Евгений Евтушенко: Айнек артындагы балдар

  • 18.07.2021
  • 3314

Мындан бир топ жылдар мурун Австралиядан үйгө кайтып келе жаткан элем. Самолётто менин жанымда - чымыр, кызыл жүздүү, ден соолугу чың, жаш баладай бардыгына таң калып, кубануу менен кабыл алган жетимиш жаштардагы австралиялык фермер олтурган.

Ал адам өмүр бою эмгектенип, анча-мынча акча топтогон экен, эми карыганда бөлөк жактарды да көрүп келейин деп жолго чыгыптыр. Ушуга чейин фермер Австралиядан чыгып көрбөптүр, өз мекени тууралуу билгени деле, баккан койлорунун жайытынан башканы көргөн эмес окшойт. Мисалы, анын айтымында, аборигендерди бир да жолу көрбөптүр, алар жөнүндө кабары да жок экен.

Тегерегиндеги болуп жаткандын бардыгына кубанат – стюардессалардын куйрук чайкап, кичинекей бөтөлкөлөр салынган столчолорду креслолордун ортосундагы өтмөктө сүйрөп жүргөнү да, төмөндө, булуттардын арасынан жылт эте көрүнө калган жапжашыл, ага белгисиз аралдар да, мойнуна илип алган “Поляроид” аппараты да, анын жардамы менен ал дүйнөдөн жолуктурган кызыктуу нерселердин бардыгын тартып алгысы келет экен. Ал Парижге, мен – Москвага учуп келатканбыз, бирок аэротилкедеги кызматкерлердин иш таштоосу мени да, аны да эки күнгө Делиде калганга аргасыз кылды.

Экөөбүздү бир мейманканага жайгаштырышты, арзанына карап, ортодон тыйын чыгарып,  бир такси менен Эски Делини көрүп келели дедик. Экзотикалык укмуштарды тартам деп, “Поляроидди” дүрмөттөп, толук “күжүрмөн даярдыкка” камдап алды. Бирок Эски Делиге кире бергенде күндүн ысыгына карабай, шоопур машиненин айнегин жапкыла деп талап кылып туруп алды. Эмне үчүн айнекти жап дегенин шаарга киргенде билдик.

Шоопур машинени кыбыратып айдганга мажбур болду, анткени бизди жарым жылаңач, айла кеткендей жүдөө адамдар курчап алып, “Моней! Моней!” – деп кол сунат. Булардын кайыр сураганында жабышып алчу жадатма кыйкырык жок, ал эмес кайыр берет ко деген үмүттөнүү да жок, ошонусу үрөйүңдү учурат.

Биздин көз алдыбызда айнекке жабышып, ачкадан көздөрү муңга толгон, бардыгына кайдигер, ач арбактай арыктаган адамдар турду. Мындай адамдар ондоп, жүздөп эмес, миңдеп жүрөт. Булар көчөдө төрөлүп, көчөдө жашап, “өз үйүм” деген түшүнүктү билбей, көчөдөн өлөт. Айрыкча арыгынан териси сөөгүнө жабышкан илмийген балдарды карап туруу азап. Алардын капкара көздөрү машиненин айнегине жабышып, ип-ичке манжалары менен айнекти тырмалайт. Биз чөнтөктөрүбүздү каңтарып, акыркы тыйыныбызга чейин берген күндө да бардыгына жеткире жардам бере албайт элек. Австралиялык фермер өзүнүн “Поляроидин” унутуп, муунуп, киркиреп: “Артка... Артка... Мындайды көрүп чыдоого болбойт...”.

Түнкүсүн өмүрүндө биринчи жолу жүрөгү кармап, доктур чакырууга туура келди. Фермер колумду коё бербей кармап, калчылдап күбүрөйт: “Мындай болот деп ойлогон да эмесмин. Мен таза адаммын, эч нерсе уурдаган жокмун. Өмүр бою иштедим... бирок бүгүн балдарды көрүп... өзүмдү кылмышкер сезип жатам... дүйнөдө ушундай жашоону башынан кечирип жаткан балдар болгондон кийин... биз, бардыгыбыз кылмышкербиз”.

Мен да өзүмдү кылмышкер сезип калдым. А Того, Либерия, Гана, Мексика, Уругвай, Эквадор, Филиппинде мындай балдардын канчасын көрдүм! Балалыгым согуш мезгилинде өтүп, мен ачкачылык деген эмне экенин билем, ачка жүргөндөрдү жакшы түшүнөм. Ачкадан өлүп жаткан ар бир балада, балким, келечектеги Моцарт, Шекспир, Эйнштейндердин таланты жаткандыр.

Бир кезде орус философу Федоров жалпыбызга тиешелүү иш болуш керек деп, өлгөндөрдү тирилтүүнү эңсеген экен. Биздин учурдагы милдетибиз бир топ эле жеңилирээк – тирүүлөр ачкадан өлгөнгө жол бербөө. Учурда жер шары боюнча ар бир төртүнчү адам жардылыктан тоё тамак ичпей, жатаарда ачка жатаары эсепке алынган. Бирок адамдар учурдагыдай курал-жарак чыгарганга жарышып эрегишкендин ордуна, ачкачылыкка каршы турганга жарыша киришпесе, азыркы ачкачылык, кийин болуучу алааматка караганда, түккө турбаган бейиштей сезилип калчудай.

1900-жылы Жер шарында 1,5 миллиард адам жашаган экен. 1960-жылы – 3,5 миллиард, 2000-жылы – 7,5, а 2060-жылы 20–30 миллиард болуусу күтүлүүдө. Ошол эле убакта Жер Эне 12 миллиард адамды бакканга гана шаасы жетет, аны да айыл-чарбасын жакшы өнүктүрүп, жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдалана алган шартта деп эсептейт окумуштуулар.

Роберт Мак Клангдын “Американын жок болуп бараткан жаныбарлары” деген китебинде минтип кейийт: “Жоголуп бараткан жапайы жаныбарлардын кейиштүү тагдыры, адам баласынын өзүнүн кейиштүү келечегин эскертип жатат”. Адам баласын, жаратылышты эмне сактайт? Акылдуу машиналарбы? Бирок маанилүү маселелерди акылдуу машиналарга ишенип тапшыруудан мурун, акылдуу машиналардын этикасын иштеп чыгуу керектир. Адам баласына өзүнөн башка эч ким жардам бере албайт. Бүгүн чалынган көптөгөн маселелерден өзү гана өзүн чачтан тартып сууруп чыгууга мажбур.  Бирок адам баласынын кылган иштери сазга чөгүп бараткан макоонун кылыгына окшош, бир колу менен саздан чыкканга аракет кылса, экинчи колу менен өзүн өзү төбөсүнөн басып чөгөрүп жатат.

Саясаттагы расизм, ачка балдардын айнеги көтөрүлгөн машиненин терезесин тытмалаган колдорунун фонунда ого эле жийиркеничтүү. Ядролук куралдын бир эле дүрмөтүнө кеткен чыгымга он миңдеген эч күнөөсүз балдарды ачкалыктан сактап калганга болот эле. “Адамзаттын эң жакшы деп умтулган максаты – күнөөсүз наристенин бир тамчы көз жашына татыбайт”, - деген экен Достоевский.

Ар бирибиздин абийирибиздин айнегин ачка балдардын колдору чертип, акыл-эске чакырып жаткандай.

1987-жыл.

Которгон Марсел ИСАКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз