Николай Лесков: Сологой (конкурска №4)

  • 23.02.2023
  • 2083

(Тулалык чалыр көздүү Сологой уста жана болот бүргө жөнүндө жомок)

БИРИНЧИ БАШАТ

Император Александр Павлович Вена кеңеши аяктагандан кийин Европаны кыдырып, ар кайсы өлкөлөрдөгү кереметтерди көрүүнү чечти. Ал өзүнүн мээримдүүлүгү, жупунулугу, бардык адамдар менен бой көтөрбөй дайыма жакындан, эң ынак баарлашуусу аркылуу элди өзүнө тартчу. Аны барган жерлеринде кучак жайып тосуп алышып, өзгөчө нерселер менен таң калтырып, көпкө чейин кетиргилери келбей сыйлоого аракеттенишчү. Бирок бул көптөн бери аны коштоп, алыста калган үй-бүлөсүн сагына баштаган Дон казагы Платовго жакпай, тажай баштады.

Эгер Платов өкүмдардын бөтөн бир нерселерге айрыкча кызыга баштаганын, а жанында коштогондор унчукпай бүжүрөп калышканын көргөндө, дароо эле: “О кокуй, ушул да кеппи, бизде мындан өткөн кереметтер бар!” – деп сөзсүз мисал келтиришет.

Муну билген англиялыктар өкүмдар келгиче аны ар кандай кызыктуу нерселер менен өздөрүнө тартып, орустардан алаксытуу үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табууга аракеттенип, көп учурда максаттарына жетишти, айрыкча Платов французча толук сүйлөй албаган чоң жыйындарда, бирок Платов буга анча деле капаланган жок, анткени ал французча сүйлөшүүлөрдүн баарын көңүл бурууга арзыбаган майда-чүйдө деп эсептечү.

Британдыктар бардык жагынан өздөрүнүн артыкчылыгын көрсөтүүсү менен атактарын чыгаруу максатында өкүмдарды аскердик кампаларына, курал-жарак жана самын чыгарган завод-фабрикаларына кыдыртканда, Платов өзүнө мындай деди: “Кыязы, абал оорлой баштады. Буга чейин чыдадым, мындан ары чыдоо мүмкүн эмес. Унчуксам да, унчукпасам да мындан ары элиме чыккынчылык кыла албайм”.

Бул оюнун аягына чыга электе өкүмдар ага кайрылды:

– Эртең экөөбүз булардын сейрек чыгарылган курал-жарактары сакталган кунсткамераларга барабыз. Ал жерде, – деди ал, – жетишкендиктердин ушундай үлгүлөрү бар дешет, балким сен аларды көргөндөн кийин биздин орустардын мыктылыгы тууралуу оюңдан кайтып, талашпай каларсың.

Платов өкүмдарга эч нерсе дей алган жок, ал коңкойгон узун мурдун түктүү кемселинин жакасына катып, батирине келди, кызматчыга жертөлөдөн кавказдык кычкыл шарап куюлган кумараны алып келүүнү буйруду, бир чоң чөйчөккө куюлган шарапты шыпкап, саякатта өзү менен кошо ала жүргөн иконага карап чокунду, таң атсынчы, андан кийинкисин көрө жатарбыз деген ой менен үстүнө кемселин айкарасынан жамынып, түнү менен британиялыктарга тынчтык бербей коңуругун кош тарткан уйкуга кирди.

ЭКИНЧИ БАШАТ

Эртеси өкүмдар Платов менен бирге кунсткамераларга барышты. Өкүмдар башка орустарды өзү менен кошо ээрчиткен жок, анткени алардын кызматына эки гана орундуу жеңил араба берилген.

Алар чоң имаратка келишти: эми бул жердин ажайып сулуулугун айтпа, жаратылыш менен айкалышкан келишимдүү имараттын кире беришинин жасалгасына сөз жетпейт, укмуштуудай узун коридорлор жана биринен бири көркөм бөлмөлөр, акырында чоң залдын өзүндө ар кандай чоң бюстар, ал эми ортодогу чатырдын ичинде бельведерлик Аболон заңкаят.

“Ал абдан таң калып жатса керек, эмнени карап жатты экен”, – деп ойлогон өкүмдар көз кыры менен Платовду карады. А тиги муруттарын чыйратып, эч нерсе көрбөгөн немедей ылдый карап бара жаткан экен.

Британдыктар дароо эле ар кандай кызыктуу нерселерин көрсөтүп, кайсы жабдык согуштук шарттарга кандайча ыңгайлашкандыгын түшүндүрө башташты: деңиз шамалынын күчүн өлчөгүчтөр, жөө аскерлерге арнап төө жүнүнөн токулган кездемеден тигилген, этектери аялдардын кемселине окшоп шалбыраган шинелдер жана атчан аскерлер үчүн чайыр сиңирилген суу өткөрбөгөн кемселдер. Өкүмдарга мунун баары жакты, ага баары эле жакшы көрүнөт, а Платов мунун баары эч нерсеге арзыбаган буюмдар дегенсип тултуят.

Өкүмдар аны карап мындай деди:

– Ушундай да болобу, кандай сезимиңиз жок адамсыз? Чын эле бул жерде сизди таң калтырар эч нерсе жок бекен?

Платов ийинин куушурду:

– Менин билгеним: дондук туугандарым мындай нерселерсиз эле согушуп, буларды нечен ирет босогосуна да киргизпей кууп чыгышкан.

Өкүмдар башын чайкады:

– Бул акылсыздык.

– Мен албетте, сиз менен талашууга батынбайм жана унчукпай отурууга мажбурмун.

Өкүмдар менен Платовдун ортосундагы мындай келишпестикти көргөн англистер эми аларды бельведерлик Аболондун жанына алып келип, анын бир колунан Мортимердин мылтыгын, экинчи колунан тапанчаны алышты.

– Мына, бизде кандай мыкты мылтыктар жасалып чыкканын көрүңүз.

Император Мортимердин мылтыгына анча деле таң калган жок, анткени анын Хан ордосунда мындай мылтыгы бар, анан алар ага тапанчаны берип, мындай дешти:

– Бул белгисиз устанын кайталангыс чеберчиликте жасаган тапанчасы, биздин адмирал муну Канделабриядагы каракчылардын башчысынын белиндеги курунан сууруп алган.

Өкүмдар тапанчаны айланта карап, анын көркүнө көзү тойбой суктанды. “Ой-бой, эмне деген чеберчилик! Бах чиркин... Кандай кылдаттык менен жасалган!” Анан орусча Платовго кайрылды:

– Орусиядан ушундай чебер уста чыкса мен кандай бактылуу болот элем, аны башыма көтөрүп, сыйлап алмакмын.

Ал эми Платов бул сөздү угары менен оң колун шымынын чөнтөгүнө салып, макисин алып чыкты. Англичандар: "Бул ачылбайт" деп чурулдашканына кулак салбай, мылтыктын затворун чукулай баштады. Бир жолу бул жакка, экинчи жолу башка жакка бурап, акыры затвордун капкагын ачып, өкүмдарга ал жерде чегилген жазууну көрсөттү, капкактын ийилген жеринде "Иван Москвин Тула шаары" деген орусча жазуу бадырайып турган.

Англиялыктар таң калып, бири-бирин карап түрткүлөшүп калышты:

– Ой, биз уят болуп калдык көрүнөт!

Ал эми император Платовго кайгылуу карап мындай деди:

– Эмне үчүн буларды абдан ыңгайсыз абалга калтырдыңыз, мен аларды аябай аяп жатам. Кеттик.

Алар кайра эле баягы эки орундуу арабада артка кайтышты, ошол күнү өкүмдар анын урматына өткөрүлүп жаткан той-тамаша кечесине катышмак.

А Платов англиялыктарды уятка калтырып, тулалык устага кожоюндун көңүлүн бурганына сүйүндү, бирок өкүмдардын англистерге жан тартып, аларды аяганын жактырган жок! “Биздин өкүмдарыбыз эмне үчүн минтип жатат?” — деп ойлоду Платов: «Мен муну такыр түшүнбөйм». Ал эки жолу ордунан туруп чокунуп, шарап ичти да, ошондон кийин катуу уйкуга кетти.

Бул түнү уят болуп калган британиялыктар да укташкан жок. Өкүмдар кечеде көңүл ачып жатканда алар ага ушунчалык күтүлбөгөн жаңылык даярдашкандыктан, мындан ары Платовдун бүтүндөй фантазиясына орун жок калгансыды.

ҮЧҮНЧҮ БАШАТ

Эртеси таң атпай Платов өкүмдарга барганда ал ага мындай деди:

– Алар азыр эки орундуу арабасын камдап коюшту, биз жаңы кунсткамераларды көргөнү барабыз.

Платов чет элдик кызыктар менен таанышуу жетиштүү эле болду го, андан көрө Орусияга жол таркан жакшы деп айтууга батынды, бирок өкүмдар аны менен макул эместигин билдирди:

– Жок, мен дагы башка жаңылыктарды көргүм келет: бүгүн биринчи сорттогу кантты кантип жасашканын көрсөтөбүз дешти.

Алар арабага олтуруп жөнөп кетишти.

Англичандар өкүмдарга алардын чыгарган биринчи сорттогу канттарын биринин артынан бирин көргөздү, Платов унчукпай карап жүрүп, бир кезде күтүлбөгөн жерден суроо берди:

– Силердин заводдон чыккан молво кантын көрсөткүлөчү?

Британиялыктар молво деген эмне экенин билишпейт экен. Алар бул эмне болгон кант деп бири-биринен шыбырап сурап, акыры аларда канттын көп түрлөрү жасаларын, бирок молво деген кантты билишпегенин моюндарына алышты.

Платов анда тигилерге мындай деди:

– Андай болсо мактаныштын кереги жок. Бизге келиңиздер, биз сиздерди Бобринский заводунун чыныгы молво канты менен чай берип сыйлайбыз.

Ошондо өкүмдар анын жеңинен тартып, акырын шыбырады: “Бай болгур, менин саясаттымды бузбаңызчы”.

Андан кийин британдыктар өкүмдарды эң акыркы кунсткамерага алып барышты, ал жерде дүйнөнүн бардык бурчунан чогулган эң чоң египеттик керамидден баштап, минералдык таштар, нимфосориялар жана көзгө көрүнбөгөн тери бүргөлөрүнө чейин жайгаштырышкан экен.

Керамиддерди жана ушуга окшогон майда-барат нерселерди көрүп сыртка чыгышканда Платов ичинен ойлоду:

"Кудайга шүгүр, бүгүн баары жакшы: өкүмдарды бул жерден эч нерсе таң калтыра алган жок."

Бирок алар эң акыркы бөлмөгө келгенде, бул жерде өңчөй окшош чыптама жана алжапкыч кийген жумушчулар ичинде эч нерсеси жок жалпак табакты кармап турушкан экен. Өкүмдар күтүлбөгөн жерден ага бош табакты көрсөтүшкөнүнө таң калды:

– Муну кандай түшүнсө болот? – деди ал.

– Бул биздин Улуу урматтууга тарткан жарыбаган тартуубуз.

– Мунуңар эмне?

– Бул бир тал кылды көрүп жатасызбы?

Император жакшылап караса, чынында эле күмүш табакта бир тал кылдай нерсе жатат.

Жумушчулар мындай дешти:

– Кааласаңыз сөөмөйүңүздү шилекейлеп, аны жабыштырып алаканыңызга салып көрсөңүз болот.

– Мага бул кылдын эмне кереги бар?

– Бул, – деп жооп беришти алар, – кыл эмес, бул бүргө.

– Ал тирүүбү?

– Жок, тирүү эмес, бул бүргөнүн бейнеси, ал таза англиялык болоттон жасалып, ичинде пружина тагылган. Ачкычты бурсаңыз, бийлей баштайт.

Өкүмдар кызыгып сурады:

– Ачкычы кайда?

– Ачкычы жанында.

– Канакей? — деди өкүмдар, – мен аны көрбөй жатам?

– Анткени, – дешти алар, – бул аябай кичинекей, микроскоп менен караш керек.

Алар микроскоп беришти, ошондо император чындап эле табактагы бүргөнүн жанында жаткан ачкычты көрдү.

– Кечиресиз, аны алаканыңызга алыңыз, курсагында тешиги бар, ачкычты жети жолу бурап коё берсеңиз, ал бийлей баштайт.

Өкүмдар ачкычты араңдан зорго чымчып кармап, эптеп бүргөнүн боорундагы тешикке салып бурай баштаганда, адегенде бүргөнүн мурутчалары кыймылга келгенин сезди, анан капыстан буттарын кыбыратып, оң жакты карай эки айланып, кайра тескерисинен эки тегеренип, кадимки кадриль бийин бийлегенсип тегеренгеничи.

Өкүмдар дароо британиялыктарга алар каалаган акча менен, күмүш тыйындар менен болобу же кичинекей банкноттор менен алууну каалашабы, миллион сом берүүнү буйурду.

Англичандар күмүш тыйындар менен эсептешүүнү суранышты, анткени булардын кагаз акчаларын түшүнө беришпейт экен. Андан соң алар дагы бир айла-амалын көрсөтүп: бүргөнү белек кылышты, бирок анын кутусун беришкен жок. Куту жок болсо бүргөнү да, ачкычты да сактап жүрө албасың түшүнүктүү да, кокустан түшүрүп алсаң көзгө илешпеген нерсени бир заматта жоготуу оңой эмеспи. А куту накта бриллианттан жаңгак түрүндө жасалып, ортосунда атайын бүргө үчүн жасалган оюкчасы бар болчу. Алар муну беришкен жок, анткени ал казынага тиешелүү имиш, ал эми казына мүлкүнө талап катуу, ал талапты Өкүмдар үчүн да бузууга болбойт дешти.

Платов абдан ачууланып жатты:

– Бул эмне деген алдамчылык! Белек кылып беримиш болуп миллион сом алышты, бирок бул дагы деле жетишсиз экен да! Ар нерсе, – деди ал, – кутусу менен болот да.

Бирок өкүмдар аны токтотту:

– Унчукпа, суранам, бул сенин ишиң эмес, менин саясатыма аралашпа. Алардын өздөрүнүн салты бар. Анан тигилерге кайрылды:

– Бүргөнүн кутусу канча турат?

Британдыктар дагы беш миң сом сурашты.

Өкүмдар Александр Павлович кызматкерлерине: «Төлөп бергиле» деди да, өзү жаңгак кутунун ичине бүргөнү, аны менен кошо ачкычты бекитип, кутунун өзүн жоготуп албаш үчүн өзүнүн тамеки салган алтын кутучасына, кутучаны преламут жана балык сөөгү менен капталган жол сандыгына салып коюсун буюрду. Император англис чеберлерине сый-урматын билгизип, аларга: «Силер бүткүл дүйнөдөгү эң мыкты чеберсиңер, менин элимдеги чеберлер эч качан силердин деңгээлиңерге жете албайт», – деген баасын берди.

Алар бул баага абдан ыраазы болушту, а Платов өкүмдардын сөзүнө каршы эч нерсе айта алган жок. Бирок ал: “бул ушул буюмга тиешелүү, силер ансыз да бизден көп акча алдыңар” – деп микроскопту алып, чөнтөгүнө салды. Өкүмдар муну Орусияга келгенге чейин билген жок.

Алар көп өтпөй эле өз өлкөсүнө кайтышты, анткени өкүмдар аскерий иштерден тажаган, эми ал тезирек Таганрогдогу дин кызматчы Федотко жолугуп, жан-дүйнөсүн тазарткысы келген.

Жол жүрүп келе жатканда алардын ортосунда анча деле жагымдуу маанай болгон жок, анткени алар ар бири өз ойлорун өзгөрткүлөрү келбеди: өкүмдар британдыктардын искусстводо теңдеши жок деген оюн айтты, ал эми Платов биздикилер каалаганын жасайт, биздин чеберлердин колунан баары келет, бирок аларга пайдалуу билим бере албай келебиз деп талашты.

Ал эми англис чеберлеринде жашоого, илимге жана тамак-ашка карата такыр башка эрежелери барын, алардын ар бирине бардык абсолюттук шарттар түзүлгөнүн, ушундан улам алардын жашоосу такыр башка мааниге ээ экенин өкүмдарга түшүндүрүп бералбады. Өкүмдар мындай сөздү көпкө уккусу келбеди, муну көргөн Платов да күчөгөн жок.

Ошентип алар унчукпай келатышты, Платов бекет сайын чыгып, жинин басуу үчүн чоң чөйчөк менен толтура ачытылган арак куйдуруп ичип, ысытмасына туздалган козу карын жеп, арабадагы падышанын жанында, Жуковдун бир фунт тамекиси бир батып кеткен канжасын түтөтүп тултуйган боюнча келди. Өкүмдар бир тарапты карап, Платов башка жактагы терезени тиктеп тамекилерин түтөтүп жүрүп олтурушуп Санкт-Петербургга да жетишти. Андан соң император Платовду дин кызматчы Федотко ээрчитпей таштап кетти.

“Сен,— деди ал,— руханий сүйлөшүүлөр үчүн жарабайсың. Тамекини да аябай көп тартасың, түтүнүң менен мээмди ыштап, кургатып бүтмөй болдуң”.

Өкүмдарга таарынган Платов үйүндө диванга жатып алып, күчүн Жуковдун тамекисинен чыгарды.

ТӨРТҮНЧҮ БАШАТ

Көгүлтүр болоттон жасалган укмуштуудай бүргө Александр Павловичтин жанында ал Таганрогдо каза болгонго чейин балыктын сөөгү менен кооздолгон сандыкчада жатты, император өлөр алдында аны дин кызматчысы Федотко берип, кийинчерек император айым өзүнө келгенде бер деп табыштайт.

Императрица Елизавета Алексеевна бүргөнү карап, жылмайып койду, бирок аны менен убара болгусу жок. “Эми бул жесирдин кылар иши эмес, мага азыр эч кандай оюн-зоок, азгырыктын кереги жок”— деп Петербургга кайтып келгенден кийин бул нерсени бардык зер буюмдары менен бирге жаңы өкүмдарга мураска өткөрүп берди.

Император Николай Павлович да адегенде бүргөгө көңүл бурган жок, анткени алгачкы учурда өкүмдар иштин жайын толук кандуу өздөштүрө элек болчу, бирок бир жолу агасынан мураска калган кутуну карап, анда катылган алмаз жаңгагын таап алды. Бриллиант жаңгакты ачып, анда көптөн бери буралбай кыймылсыз жаткан болот бүргөнү көрдү.

Император муну көрүп таң калды.

— Бул эмне деген кыбыраган нерсе, муну менин агам эмне үчүн мынчалык барктап сактады экен!

Ак сарай кызматчылары аны ыргытмакчы болушканда, өкүмдар аларды токтотту:

– Жок, ыргытканга шашылбагыла, бул жөн эмес, адегенде териштирели.

Алар Аничкин көпүрөсүндөгү сасыган дарыканада эң кичине таразага салып, ууларды жасаган химикти чакырып, ага бүргөнү көрсөтүшкөндө, ал аны колуна алып адегенде жалап көрүп: “Мен катуу темирден чыккандай муздак илепти сезип жатам”— деди.  Анан аны тиштеп көрдү да, жыйынтыгын жар салды:

– Кандай айтсаңар да бул чыныгы бүргө эмес, нимфосория, ал темирден жасалган, бул иш биздики эмес, орустардыкына окшобойт.

Император тез арада бул ишти териштирүүгө буйрук берди: бул кайдан келген жана эмне деген буюм?

Кызматкерлер иш кагаздарын, актыларды жана тизмелерди кароого шашылышты, бирок бүргө тууралуу эч кандай маалымат катталбаптыр. Бири-биринен сурай башташты эле, – эч ким эч нерсе билбейт экен.

Бактыга жараша, Дон казагы Платов дагы эле тирүү болчу, ал тургай ал баягы диванында тамекисин оозунан түшүрбөй түтөтүп жаткан. Ордодо ушундай башаламандык болуп жатканын угары менен ал дивандан туруп, канжасын ыргытты да, ордендерге төшү толо кемселин кийип өкүмдардарга келди.

Өкүмдар ага мындай деп кайрылды:

– Менден эмнени каалайсың, кадырман абышка?

– Улуу урматтуум, эч нерсеге муктаж эмесмин, анткени мен каалаган ашымды кенен ичип-жейм, өз жашоомо ыраазымын. Мен, – деди ал, – силер таап алган бул нимфосория жөнүндө кабарлаганы келдим, бул — Англияда менин көз алдымда сатылып алынган. Анын жанында ачкычы бар, менде алардан алган микроскоп сакталуу, ал аркылуу сиз аны көрө аласыз жана ачкычы менен бурасаңыз, кадимкидей бийлеп жаткансып кыймылга келет.

Алар аны бурап коё беришкенде, ал секирип бийлеп, ошондо Платов мындай деди:

– Улуу урматтуум, бул чыгарма абдан назик, кызыктуу экенине талаш жок, бирок биз буга оозубузду ачып таң калган боюнча калбашыбыз керек, аны Туладагы же Сестербектеги, (ал кезде Сестрорецк Сестербек аталчу), биздин чеберлерге көргөзүп, англиялыктар орустардан өйдө көтөрүлүп, экинчи мактанбагыдай кылып чеберчиликтерин көргөзүүгө тапшырма берүүңүздү суранам.

Өкүмдар Николай Павлович орус элине абдан ишенчү, эч бир чет элдикке баш ийүүнү жактырчу эмес. Ал Платовго мындай деп жооп берди:

– Кадырман карыя, сен абдан жакшы айттың, мен бул ишти өзүңө ишенип, анын аткарылышын сага тапшырам. Менин бул кутуча менен алектенүүгө убактым аз, а сен бул кутучаны ал да, мындан ары диванда бекер жатпай, Тынч Донго бар, ал жактагы Дон элим менен алардын жашоосу тууралуу маектеш. Ал-жайларын сурап, көйгөйлөрүн, каалоолорун ук. Ал эми Тула аркылуу өтүп баратканда, тулалык чеберлериме бул нимфосорияны көрсөт, ал жөнүндө ойлонушсун. Менден аларга салам айт, менин агам бул нерсеге аябай таң калганын, муну жасаган чет элдик адамдарды мактаганын айт, биздин чеберлер алардын эч кимисинен кем калышпайт деп үмүттөнөм. Менин сөзүмдү жерге таштабай, бир нерсе кылышат деп ишенем.

БЕШИНЧИ БАШАТ

Платов болот бүргөнү алып Тула аркылуу Донго барып, аны тулалык курал жасоочуларга көрсөттү, аларга өкүмдардын сөзүн жеткирип, аларга суроо узатты:

— Кандай кылабыз, диндештер, бул иш колдон келеби?

Чеберлер ага мындай деп жооп беришти:

“Биз, атакебай, өкүмдардын ырайымдуулугун ар дайым сезебиз жана аны эч качан унутпайбыз, анын бизге ишенип жатканын билебиз, бирок азыркы шартта кандай кыларыбызды дароо айта албайбыз, анткени англис улуту да келесоо эмес. Тескерисинче, алар куу, а бул жөнөкөй нерсе эмес – бул көркөм чыгарма. Бул ишке киришерден мурда жакшылап ойлонуп, Кудайдын батасын алуу зарыл.

А эгерде сен, биздин өкүмдарыбыз сыяктуу эле бизге ишенсең, Тынч Донуңа бара бер, бул бүргөнү кутучасы менен бизге калтырып кет. Донду бойлоп, ата-журтуң деп жүрүп алган жараатыңды айыктыр, Тула аркылуу кайра кайтканыңда токтоп, бизди чакыртып ал: Кудай буюрса, ошол убакка чейин бир нерсе ойлоп табарбыз”.

Платов тулалыктар мынчалык көп убакытты талап кылганына канааттанган жок, анын үстүнө алар эмнени жасашарын так айтышпады. Дондук куулук менен ал ар жак, бер жагына чыгып сурап көрдү; бирок тулалыктардын айлакерликтери аныкынан кем калышпай, кандай аракет кылса да сырларын ачышкан жок, анткени аларда Платов да дароо ишенбей турган ой бар болчу, ошондуктан өздөрүнүн тайманбас кыялын ишке ашырып, кийин гана аны көрсөтүүнү ойлошкон.

Алар мындай дешти:

“Азырынча эмне кыларыбызды өзүбүз деле билбейбиз, биз Кудайдан гана үмүт кылабыз, бирок падышанын сөзүн жерге калтырбайбыз”.

Ошентип Платов да, тулалыктар да бири-бирине алдырышкан жок.

Платов дагы бир топко чейин тигилердин сырын тартты, бирок тулалыктарды алдай албасын көрүп, аларга нимфосория салынган кутуну сунуп мындай деди:

– Мейли, башка арга жок, силер айткандай болсун. Мен силерди жакшы билем, макул, силерге ишенейин, алмазды алмаштырып жибербей, англистердин буюмун бузуп албай кылдаттык менен иштегиле, бирок көпкө созбогула, анткени мен бат эле кайра кайтам. Эки апта өткөзбөй өкүмдарга бир нерсе көрсөткөндөй болоюн”.

Усталар ага убадаларын берип, бир ооздон мындай дешти:

“Буюрса, баары ойдогудай болот, биз бул назик буюмду кылдаттык менен иштейбиз, алмазды алмаштырбайбыз, биз үчүн эки жума жетиштүү, сен кайтып келгенче өкүмдарга салтанаттуу тартуулоого татыктуу нерсени камдап коёбуз”.

Эмне жасашарын алар айтышкан жок.

АЛТЫНЧЫ БАШАТ

Платов Туладан чыгып кетти, курал жасаган усталардын арасынан үч киши, жолдоштору жана үй-бүлөлөрү менен коштошуп, кайда барышарын эч кимге айтпай, жол баштыктарына керектүүнү салышты да, шаардан көздөн кайым болушту. Алардын ичинен эң чебери, кылыр көз, сологой, бир жак жаагында калы бар, чачынын бир тобу жыдып түшүп калган адам эле.

Алардын Москва тарапка эмес, карама-каршы Киев тарапка кетишкенин байкап, Киевде жашаган ыйыктарга таазим кылуу үчүн же дайыма Киевде мол кезикчү ыйык адамдардын бири менен кеңешүү үчүн кетишти деп ойлошту. Бирок бул чындыкка жакындамак тургай, чындыкка караандабайт болчу. Убакыт да, аралык да тулалык усталарга үч жума жүрүп Киевге жөө барууга, анан да англиялыктардын улуттук намысына тиер ишти бүтүрүп үлгүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт эле. Андан көрө «эки токсон чакырым алыстыктагы» Москвага барып сыйынып келишсе болмок, ал жакта деле олуялар толо. Ал эми башка тараптагы Орелго, ошол эле «эки токсон» Орелдон ары Киевге дагы беш жүз миль. Мындай узак жолду басып өтүш оңой эмес, аны басып өткөндөн кийин да тез эле эс албайсың, дагы бир топко чейин талыган буту-колуңду сунуп жатууга туура келет.

Кээ бир усталар Платовдун алдында ашкере мактанып алышып, анан эстерине келишкенден кийин, падышанын алтын кутучасын да, алмазды да, алардын тынч жашоосуна бүлүк салган англиялык болот бүргөсүн да алган боюнча качып кетишти деп ойлошту. Бирок мындай божомол такыр негизсиз жана эл үмүт арткан шыктуу адамдар үчүн татыксыз болчу.

ЖЕТИНЧИ БАШАТ

Акылдуу, темир иштетүүнү жакшы билген тулалыктар диндин алгачкы билермандары катары да белгилүү. Бул жагынан алганда, алардын мекени гана эмес, ал тургай Ыйык Атос да алардын атак-даңкына толгон: алар вавилондуктар менен чогуу ырдоонун чеберлери гана болбостон, "кечки коңгуроолордун" сүрөтү кандайча тартылганын да билишет. Алардын бири өзүн чоң ишке арнап, кечилчиликке барса, анда андан эң мыкты монастыр башкаруучусу жана эң жөндөмдүү дин кызматкери чыкмак.

Атос тоосунда Тула эли эң эле таланттуу экенин билишет, эгер алар болбосо Орусиянын караңгы булуң-бурчтарындагы, балким, алыскы Чыгыштын көптөгөн ыйыктарын көрүшмөк эмес, ал эми Афон орустун берешен жана такыбалыгынан жаралган көптөгөн пайдалуу белектеринен ажырап калмак. Азыр "афон тулалыктары" ыйык буюмдарды биздин мекенибиздин бардык булуң-бурчтарынан жыйнап, алына турган эч нерсеси жок жерден да ыйык нерселерди жыйноону чеберчилик менен аткарышат.

Тулалыктар чиркөө иштеринде аябай такыба, бул иштин улуу практиктери болушкандыктан, Платовду жана аны менен бирге бүткүл Орусияны колдоого милдеттенген ошол үч чебер Москвага эмес, түштүккө бет алып жаңылышкан жок. Алар Киевге эмес, Мценскке, эң байыркы доорлордо Зуша дарыясынын боюндагы чоң таш крестте сүзүп келген ыйык Николанын байыркы «таштан чегилген» иконасы турган Орел губерниясынын уезддик шаарына барышты.

Бул икона "сүрдүү жана коркунучтуулар" тибине кирет – анда бир колунда храмды,  экинчи колунда "аскердик үстөмдүктү" билдирген кылыч кармаган кара тору жүздүү, тулку боюна күмүш жалатылган кийимчен Мир-Ликиянын олуясынын элеси чагылдырылган.

Дал ушул "үстөмдүктө" бардык нерселердин мааниси катылган: Ыйык Николай жалпысынан соода жана аскердик иштердин колдоочусу, өзгөчө "Мценскийлик Никола”. Тулалыктар мына ошого таазим кылууга келишкен. Алар эң алгач иконага, андан кийин чырым ташка сыйынуу жөрөлгөсүн кылып, үйлөрүнө "түн ичинде" жашырынып кайтып келишти да эч кимге эч нерсе айтпастан үчөө Сологойдун үйүнө чогулуп, эшиктерин бекитип, терезелердин жапкычтарын жабышты. Николайдын элеси алдында икондук лампаны күйгүзүп, ишке киришти.

Эч жакка барышпай бир күн, эки, үч күн олтурушту, балкаларын тыкылдатып тынбай узанып, бирок эмнени жасашканы белгисиз. Эл алардын эмне кылып жатышканын билгилери келип кызыгышты, бирок усталар аларга караандарын көрсөтпөдү. Ар кандай адамдар бар эмеспи, ошондой адамдардын кээси туз же ширеңке сурамыш болуп үйдүн эшигин каккылап көрүштү, бирок чеберлерден жооп болгон жок, жада калса алар эмне тамак жей турганын да биле алышпады. Кошунанын үйү өрттөнүп жатат деп коркутуп көрүштү эле, бирок мындай куулук да митайым усталарга таасир бербеди. Болгону кылыр көз Сологой уста эшиктен башын чыгарып:

– Мага десеңер өзүңөр кошо өрттөнүп кеткиле, бирок бизди алаксытпагыла! Биздин убактыбыз жок! – деп кыйкырып, эшикти кайра илип алды.

Кичинекей тешиктерден үй ичинен чыккан жаркырак шоола көрүнүп, кичинекей балкалардын дөшүгө тийип чыкылдаган үнү гана угулуп турду. Бир сөз менен айтканда, бүткүл иш ушунчалык купуя жүргүзүлүп, эч ким эч нерсе биле алган жок, бул жагдай Платов тынч Дондон өкүмдарга баруу үчүн кайтып келгенге чейин уланып, ага чейин чебер усталар эч кимге көрүнгөн да, сүйлөшкөн да жок.

СЕГИЗИНЧИ БАШАТ

Платов абдан шашып, чоң салтанат менен келе жатты: өзү арабада чалкалап, ал эми арабакечтин эки жагында улам-улам катуу ышкырып, узун шапалактары менен аттарды аёосуз чапкылап, таскагынан жаздырбай шаштырган эки казак-орус. А эгер казак-орустун бири кокус үргүлөй баштаса, аны Платов аркасынан буту менен тээп ойготуп, а тигилер ого бетер аттарды кубалап жүрүп олтурушту. Бул көрүлгөн чара ушунчалык күчтүү болгондуктан, станцияларда токточу жерлерден өтүп кетишип, казактар арабакечти арабаны кайра артка бурууга мажбур кылган учурлар болду.

Ошентип алар Тулага да жетишти, бул жолу да адегенде Москва тосотунун ары жагына бир нече ат чабым өтүп барып, анан казак-орустар арабакечти камчылап сабаган соң артка кайрылып, чарчаган аттарды алмаштыра башташты. Платов арабадан түшпөй, казак-орустарга өзү бүргөнү калтырып кеткен чеберлерди тезирек жанына алып келүүнү буюрду.

Платов казак-орустарды чеберлерге жүгүртүп, тезирек британиялыктарды уятка калтырар ишти алып келсин дегенден кийин да чыдамы кетип, алардын артынан карапайым элдин арасынан кайра-кайра киши чуркатып шаштырды. Ушунчалык чыдамы түгөнгөндүктөн өзү арабадан секирип кеткиси келип, тиштерин кычыратып араң чыдап олтурду.

Ал кездерде бардык нерсени тыкан, тез аткаруу талап кылынчу, ошондуктан оруска пайдалуу бир мүнөт да текке кетчү эмес.

ТОГУЗУНЧУ БАШАТ

Бул таң калыштуу ажайып ишти аткарган тулалык чеберлер ал кезде өз иштерин жаңы гана аякташкан. Аларга күйүккүчө шашылган казак-орустар күйүгүп жетип, ал эми алардын артынан жиберилген карапайым адамдар барышкан жок, анткени мындай иш аларга көнүмүш болбогондуктан буттары чалыштап, жолдо жыгылып, корккондорунан Платовдун көзүнө кайра чалдыкпаш үчүн үйлөрүнө тарап кетишкен эле.

А казак-орустар жүгүрүп барып, эшик тарсылдатып муштагылашты, тигилер ачмак тургай жооп кылышпаганын көрүп, алар да карап турбастан каалганы жулкуп, жулуп алууга аракеттеништи. Бирок ичинен эмен казык менен бекитилген каалга ачылган жок. Айласы кеткен чабармандар короодо жаткан узун шыргоолду алып келип, өрт өчүргүчтөрдүн ыкмасына салып кичинекей үйдүн чатырын аңтарып салышты. Бир нече күндөн бери желдетилбеген үй ичинен чыккан сасык жытка чыдай албай эстери оогон чабармандар усталарды тилдешти:

– Эй, акмактар, бул эмне кылганыңар, ушундай сасыган жерде кантип иштейсиңер? Жаңылыштык кетирсеңер Кудай алдында жооп берериңерди билесиңерби?

– Азыр акыркы мыкты кагып жатабыз, бүтөр замат ишибизди тапшырып беребиз.

– Силер бүткүчө тигил бизди тирүүлөй жутмай болду.

– Коркпогула, жутканга үлгүрбөйт, мынакей акыркы мык да кагылып бүттү, жүгүргүлө, барып сүйүнчүлөй бергиле. Буюрса, биз да аркаңардан жетип барабыз.

Чабармандар чуркап жөнөштү, бирок усталар аларды алдап коюшкан жокпу деген күмөн саноолор болуп; алар чуркап баратып да улам-улам аркаларына кылчактап, а усталар алардын артынан ушунчалык шашып жөнөшкөндүктөн, алар маанилүү мырзанын алдында кийер кийимдерин кой, үстүндөгү жумушка кийген кемселдеринин топчуларын бүчүлөөгө үлгүрбөй, жолдон топчуланышты. Экөөнүн колунда эч нерсеси жок, а үчүнчүсү Сологойдун колунда жашыл кутучада англиялык болот бүргө бар болчу.

ОНУНЧУ БАШАТ

Казак-орустар Платовго чуркап келишти:

– Мына, аларды алып келдик!

Платов чеберлерге кайрылды:

— Даярбы?

– Даяр, Улуу урматтум!

– Кана, көрсөткүлөчү.

Алар кутучаны Платовго беришти.

Бул учурда экипаж жөнөп кетүүгө даяр эле, арабакеч жана казак-орустар ордуларына олтуруп, шапалактарын булгалап аттарды айдоого даярданып калышкан.

Платов жашыл баркытка оролгон кутуну ачып, андагы кебезге оролгон алтын кутучаны, кутучадан бриллиант жаңгакты алып карады, бирок ал жерде англис бүргөсү ошол эле бойдон эч өзгөрүүсүз жатканын көрдү.

Платов ачуулана кетти:

— Ой, акмактар! Бул эмне кылганыңар? Өкүмдардын көңүлүн көтөрөр ишиңер кайда?

Усталар эч камырабай жооп беришти:

— Жасаган ишибиз ушул жерде.

— Түшүндүрүп бергилечи.

— Түшүндүрүүнүн не кажети бар? Жакшылап карасаңыз, барын өз көзүңүз менен көрөсүз.

Платов кыйкырып жиберди:

– Бүргөнүн ачкычы кайда?

— Ал ордунда, — дешти чеберлер, — Бүргө да, анын ачкычы да жаңгактын ичинде.

Платов ачкычты алайын деп, бирок манжаларынын эби келбей, канча аракет кылды. Бүргөсү да, ачкычы да колго илинбей, ачуусу кайнап, карапайым казактардай эле ышкырта сөгүндү:

— Эй акмактар, колунан эч нерсе келбеген кемпайлар, кылган бир ишиңер жок, кылмак тургай муну бузуп да салгансыңарбы! Азыр силердин башыңарды алам!

– Бекеринен бизди таарынтып жатасыз, биз сизден, өкүмдардын элчисинен кандай кордук көрсөк да чыдоого мажбурбуз, бирок сиз бизден күмөн санап, өкүмдарды алдады деп ойлогонуңуз үчүн биз азыр сизге ишибиздин сырын айтпайбыз. Бизди өкүмдардын алдына алып барыңыз, ошондо ал биздин кандай адам экенибизди, биз аны уят кылбаганыбызды өз көзү менен көрөт.

Платов ачуусуна чыдабай бакырды:

– Силер калп айтасыңар, шылуундар, силер менден оңой кутулам деп ойлобогула, араңардан бирөө мени менен Петербургга барат, ошол жерде эмне амалыңар бар, көрөм.

Ал өзүнүн жоон бирок кыска манжалары менен Сологойдун жакасынан жулкуп тартып арабага олтургузганда, бүчүлүктөрүнүн баары жулунуп кетти.

– Отур, – деди ал – Петербургдун өзүнө чейин барып кылган ишиңер үчүн өзүң жооп бересиң. А сен, — деди арабакечке, — көзүңдү чоң ачып жакшылап айда! Эртеңки күнү мен өкүмдардын алдында тургандай болоюн!

Жолдошунун тагдырына кабатыр болушкан чеберлер:

– Ал үстүндөгү кийимин которуп кийип алсын, бул кийими менен өкүмдарга кантип кирет? Ушул кейпи менен кайра кантип келет? – деп айтууга гана батынышты. Платов жооп берүүнүн ордуна:

– Мына силерге кийим! — аларга чоң муштумун көрсөттү. Анан казактарга кайрылып: — Айдагыла! – деп бакырды.

Казактар, арабакеч жана аттар бир убакта ишке киришип, Сологойду кийинтпей ошол турган абалында алып жөнөштү, бир күндөн кийин Платов буйругандай, өкүмдардын сарайына жетип келишти, атүгүл колонналардын жанынан өтүп, кайра кайрылышты.

Платов ордунан туруп орден тагылган кемселин кийип, казактарга Сологойду кайтарып турууга буюрду да өкүмдарга жолугуу үчүн кирип кетти.

ОН БИРИНЧИ БАШАТ

Платов өкүмдардын алдына баруудан коркту, анткени Николай Павлович абдан жакшы адам болгон менен эч нерсени унутчу эмес, айтканын аткарбаган адамдарды катуу жазалачу. Платов андан сөзсүз бүргө жөнүндө сурай турганын билген. Платов миң сандаган душмандарынан коркуп көрбөгөн эр көкүрөк болсо да, бул жолу өкүмдар алдына баралбай тайсалдады: кутучаны сарайга ала кирип, бирок коридордогу мештин артына катып койду. Кутучаны каткан соң Платов өкүмдардын алдына келип учурашып, анан дароо Дондогу казактардын жашоосу, алардын ичара мамилелери тууралуу айта баштады. Жаман оюнда ал өкүмдарды ушул сөздөр менен алаксытып, эгер ал бүргө тууралуу сөз козгобосо, унчукпай кете берейин деген. Сөз козголбой, бүргө унутулуп калса аны кеңсенин жоопту кызматкерине тапшырып, а Сологой устаны кокус кереги тийип калгыча белгисиз мөөнөткө зынданга салдырууну чечкен.

Бирок император Николай Павлович эч нерсени унуткан эмес, Платов Дон казактары тууралуу аңгемесин айтып бүтөр замат ал Платовдон бүргө жөнүндө сурады.

– Кана айтыңызчы, менин тулалык чеберлерим англистердин нимфосориясына татыктуу бир нерсе жасай алыштыбы?

Платов оюндагысын айтты.

– Улуу даражалуум, – деди ал, – Нимфосория мен аларга кандай абалда тапшырсам дал ошол боюнча кыймылдабай, кутучадагы ордунда жатат. Тулалык чеберлер эч нерсе жасай алышкан жок.

Өкүмдар Платовдун сөзүнө ишенген жок.

– Сиз, – деди ал, – кадырлуу карыясыз, бирок сиз айткандай болушу мүмкүн эмес.

Платов болгон ишти болгондой, эч нерсесин калтырбай айтып берди, алардын бүргөнү өкүмдарга көргөз дегенин уккан өкүмдар карыянын далысынан таптап мындай деди:

– Кана, аны мага көргөзүңүзчү. Усталарым мени уятка калтырышпасын жакшы билем. Алар биз дароо эле түшүнбөгөн бир нерсе жасашса керек.

ОН ЭКИНЧИ БАШАТ

Мештин артындагы кутучаны алып чыгышты, чүпүрөк жабуусун сыйрып, алтын кутучада жаткан бриллиант жаңгакты ачышты, ичинде мурда кандай болсо ошол боюнча жаткан бүргөнү көрүштү.

Император муну көргөндө кыйкырып жиберди:

— Бул эмне деген шылдың!

Ошентсе да ал орус усталарына болгон ишенимин жоготкон жок, ал сүйүктүү кызы Александра Николаевнаны чакырууну буйруду. Кызы келгенде ага буйрук берди:

– Сенин манжаларың ичке эмеспи, кичинекей ачкычты алып, бул нимфосорияны мүмкүн болушунча тезирек иштетип көрчү.

Принцесса кичинекей ачкычты алып бурай баштады, бүргө мурутчаларын кыймылдатты, бирок буттары кыймылдаган жок. Александра Николаевна ачкычты аягына чейин бурады, бирок нимфосория мурдагыдай кыймылга келип, өзүнүн таң калыштуу бийин көрсөтө албады.

Платовдун кыжыры кайнап, кулагына чейин кызарып чыкты:

– Оңбогон гана шылуундар! Эмне үчүн ал жерде мага эч нерсе айткылары келбегенин эми түшүндүм. Алардын бир келесоосун ээрчите келгеним жакшы болуптур да!

Бул сөздөрдү айткан боюнча сыртка чуркап чыгып, Сологой устаны төбө чачынан бурай кармап өкүмдардын алдына сүйрөдү. А тигил Платов аны коё бергенде жулунуп, саксайган чачтарын оңдоп алып мындай деди:

– Менин чачымдын көбү мурда эле түшүп калган, эми калганын жулуштун кажети барбы?

– А бул, – деди Платов, – мен силерге ишенип, тапшырып кеткен өзгөчө буюмду бузуп салганыңардын жазасы.

Сологой ага карап мындай жооп берди:

– Сенин бизге көрсөткөн ишенимиң үчүн ыраазыбыз, биз эч нерсени бузган жокпуз. Эң мыкты микроскоп менен карап көрсөңөр, сөзүм калп эмес экенине күбө болосуңар.

Платов микроскоп алып келгиле деп буйрук берүү үчүн сыртка чыгып баратып, Сологойду кекетти:

– Сени шашпа, акмак, келесоо, сага кылбаганды кылбасам элеби.

Казак орустарга Сологойдун колун артына бекем кайырып кармагыла деп буюрду да, өзү дубасын айтып кудайга сыйынып, тепкич менен өйдө көтөрүлдү. Хансарай кызматчылары “Платовдун иши эми бүттү деп ойлошту, буга сүйүнүп андан жүздөрүн үйрүй башташты, анткени анын эрдигин, тайманбастыгын көрө алышчу эмес.

ОН ҮЧҮНЧҮ БАШАТ

Платов Сологойдун сөзүн өкүмдарга жеткизкенде ал сүйүнүп кетти: «Менин орус элим мени алдабай турганын билгем”. Анан ал микроскопту алып келүүнү буйруду.

Буйрук дароо аткарылып, микроскопту алып келишти. Өкүмдар бүргөнү микроскоп менен айланта карап, бирок анын капталдарынан да, жонунан да, курсагынан да эч бир көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүнү таба албады. Ошентсе да өкүмдар дагы эле ишеничин жоготкон жок, болгону Сологой устаны тез алып келүүнү буюрду.

Платов ага мындай деп кайрылды:

– Улуу урматтуум, мен аны иштеп жаткан жеринде кандай абалда турса ошол боюнча алып жүрө бергем, уруксат кылсаңыз анын кебетесин оңдоп-түзөп алып келейин.

– Эч нерсе эмес, – деди император, – кандай абалда болсо, ошол боюнча алып келиңиз.

Платов Сологой устанын жанына келип аны каарый сүйлөдү:

– Эй, акмак, жооп берер учур келди, бас ылдам, бар да өкүмдарга өз жообуңду бер.

Сологойдун чочулап, коркуп калган түрү жок, эч камырабай жооп берди:

— Баргандан качпайм, мен жооп берүүгө даярмын.

Ошентип ал шымынын бир багалеги өтүгүнүн кончунда, бир багалеги сыртында, топчулары жулунуп, жакасы айрылган кир көйнөгүнүн жакасын жакжайтып өкүмдардын алдына жөнөдү. “Өкүмдар мени көргүсү келип жатса, демек, барышым керек, – деп ойлоду ал, – ал эми жасанып, кийинбей ушул бойдон келишиме мен күнөөлүү эмесмин, сураса иштин жайын түшүндүрүп беремин”.

Ал өкүмдарга ийилип таазим кылар замат өкүмдар ага карап мындай деди:

– Бул кандай болуп кетти тууганым, биз микроскоп менен тигиндей да, мындай да карап, көзгө урунарлык эч нерсе көрбөдүк да?

– Улуу даражалуум, а сиз туура карадыңызбы?

– Ал жерде өкүмдардын айланасындагы мырзалар анын өкүмдардын алдында кандай алып жүрүштү түшүнбөгөнүн көрүшүп, ага сылык жана жагалданып сүйлөө керектигин айтып, чурулдап жиберишти.

– Аны жөн жайына койгула, өз билгениндей сүйлөсүн, – өкүмдар аларды тыйды да, Сологойго кайрылды:

– Биз муну моминтип карадык, – ал бүргөнү микроскоптун айнегине койду. – Мына, өзүң карачы, эч нерсе көрүнбөйт ко?

Сологой түшүндүрүп кирди:

– Улуу даражалуум, мындай абалда эч нерсе көрө албайсыз, анткени биздин ишибизди бул өлчөм менен кароого болбойт.

– А кантип кароо керек эле?

– Анын ар бир бутун микроскоптун алдына алып келип тамандарын кароо керек.

– Кантип? Андай кылганда таптакыр эле көзгө илешпейт ко?

– Башка айла жок, биздин ишибизди ошондой кылганда гана көрүүгө болот.

Бүргөнү микроскоптун алдына Сологой айткандай коюп беришти. Өкүмдар аны карар замат жүзү жадырай түштү, жанында бир нече күндөн бери жуунбай карала-торала болгон, топчулары жулунган кир көйнөкчөн шөлбүрөк Сологойду кучагына бек кысып, өөп жиберди. Анан тегерегинде таңыркаган жан-жөкөрлөрүнө карап бакылдады:

– Көрдүңөрбү, менин орустарым эч качан уятка калтырышпасын жакшы билгем. Өзүңөр карагылачы, бул шылуундар бүргөнү такалап салышыптыр!

ОН ТӨРТҮНЧҮ БАШАТ

Бардыгы карай башташты: бүргөнүн буттары чындап эле кадимки така менен такаланыптыр, ал эми Сологойдун айтымында, бул дагы таң калыштуу эмес экен.

– Эгерде, – деди ал, – муну беш миллион эсе чоңойткон жакшы микроскоп болсо, ар бир такада аны жасаган орус устасынын аты жазылып турганын көрүүгө болот.

– А сенин атың да ошол жерде жазылганбы? — деп сурады өкүмдар.

– Жок, менин атым эч жерде жазылган жок.

– А эмне үчүн жок?

– Анткени, – деди ал, – мен бул такаларды каккан мыктарды жасадым, эми аны эч кандай микроскоп менен көрүүгө мүмкүн эмес.

Таң калганын жашыра албаган өкүмдар суроо узатты:

– Мындай көзгө илешпеген нерсени жасоого кандай микроскопту пайдаландыңар?

– Биз жакыр адамдарбыз, андай кымбат буюм алганга шартыбыз жок, өз көзүбүзгө гана ишендик.

Сологойдун иши өргө чыга баштаганын көргөн башка ордо кызматкерлери да аны тегеректеп алып өпкүлөй башташты, а Платов ага жүз сом сунуп мындай деди:

– Чачыңды жулганым үчүн кечирип кой, бир тууганым.

– Кудай кечирсин, мындай нерселер башыбыздан биринчи жолу өтүп жаткан жок.

Ал башка эч нерсе айткан жок, аны менен сүйлөшкөнгө башкалардын убактысы да жок болчу, анткени өкүмдар бул нимфосорияны дароо Англияга кайтарып берүүнү буйурду, бул – аларга силердин белегиңер бизге анча деле таң калыштуу болгон жок деген ишарат. Ал эми бүргөнү бардык тилдерди билген атайын чабарманга тапшырып, аны менен Сологойдун да кошо барышын, ал өз ишин англичандарга түшүндүрүп Тулада кандай чеберлерибиз бар экенин көрсөтүшүн буйрук кылды.

Платов Сологойду чокундуруп ага батасын берди.

– Жолуң шыдыр болсун, – деди ал, жолдо зерикпей барышың үчүн өз шарабымдан жиберем. Аз ичпе, көп да ичпе, ченеми менен ичип бар.

Ал айтканын аткарды. Ал эми граф Кисельвроде кызматчыларга Сологойду Туляковонун жалпы эл түшкөн мончосунда жуунтуп, чач тарачка алып барып, анын кандайдыр бир даражасы бар адам сыяктуу кабыл алыш үчүн, кандайдыр бир наамы бар кызматкерлер салтанаттуу учурларда кийчү кафтанды кийгизүүнү буюрду.

Ошентип аны жасалгалап кийинтишти, жолго Платовдун кычкыл шарабынан берип, иче-карды чайпалбас үчүн белине кемер курду бекем тартып, Лондонго жөнөтүштү.

ОН БЕШИНЧИ БАШАТ

Сологой менен чабарман аябай тездикте келе жатышты, Петербургдан Лондонго чейин эс алуу үчүн эч жерде токтошкон жок, болгону ар бир станцияда ичеги-карын менен өпкө аралашып кетпеши үчүн кемер курду улам бир тешикке кыскартып турушту; анткени Сологой өкүмдардын кабыл алуусунан чыккан соң Платовдун буйругу менен, шарап кенен кесир бөлүнүп, ал башка тамакты ичип-жебей, шараптан каалашынча ичип, бүткүл Европаны орус ырлары менен жаңыртып келатты, тек гана кайырмасын бөтөнчө кылып: «Ай люли – се тре жули » деп кайырып жатты.

Чабарман Лондонго келери менен сандыкты тиешелүү адамдарга тапшырганы жөнөдү, Сологойду мейманкананын бөлмөсүндө калтырды, бирок ал бул жерден бат эле зеригип, анын үстүнө курсагы да ачкан эле. Ал эшик каккылап, тейлөөчү кызматкерге оозун көрсөттү, кызматкер аны ошол замат тамактануучу жайга алып барды. Сологой үстөлгө барып көпкө олтурду, бир нерсе сурайын десе англис тилин билбейт.

Бир кезде эмне кылыштын амалын тапты: колундагы шакеги менен үстөлдү тарсылдатып, сөөмөйү менен оозун көрсөттү. Англистер ар түркүн тамак-аштарын көтөрүп келе башташты, бирок ал өзүнө жакпаганын алган жок. Алардын оттон жаңы эле чыгарган килкилдеген тамагын алып келишкенде “Мен мындай тамакты жесе болорун да билбейм” – деп артка кайтарды. Алар башка тамактарын алып келишти. Ал тургай алардын арагын да ичкенден баш тартты, анткени анын өңү көк таш кошуп койгонсуп көгүш тартып турган. Ал ошончо тамактын ичинен өзү жакшы билген баклажандан жасалган ашты тандады да, салкында чабарманды күтүп олтурду.

Ал эми чабарман нимфосорияны тапшырган өкүлдөр ошол эле замат эң күчтүү микроскоп алдырып, бүргөнү карап, майда-баратына чейин сүрөттөп, эртең жалпы элге жеткирүү үчүн кабарды даярдай салышты.

– Ал эми бул ишти жасаган чеберди, – дешти алар, – биз азыр эле көргүбүз келет.

Чабарман аларды мейманканага, ал жерден тамактануучу жайга ээрчитип барып: “мынакей, ал киши!” деп беттери бир топ тамылжып калган Сологойду көрсөттү.

Англичандар аны өздөрүнө тең ата кабылдашып, далысынан таптап, колунан кыса кармап көрүшүштү. “Камрад, – дешти алар, – камрад – сен чебер уста экенсиң, бул тууралуу шашпай сүйлөшөбүз, а азыр сенин ден-соолугуң үчүн ичели”.

Көп шарап алдырышып, биринчи чөйчөктү Сологойго сунушту, а ал сыпайгерчилик көрсөтүп, чөйчөктү дароо эле көтөрүп жиберген жок, – балким булар көрө албастык кылып ууландыргылары келгендир деген ой кетти ага. 

– Болбойт, бул туура эмес, – деди ал, – бир учурда Польша да кожоюнсуз калган,– адегенде өзүңөр ичкиле. Анличандар бардык шараптардан ооз тийип, андан соң Сологойго куюп беришти. Ал ордунан туруп, адатынча сол колу менен чокунду да, – ден-соолукта бололук! — деп чөйчөктү көңтөрүп ичип жиберди.

Алар анын сол колу менен чокунганын көрүп чабармандан сурашты:

– Бул киши лютеранчыбы же протестантпы? – дешти.

– Жок, – деди берки чабарман, – ал жөн гана орус дининдеги адам.

– Ал эмне үчүн сол колу менен чокунду?

– Анкени ал сологой, бардык ишти сол колу менен жасайт.

Англистер ого бетер таң калышты.

Сологой менен чабарманды үч күн бою сыйлашып, баш көтөрбөй ичкенден кийин “Болду, ушул ичкенибиз жетиштүү” деп токтошту. Кайра-кайра жыпар суу ичип жатып эс алышкан соң Сологойго суроо беришти:

– Кайдан окудуң эле? Канча жылдан бери арифметиканы билесиң?

– Биздин билимибиз эң жөнөкөй: Псалтыр менен Полусонникти окуйбуз, арифметика менен тааныштыгыбыз жок.

Ангичандар таң калып, бири-бирине карашты.

– Бул аябай таң калыштуу.

– Бизде бардык жерде эле ошондой, — деди Сологой аларга.

– Орусиядагы “Полусонник” деген эмне болгон китеп?

– Бул мындай, – деди Сологой, – Псалтырда падыша Давид кандайдыр бир нерселерди түшүнүксүз айткан болсо, Полусонниктен кошумча түшүндүрмөлөрдү таап алабыз.

– Аттиң ай, силер жок дегенде арифметиканын төрт амалын билгениңерде, Полусонникти толук билгенден да пайдалуу болмок. Анткени, ар бир машинанын күч-кубатын эсептөө керектигин билмексиңер; силер колунан көөрү төгүлгөн чебер экенсиңер, бирок бүргө сыяктуу кичинекей машина так эсептелип жасалгандыктан таканы көтөрө албасын ойлогон эмессиңер, ошондуктан бүргө эми бийлемек тургай секире албай калыптыр.

Сологой тигилердин айтканына макул болду.

– Бул айтканыңарда талаш жок, – деди ал, – биз билим жагынан алыс кете алган жокпуз, бирок мекенибизге чын дилибизден берилгенбиз.

– Бизде калыңыз, сизди окутуп билим беребиз, ошондо сизден дүйнөгө атагы чыккан теңдешсиз чебер уста чыгат.

Бул сунушка Сологой макул болгон жок.

– Менин, – деди ал,– ата-энем бар.

Англистер ата-энесине акча жиберебиз деп убада кылышты, ага да Сологой макул болбоду.

– Биз, –деди ал, – өз мекенибизсиз жашай албайбыз, атам кары, энем да улгайып калды, өз чиркөөбүзгө барып көнүп алган, а мен бойдокмун, бул жерде жалгыз жүрө албайм.

– А сиз көнөсүз, биздин мыйзамдарды бат эле үйрөнөсүз, биз сизди үйлөнтүп коёбуз.

– Эч качан андай болбойт, – деди Сологой.

– А эмне үчүн?

– Анткени ,– деди Сологой, – биздин орустар карманган ишеним абдан туура, ага ата-бабаларыбыз ишенген, биз, алардын урпактары да ага ишенип, аны сакташыбыз керек.

– Сиз, – дешти англистер, – биздин динди билбейт окшойсуз: биз деле силер сыяктуу христиан мыйзамдары жана ошол эле Евангелия менен жашайбыз.

— Евангелия, — дей салды Сологой, — чындыгында эле баарыбызга бирдей, бирок биздики силердикине караганда калыңырак жана ишенимибиз күчтүү.

– А эмне үчүн ошондой деп ойлойсуз?

– Анткени бизде айныксыз далилдер бар.

– Ал эмне деген далилдер?

– Ал мындай, – деди Сологой. – Бизде кудайдын элесин берген иконалар жана ыйыктардын табыттары бар, а силерде дем алыш күндөн башка көрүнүктүү майрамыңар жок. Экинчиден, мыйзам менен баш коштурсаңар да мага англис кызы менен жашоо жагымсыз.

– Эмне үчүн? Сиз жийиркенбей эле коюңуз, биздин кыздарыбыз деле абдан таза кийинет, чарбачыл болушат.

– Мен аларды билбейм.

– Ал анча деле маанилүү эмес: бат эле тааныштырабыз, атайын сиз үчүн кароо өткөзөбүз.

Сологой уялып кетти.

– Анын эмне кереги бар, – деди ал, – бекер эле кыздардын башын айлантып. Кароо өткөзүү – бул кожоюндар үчүн, бирок бизге жарашпайт, муну Тулада билип калышса, мени аябай шылдыңдашат.

– А эгерде, – деп кызыгышты алар,– силер кароо өткөзбөсөңөр, анда колуктуну кантип тандайсыңар?

Сологой өз өлкөсүндө мындай иш-чаралар кандай өтөрүн түшүндүрө баштады.

– Бизде, эркек үйлөнгүсү келсе, кыздуу үйгө жуучу аялды жиберет, ал барып сылыктык менен келген максатын түшүндүрөт, кызды сындан өткөзөт, кыз сынга толсо кудалашып кайтат.

Англистер анын айтканын түшүнүштү, бирок бизде силердикиндей иш билги аялдар жок болгондуктан андай салттыбыз да жок дешти.

– Андай болсо убара болбогула,– дебеспи анда Сологой. – Анткени, мындай иштерди чын дилиң менен жасашың керек, а мен башка улуттун кыздарына көңүлүм чаппагандан кийин кыздардын башын айлантып не кылам?

Англистерге анын айткан орундуу сөздөрү жакты, алар кайрадан аны далыга таптап, колдорун кысып, суроо узатышты:

– Биз жөн гана билгибиз келет, айтыңызчы, биздин кыздардын кандай кемчиликтерин байкадыңыз, эмне үчүн алардан баш тарттыңыз?

– Мен аларды жаман деп деле айтпайм, бирок алардын кийингендери жаккан жок. Мага алардын кийимдери жөн эле ийиндерине бир нерсени илип алгансып көрүндү. Алар эмне максатта кийишкенин түшүнбөйм. Белден өйдө жагына башканы, белинен ылдый башканы кийип алышса, алжапкыч байланып алган маймыл сыяктуу көрүнөт экен.

Англистер жыргап күлүп алышты.

– Алар кандай кийинет, сизге кандай айырмасы бар?

– Мага айырмасы деле жок, бирок алар чечингенче карап олтуруунун өзү уят деп ойлойм.

– Силердин кыздардын кийингени биздин кыздардыкынан мыкты дейсизби?

– Бизде Тулада өтө жөнөкөй: бардыгы, ал тургай кадыр-барктуу айымдар да тордолгон көйнөктөдү кийишет.

Англистер аны өздөрүнүн айымдарына тааныштырып, ошол жерден ага чай куюп беришти, анын чайдан бир ууртап алып ичпей олтурганын көрүп сурашты?

– Эмнеге чай ичпейсиң?

– Биз мынчалык таттуу ичип көнгөн эмеспиз.

Алар ага орустардын салты боюнча колуна кесек кант беришти, ал шашпай гана канттан тиштеп, чайдан ууртап баштады.

– Биздин оюбузча чай ушинтип ичкенде даамдуурак болот, – деди Сологой.

Алар ага ары айтып да, бери айтып да көрүштү, бирок Сологой алардын азгырыктарына караманча кашайып алданбады, болгону кыска убакытка калып, алардын заводдору менен өнөрүн көрүп кетүүгө макул болду.

– Андан кийин, – дешти алар, – биз сизди өзүбүздүн кеме менен Петербургга чейин жеткизип коёбуз.

Ал бул сунушка макул болду.

ОН АЛТЫНЧЫ БАШАТ

Ошентип англистер Сологойду алып калып, чабарманды Орусияга жөнөтүштү. Чабарман билимдүү, наамы бар, ар кандай тилди билген адам болсо да, алар ага эмес Сологойго кызыгышты. Алар аны ээрчитип бардыгын көрсөтө башташты: темир иштеткен фабрика, самын чыгарган заводдоруна алып барышты. Ага баары жакты, айрыкча ал жерлердеги тартип, жумушчуларга жасалган камкордуктар көңүлүнө төп келди. Алардын жумушчуларынын курсактары дайыма ток, кийимдери ар кандай самсаалактар эмес, ар биринин ишине ылайыкташып тигилиптир, буттарында башын калай темир менен каптаган бут кийимдер. Мындай бут кийим жумушчулардын буттарын ар кандай кокустуктардан сактайт экен.

Анан да адегенде окутуп, кылар ишин жакшы түшүндүрмөйүнчө иштетишпейт. Ар биринин иш ордунда жазуулар, чиймелер, жадыбалдар жазылган тактайчалар илиниптир, ар бир чебер бир нерсе жасаганда улам чиймелерди карап салыштырып, бир нерселерди өчүрүп, бирде кайра жазып, жадыбалга тууралашарын көрдү. А майрам күндөрү жасанып кийинип, эки-экиден колтукташып сейилдейт экен.

Сологой алардын жашоолорун, кылган иштерин жетиштүү эле көрдү, бирок англистерди таң калтырганы – ал жаңы мылтыктарды кантип жасашканына эмес, а эски мылтыктардын кандай сакталганына көңүл бурганы.

Жаңы мылтыктарды бир карайт да мындай дейт:

– Мындай мылтыктарды жасоо биздин колдон деле келет.

Ал эми эски мылтыктарга келгенде сөөмөйүн мылтыктын түтүгүнө салып сыйпалап көрөт да, – бул биздин мылтыктарга караганда эң сонун, – деп үшкүрүнөт.

Англистер анын эмнеге таң калганын түшүнө албай коюшту.

– Айткылачы, биздин генералдар келгенде бул мылтыктарды көрүштү беле? – деп сурады тигилерден.

– Бул жерде болгондору көрүшсө керек.

– А алар мээлейчен беле же мээлейлери жокпу?

– Силердин генералдар дайыма тыкан, алар кайда жүрсө да колдорунда мээлей. Бул жерге келгенде деле ошондой болсо керек, –деп жооп беришти англистер.

Сологой унчуккан жок. Бирок капыстан эле тынчы кете баштады. Ал тажай баштаган.

– Силердин урмат-сыйга чоң ыракмат, ыраазымын, көрчүмдү көрдүм, укчумду уктум, эми тезирек үйгө кетсем дейм.

Алар аны мындан ары кармай алышкан жок. Аны кургак жер аркылуу жибергенге болбойт, ал башка тилди билчү эмес, бирок деңиз менен жиберүү да жакшы эмес болчу, анткени күз болуп калган, бороон-чапкындуу мезгил эле, тиги болсо мени коё бергиле деген сөзүнөн танган жок.

– Бороон өлчөгүчтү карадык, бороон болот, чөгүп өлөсүз. Бул силердин Финляндия булуңу эмес, бул жер чыныгы Катуу Жер деңизи.

– Кайда өлсөң да баары бир эмеспи, Кудайдын буйругуна баш ийип, маңдайга жазганды көрөбүз. Тезирек үйүмө жетпесем жинди болуп кетмей болдум.

Алар аны күч менен кармашкан жок: тамактандырып, акча беришти, эстелик катары ага алтын саат тартуулашты, кеч күздө деңизде суук болгондуктан ага башында чүмкөмөсү бар жылуу кемсел кийгизишти. Абдан жылуу кийинтип, Сологойду Орусияга бараткан кемеге алып барышты. Бул жерде алар Сологойду чыныгы мырзадай эң сонун жылуу каютага жайгаштырышкан, бирок ал жабык бөлмөдө башка мырзалар менен отурганды жактырчу эмес, уялчу, ошондуктан палубага чыгып, таардын астына отуруп алды. Улам, “биздин Орусия кайда?” – деп сурап коёт. Ал суроо берген англис колун же башын жаңсап көрсөткөн жакты чыдамсыздык менен карайт.

Кеме Катуу жер деңизиндеги кырсыктан чыгары менен анын Орусияга болгон кусалыгы ушунчалык күчөп, аны тынчытуу мүмкүн болбоду. Деңизде чоң толкун башталып, палубада калуу кооптуу боло баштаган, бирок Сологой башынан чүмкөмөсүн түшүрбөй көгөрүп, ата-мекени тараптан көзүн албай, таардын алдынан жылбай койду.

Англистер кайра-кайра аны жылуу каютага түшүшүн суранып жатышты, бирок ал алардын келгенин жактырган жок.

– Менин өз жайыма койгулачы, бай болгурлар, мага ушул жер жагат; жабык жерге киргенде башым тегеренип, ооруп калам, –деп чукчуңдай баштады.

Мындай абал биздин Сологойдун шоруна орусча тил билген кеменин жарым шкипери менен жакындан таанышып, ага жагып калганга чейин уланды. Ал киши бул мурда деңизде болуп көрбөгөн орус деңиздин катаал шартында аба-ырайынын бардык кыйынчылыктарын чыдамкайлык менен көтөргөнүн көрүп, таң калды.

– Сен азамат экенсиң, Орус! Кел ичебиз!

Сологой макул болуп, куюп бергенин ичип жиберди.

– Кайталайлыкпы!

Сологой унчукпай алып жиберди. Андан ары сураткан жок. Ичип олтурушуп жарым шкипер суроо узатты:

– Сен биздин өлкөдөн кандай жашыруун сыр үйрөндүң?

– Ал менин ишим, – деди Сологой.

– Андай болсо, кел экөөбүз англистерче мелдешелик.

– Кантип?

– Ал мындай, канча ичсек да чогуу, бирдей өлчөмдө ичебиз. Ким мас болбой ичсе, утуш ошонуку. Биринчи мас болгон утулат.

