Бектурали Исамидин уулу: Айылдын жаман кызы

  • 21.02.2023
  • 1543

Сүрөт acropolis.org.ru/events/ булагынан алынды.

ЭТЮД

Ал университеттен маанайы суз келди. Сабагы деле дурус, ден-соолугу жайында, студент экенине карабай капчыгында акчасы кеңири, ити чөп жеген маал, тоосу бийик, ыргыткан ташы алыска сызат. Окууларында, маданий иштерде бир топ ийгиликтерди багынткан жайы бар, бирок ага булар азыр маанилүү эмес, анын көңүлүн көтөрүүчү, кубантуучу, жанына дем берүүчү нерсе жетпей жатты. Ал эмне?

Бул суроонун жообун өзүнөн сурады, кайра өзүн жемелейт, жүрөгү уйгу-туйгу, башын маң басты, эмне кыларын билбей турганда акылына бир ой кылт этти. Ал дароо эле шашыла, короз кант алган баладай кудуңдап, жарышта биринчи келген күлүктөй күүлөнүп, кыйын кырдаалда жардам берген акылына ыраазы болгонсуп телефонуна жетип барды.

Ошол алакандай нерседе ааламга сыйбаган, карагаттай көздөрү менен не бир сырдуу жылмайып, узун чачын жарашыктуу байлап, нурдуу жүзүнөн жарык чача күлүп турган кымбаттуусунун сүрөтү бар. Аны суктанып кароодон эринбейт, анткени ал сүрөт жанына дем, көргөн сайын сагынычы күчөйт, деген менен ошол сагынуулар гана анын бир туюм этинин тынчтануусуна шарт түзүп, азыркыдай суз кабагын жайдары болуусуна себепчи.

Ал кымбаттуу жан менен жолугууга абдан куштар, өтө сагынды, бирок кымбаттуусу азыр айылда. Турмуш шартына байланыштуу эрте кетүүгө туура келди, анын үстүнө үйдүн чоңу, көп иштерди бат бүтүргөн, айткан сөзүңдүн башын укса, калганын аңдап түшүнө алган зирек, элпек, сылык, баштаганын таштабаган, үй ишине тың аруу жан.

Кайра-кайра анын сүрөтүн карады. Кадимки эс учун жоготуп, өзү менен өзү сүйлөшкөн оорукчан адам кейиптенип, ал да жансыз сүрөткө көп сөздөрдү арнады, ал мындай кылуудан өзүн тыйбайт, ага бул сүрөт дайыма жандуу да, жагымдуу да туюлат, мындай кылганы үчүн бирөө “келесоо” десе таарынбайт, капаланбайт, андай кептерди кулак сыртынан гана кетирет, бирок кымбаттуусу үчүн ал дайыма акылдуу, чечкиндүү, камкор. Буга ошол маанилүү. 

Телефонунан көрүнүп турган ашыгынын сүрөтүн жапты да, кымбаттуусу менен маектешкен сукпатка назар салды, ал да өзүнчө кызыктуу, жандуу тыбыштар өзү эле тизилип, керектүү, кереметтүү сөзгө айланып, ирээттүү жайгашып алгандай.

– Сен бул жылы айылга эрте кеттиң, бирок түшүнөм, ишенем. Айыл сонун ээ? Баары алдыңда, ата-энең жаныңда, бир туугандар кашыңда, көйгөй жок башыңда, ошон үчүн дайыма айыл жери асыл да. Булбулдар сайрап шакта, мөмөлөр бышып бакта, күн нурун тосот ээ, кызганган тоолуу аска, абадан келет атыр жыттар, билемин айылды, баардык жанда асылдык бар. Ошол куттуу айылда эмне иштер менен алексиң?

– Ооба, мен да сизге ишенем. Айыл сонун, сиз сүрөттөгөн бардык нерселер ордунда. Кыбыраган кыр ашат, агарган таңды жылмаюу менен тособуз, кечке чейин ар ким өз милдети менен алек. Шаар жерине караганда убакыт да берекелүү, көп ишке жетишип, колдон келишинче үй ишине жардам берем. Үйдө коноктор бар, аларга тамак жасап жатам.

– Билем, ушундай болорун билгемин. Кеткениңде эле жүрөгүм сезген. Айыл эли сени кош колдоп тосуп алып, казына тапкандай кубанып, анын шарапаты үчүн ыс чыгарып, кой союп, казанга мол аш демдеп, төбөлөрү көккө жете сүйүнүшкөндүр. Ооба, анан кантмек, жакшы кыздын коногу аз болобу, көз артып, кирнеси киргенче карап, сага суктанышса керек! Ар күнү конок тосуу менен убара экенсиң да?

– Жок, андай дебеңиз. Биздин айылда жакшы кыздар көп, а мен айылдын жаман кызымын.

– Мына сага, айылдын жаман кызы сендей болсо, жакшысын көргөндө көз тунарып, кулак бүтүп, ботодой боздоп, жүрөктү козгоп, эсибиз кетип, кайкып учуп, ааламга батпай калат экенбиз да ээ?

– Ооба сизге, чындык ошол болсо неге кабылдоого ынанбайсыз, мен айылдын жаман кызымын.

– Менде бир сунуш бар. Бир айылга миң жакшы аздык кылат, бир жаман көптүк кылат. Жакшыларын өздөрүнө кут кылсын, мага ошол жаманы жетиштүү. Ошол айылдын жаман кызын Жараткан сактасын. Сен бөлөкчө башка жансың, анан калса башкачамсың. Миң жылда бир жаралар белексиң, мага кымбат, жалгыз өзүң керексиң. Мен даракмын, суу болгун сен курутпай, мен асманмын, кайкып учкун булуттай, жакшылардын арасынан издебей, жаман кызды сактап келем унутпай.

Катты жазуу насип экен буюрду, керек болсо ашып өтөм уюлду, жаман кызы жашап турган үчүндүр, ошол айыл мага кымбат туюлду. Аман бол, сага ишенем. Эми казаныңа кара, канча деген коноктор жаман кыздын колунан, жакшы тамак жейбиз деген үмүттө олтурат.

– Ыракмат сизге, ошол ишенимдердин өмүрү узун болсун.

Ал ушул маектешүүнү окуганда дагы бир жолу толкунданды. Кымбаттуусунун акылман кептери, сабаттуулугу, тунук пейли аны дайыма ажарлуу да, зирек да көрсөтүп турат.

Жүрөгү кымбаттуусунун сөздөрү менен азыктанганы үчүн ыраазы, бирок мунун кыялкечтиги ашказанына жага бербеди, байкалбаган менен далай убакыт өтүп кетти, курсагы ачканын деле туйбаптыр, кантсин байкуш, аны да түшүнсө болот, деген менен азыр аны эч ким түшүнбөйт. Буюмдарын үстөлгө коюп, ашказандын таарынычын жазуу үчүн ашканага баратканда дайыма сүйүп уккан музыкасы жаңырды, телефонуна чалуу келди, чалуунун ээсин көрсөткөн жазууга көзү түшкөндө жан алы калбай, териси тонуна батпай, жаш балача жер тепкилеп кубанды, аны ушул мүнөттө анык “келесоо” десең жарашмак, бирок ал бирөө үчүн керектүү, абдан зарыл экенин билди, болбосо мынчалык сүйүнбөйт эле, анткени телефондун экранында “айылдын жаман кызы” деген жазуу көрүнгөн болчу...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз