Лев Толстой: Бармактай бала

  • 29.10.2021
  • 3107

Жомок

Бир кедей кишинин биринен-бири кичинекей жети баласы болуптур. Алардын эң кенжеси ушунчалык чакан дейсиз, төрөлгөндө бармактан чоң эмес болуп туулуптур. Кийин бир аз өссө деле бармактан бир аз чоңоюптур.

Ошондуктан аны бармактай бала, чыпалак бала аташат. Бирок бармактай бала табиятынан кичинелигине карабай, өтө табышкер жана айлакер болот. Ата-энеси барган сайын кембагал боло берет. Акырында кесирликке туш болушат да, балдарын багууга да эчтемелери калбайт. Күйөөсү менен аялы ойлонуп-ойлонуп, балдары үйүнө кайтып келе албай тургандай кылып токойдун түпкүрүнө таштоону туура көрүшөт.

Атасы менен энеси мына ушинтип сүйлөшүп атканда бармактай бала уктабай, баарын угат. Эртеси ал баарынан мурда ойгонуп, булакка жүгүрүп жетет да, ак таштарды терип, чөнтөгүнө толтурат. Ата-эне балдарын токойго алып бара жатканда бармактай бала алардын артында калып, чөнтөктөгү таштарды бирден алып жолго таштап кете берет. Токойдун алыс жагына жеткенде ата-эне чүрпөлөрүн адаштырып, дарактарга далдаланып качышат. Балдар ата-апасын чакырышат. Эч ким табылбастыгына көздөрү жетип ыйлашат.

Бир гана бармактай бала үн чыгарбайт. Ал араң чыккан үнү менен: “Ыйлаганды токтоткула! Мен силерди токойдон алып чыгам” деп кыйкырат. Бирок бир туугандар катуу ыйлагандыктан чыпалак баланын айтканын угушпайт. Агалары кулак салганда ал жол бою ак таштарды ыргытып, белги салып келгенин жана ал белги аркылуу токойдон чыгып кетишерин айтканда сүйүнүп кетишет. Баары бармактай баланы ээрчийт.

Бармактай бала таштын изи менен жүрүп олтуруп, бир туугандарын үйүнө жеткирет. Күйөөсү менен аялы балдарын токойго алып барган күнү  атасы акча алып, экөө акыл курат: “Балдарыбызды токойго эмнеге алып бардык? Алар ал жакта жоголот. Бизде эми акча болгон соң, балдарды бага алабыз да!” Энеси көзүнө жаш алып: “Эх, балдар жаныбызда болсо эмне?” – деп кайгырат.

Терезе түбүндө мындай сөздөрдү уккан бармактай бала: “А биз ушул жердебиз”.

Апасы сүйүнүп, эшик алдына  чуркап чыкты. Балдары  биринин артынан бири үйгө кирди.  Эмне керек болсо, ошонун баарын сатып алышып, мурдагыдай жашап калышты. Алар акча түгөнгөн убакка дейре жакшы жашоо өткөрүштү. 

Кыргызчалаган  Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз