Ага тийбе...  муну кармаба...  ал эскирип калат...  тиги бөлмөгө кирбе!”деп атышып бала-чаканы да кууратып ийишти. Бала-чака эмне болуп калыптыр, кээде кемпир деле өзүн коомай сезип, кандайдыр бөлөк бирөөнүн үйүндө жүргөнсүйт... Бирок тиги керебет эне каалап аткан соң үйгө киргизилиши керек эле го? Бу кандай... Көп деле нерсе каалаган жок эле го?

... Нааразылыгы күчөгөндөн күчөй берди кемпирдин. Бара-бара ич күптүсүн капкайдагы бир казан-аяктан чыгарчу болду, туруп-туруп эле калдырттай түшөт. Бирок керебет тууралуу ооз ачпайт деле. Калп айткан менен болобу, келини экөөнүн аралары муздай түштү. Шылтоо болсо эле серпилишип, зирпилдей түшүшөт бири-бирине. Мындайда келин чындап нааразы; жазыксыз өзүн ойлоп. Уулдун да аргасы кетти, эки бирдей жанындай көргөн адамдарынын кимисин тыярын билбей. Айтып көрдү: “... теңелбечи эми, унчукпай кой сен, ал биздин эне го...” деп далай ирет. Муюп эле калгансыйт да, бир күнү кайра башталат!

А сөз кылынбаган, эстелбеген эски керебет тосмого бек чырмалып турат дагы эле... 

Каап болбоду, акыры чындап эле чоң жаңжал чыкса болобу! Болбогон бирдемеден чыкты чыкканда да... 

 - Муну жөн эле койсоңуз болмок, ары-бери жылдырбай...  - сөз ашканадагы чай ичилчү чоң стол жана отургучтар тууралуу болуп жаткан. 

- Эмнеге жөн коём? Ушундай турганы оң болуп атпайбы, кенен болуп... 

 - Ары-бери басканга жолтоо кылып... Так ортого коюп алган кантип болсун!

-А келин, сен эмине ыя!? Өз үйүмдөгү оокаттарды өзүм кармай аламбы же жокпу?!

 - Мен үйүңүздү талашып аткан жерим жок, болгону туурасын айттым!!!

Кудай бетин салба! Жаңжалдын аягы күчөгөндөн-күчөп, ачуу аралаш капкайдагы кептин баары сүйлөнүп калды... Айтылбачу сөз айтылды! Аягы келиндин кетиши менен бүтмөй болду. Кеткенде да, “келбейм” деп чекит коюп, анан кетти.  Алмончоктой жарын кыя албай, артынан уул да кетти, энесин башка бир эркек бир тууганына бек табыштап алып, ичинен түтөп... 

А кемпирчи... жүрөгү сыздап, кээ бир түндөрдө санаага батып уктабай да чыгат, ушуну каалаган эмес эле го... Кантип ушуга жетишти, каап айе... Бирок сыртынан сыр бербей зымырая, унчукпай, үй ичин колго алды тез эле. Өзүнүн сарайда жаткан эски эмеректерин жууп, тазалап, үй ичине коё  баштады анан. Кийинчерээк кемпирдин жанына баягы билип-билбей керебет талашкан келини көчүп келди. Тоба, күндүн үчтөн экисин ишинде өткөрүп, тирилик менен анча деле алакасы жок ушу келиндин. Башынан эле ошондой болчу... Мейличи...  Айтор эмнеси болсо да, кемпир ушул күндөрү үй ишине баш-оту менен киришип, кайраты ашып, аябай жигердүү аракетте жүрдү.  Жанындагы келинге сарайдан илгерки үкөгүн тышка чыгартып, жуудуртуп, тазалатып, келиштире сырдатты да, кургаган соң үйгө киргизди.

Эстеди, оо илгери эч кимде мындай буюм жок кезде күйөөсү экөө ушуну сатып алышканын! Кошуналары буларга суктанышканын... 

Эмки кезек керебетке келди баягы.  Бирок негедир ошону үйгө алып кирүү тууралуу айтууга батынбай туруп алды... Анан мобу келиндин жумушка кетишин күттү.  Кетсин... 

*     *     *

 - Көрдүңбү? - кайненесинин көздөрү бир башкача күлмүңдөп, чай ичип отурган экен келин иштен келгенде. Түшүнө берген жок. 

 - Эмнени, апа?

 - Жүктү. 

 - Кайсы жүк?

 - Карап көрсөң барып, тиги мейман бөлмөдө... 

Келип иштин чоо-жайын көргөн келин жаны кашайды адегенде, көргөнү бир укмуштай иренжитип да жиберди. Бирок бир топко ойлонгон соң, унчукпай ичтен тынып тим болду.  Конок бөлмөнүн бир капшытында баягы керебет турат да, үстүндө үйдөгү болгон-бүткөн жууркан аттуулары ирети менен жыйылып, аз келгенсип бажырайган гулдөрү бар кооз кездеме менен жабууланыптыр! Эми эмне кылмак эле... Мейли, тура турсунчу азырынча, майрыйса деле. Бир күнү эшикке чыгарып салат да күйөөсүнө айтып туруп!”

... Күндөр өтүп атты.  Тиги келин адатынча түмөн-түйшүгүнө берилип, кайра эле унутуп койду керебет тууралуу. Керебеттин багы эми чындап ачылды белем, үстүндөгү жүк-мүгү менен ар кайсы бөлмөлөрдө ордун алмаштырып жүрдү тез-тез. Ал түгүл бир күнү үйдүн экинчи кабатына чейин чыгып, бир бөлмөдө баягы жүк-мүгү менен турганын көрдү келин.  Ушунда бир кызык абалга кептеле түштү да, эми керебетти эшикке чыгарып салуу тууралуу сөз кылууга да болбосун түшүндү! Түңүлдү ал оюнан! “Кудайга тобо! Деги биздин уктоочу бөлмөгө алып кирбесе болгону го...”деп койду ичинде. 

Арадан бир далай айлар өтүп кетиптир, күндөрдүн биринде көчөдөн жаңы келген келин көргөн көзүнө ишенбей, кайра бир карап алды! Уйдөгү баягы керебет сыртка чыгарылып, дубалдын түбүнө коюлуп калыптыр! “Эмне болду?! Бирдеме болгонбу...  Бирөө келдиби же...” Шашып, үй ичин карай тез-тез адымдады. Жок.  Тынччылык эле окшойт.  Эне эпилдеп камыр ийлеп атыптыр... Келин көөнү жайлана түшкөнү менен, керебет тууралуу ооз ачып сураган да жок.  Өзүнчө мулуңдап кубанып алды... 

Комментарий калтырыңыз