Сологой ойлоду: Асманда шамал, курсакта жел ойнойт. Мекенимдин карааны көрүнбөйт. Узак жолдо зеригип олтургуча мелдешсе мелдешейин, жок дегенде убакыт көңүлдүү өтсүн.

– Жакшы, – деди ал, – Мен макулмун!

– Бирок таза ойнойлу.

– Ага сары санаа болбо.

Экөө кол алышып, мелдеш башталды.

ОН ЖЕТИНЧИ БАШАТ

Алар мелдешти Катуу Жер деңизинен баштап, Рига Динаминдесине чейин улантышты, бирок экөө бири-бирине алдырышкан жок, ушунчалык тең жарыша ичип, бирдей абалда болушкандыктан, бири деңизге көз чаптырып, деңизден чыгып келаткан Шайтанды көргөндө, аны экинчиси да көрдү. Бир гана талашы жарым шкипер аны кызыл чачтуу, быштактай сары неме экен десе, Сологой момолой чычкандай капкара дегеничи.

Бир кезде Сологой мындай деди:

– Чокун да, ордуңдан жылбай бир айлан – бул терең иримден келген шайтан.

Ал эми англис "бул деңиз көздүү" деген жаныбар деп талаша кетти.

– Каалайсыңбы, азыр сени деңизге ыргытайын? – деди ал. – Коркпо, ал сени азыр эле кайра мени көздөй ыргытат...

– Андай болсо ыргыт, – деди, – Сологой.

Жарым шкипер аны аркасынан кучактап, кеменин капталына алып жөнөдү.

Кудай жалгап аларды матростор көрүп, кармап калышты да, болгон окуяны капитанга жеткиришти. Капитан экөөнө ром, шарап, муздак тамактардан берип төмөн жактагы бөлмөлөрдүн бирине камап салууну буюрду.

– Мелдешин ошол жерде уланта беришсин, бирок ысык тамак бербегиле, анткени алардын ичиндеги спирт от алып кетиши мүмкүн, – деди капитан.

Ошентип аларды Петербургга чейин бөлмөдөн чыгарбай камаган боюнча алып келишти, бирок алардын бири да мелдеште утулуп берген жок; анан аларды ар башка арабага салып, англиялыкты Аглицкая көчөсүндөгү элчиликтин үйүнө, ал эми Сологойду — Петербургдун бир кварталына алып барып ташташты.

Ошондон кийин алардын тагдыры кескин түрдө айырмалана баштады.

ОН СЕГИЗИНЧИ БАШАТ

Алар англисти элчиликтин үйүнө алып келери менен дароо дарыгер менен фармацевтти чакырышкан. Дарыгер аны жылуу ваннага киргизүүнү буйруду, фармацевт дароо гуттаперча таблеткасын даярдап, аны башынан жөлөп өзү ичирди, анан экөөлөп көтөрүп, мамык төшөккө жаткырып, тердесин деп үстүн жылуу кемсел менен жаап коюшту. Анын тынчын албаш үчүн элчиликте иштегендердин бардыгына бири да чүчкүрүүгө батынбасын деген буйрук берилди. Доктур менен фармацевт жарым шкипер уктап калганча күтүштү, анан ага дагы бир гуттаперча таблеткасын даярдап, башынын жанындагы үстөлгө коюп, кетип калышты.

Ал эми Сологойду кварталга алып барып ыргытып жиберишти.

– Сен кимсиң, кайдан келдиң, паспортуң же башка документиң барбы? – деген приставдын суроосуна оорудан, ичкиликтен алсырап, кыйналган неме бир ооз сөз менен да жооп бералбай, онтолоп жатты. Ошондо аны дароо тинтип, түстүү көйнөгүн, алтын саатын чечип, акчасын алып кетишти, пристав аны чана менен ооруканага бекер жеткирүүнү буйурду.

Полицай Сологойду чанага олтургузганы жетелеп жөнөдү, бирок көпкө чейин чананын бирөөнү да кармай алган жок, анткени таксилер полициячылардан кача турган. Ал учурда Сологой муздак, сыз жерде жатты; акыры полицай такси кармады, бирок такси айдаган арабакеч жамынчыга жылуу төшөк берген жок, алар мындай учурда полицейлердин буттары тезирек үшүсүн деп жамынчыларын катып коюшчу. Алар Сологойду жамынчы жаппай алып жөнөштү, ал аз келгенсип бир чанадан экинчисине которуп, кулагынан чойгулашып, эсине келтире албай улам тоголотуп жатышты. 

Аны бир ооруканага алып келишсе, документсиз кабыл алышпай, экинчисине алып келишти. Ал жактан да кабыл алышкан жок, үчүнчүсү, төртүнчүсүнө алып барышты – таң атканча алыс, бузулган жолдор менен ары-бери сүйрөп жүрүп, бүт денесин жанчып салышты. Бир оорукананын жардамчы дарыгери полицейге аны Обухвинск элдик ооруканасына алып бар деп кеңеш берди, ал жерде эң төмөн катмарда жашаган өлүм алдындагы адамдардын баарын кабыл ала беришет экен.

Бул жерде алар тил кат бергиле деп талап кылышты, ал эми Сологойду маселе чечилгиче коридордо полго жаткызып салышты. Эртеси англистердин жарым шпикери эсине келип, дарыгерлер даярдап кеткен гуттаперча таблеткасын жутуп, жеңил тамакка даярдалган тооктун этин ыракаттанып жеп, артынан таттуу шире ичип жатып сурады:

– Менин орус досум кайда? Мен аны издеп табышым керек.

– Ал кийинип алып көчөгө чыгып кетти.

ОН ТОГУЗУНЧУ БАШАТ

Таң калыштуусу, жарым шкипер кандайдыр бир жол менен көп өтпөй эле Сологойду таап алды, бирок алар аны дагы эле керебетке жаткызбаптыр, ал коридордо жерде жатып, англичанга арызданды.

– Мен, – деди ал, – Өкүмдарга эки ооз сөз айтышым керек.

Англис граф Кляйнмихельге чуркап келип ызы-чуу салды:

— Кантип ушундай болсун! Тону кой терисинен болсо да, жаны адамдыкы да.

Кичинекей адамдын жанын эскерүүгө батынган үчүн англиялыкты ал жерден түртүп чыгарып салышты. Кимдир-бирөө ага:

— Казак Платовго кайрыл, ал карапайым адамдарды жакшы түшүнөт, — деген кеңешин берди.

Англис дагы эле диванында жаткан Платовго барды. Платов аны угуп, Сологойду эстеди.

– Ооба, тууганым, – деди ал, – мен аны тааныйм, ал тургай чачын да жулгам, бирок өкүнүчтүүсү, мындай оор учурда ага кантип жардам берүүнү билбейм; анткени мен буга чейин кызматымды толук өткөзүп бергем, өтөгөн кызматым үчүн өкмөттөн акча алам, бирок азыр мени сыйлашпайт, сөзүмдү угушпайт. Сен комендант Скобелевге барып тез айт, бул иш ошонун колунан келет.

Жарым шкиптер Скобелевди таап, Сологойдун кандай оору менен ооруганын жана азыркы абалын айтып берди. Скобелев мындай деди:

– Мен бул ооруну түшүнөм, аны немистер дарылай алышпайт, мындай учурда дин кызматкерлеринен бир дарыгер керек, анткени алар мындай оорулардын далайын айыктырышкан, ошолор гана жардам берет. Мен азыр ошондой орус дарыгери Мартын-Сольскийди ал жакка жиберем.

Бирок Мартын-Сольский келгенде Сологой полдо жата берип таптакыр алы калбаган экен. “Өкүмдарга айтып койгула, британдыктар мылтыктарын кирпич менен тазалашпайт экен: биздикилер да тазалашпасын, кудай сактасын, бирок кокус согуш чыкса кирпич менен тазаланган мылтыктар атканга жарабайт” – дегенге араң жарап чокундуп, ошол мекенине болгон берилгендиги менен бул жалган дүйнөдөн узап кетти.

Мартин-Сольский дароо барып Сологойдун сөзүн өкүмдарга жеткизүү үчүн граф Чернышевге билдиргенде, граф Чернышев ага кыйкырып коё берди:

– Сен, – деди ал, – кустуруучу жана ич алдыруучу дарыларыңды бил, бирөөнүн ишине кийлигишпе: Орусияда бул үчүн генералдар бар.

Сологойдун керээзи Өкүмдарга Крым кампаниясына чейин жеткен жок. Ошондуктан кирпич менен тазаланган мылтыктардын сайлары жешилип калгандыктан атылган октор алыс учпай, мээлеген жерге жетпеди.

Мартын-Сольский Чернышевге Сологойдун айтканын эсине салганда граф Чернышев аны опузалаганга өттү:

– Шайтан алгыр, оозуңду жап, болбосо бул жөнүндө сенден эч качан уккан эмесмин деп танып койсом, өзүң эмне болоруңду билесиңби?

“Бул айтканын кылары бышык” – деп ойлоду да, Мартын-Сольский унчукпай калды.

Балким Сологойдун сөзүн өз убагында Өкүмдарга жеткиришкенде, Крымдагы душмандар менен болгон согуштун жыйынтыгы таптакыр башкача болмок.

ЖЫЙЫРМАНЧЫ БАШАТ

Эми мунун баары “өткөн күндөрдүн иштери”, “байыркынын уламышы” болуп калды. Өтө маанилүү болбосо да, уламыштын сюжети жомокко жакын экендигине жана анын каарманынын эпикалык мүнөзүнө карабастан, бул уламышты унутуп коюуга шашылуунун кереги жок. Сологойдун өз аты, көптөгөн улуу генийлердин ысымдары сыяктуу эле урпактар үчүн белгисиз боюнча калды. Бирок элдик фантазия менен персоналдашкан миф катары ал кызыктуу, анын кылык-жоруктарынын жалпы духу таамай жана туура тартылган бир доордун элеси болуп кызмат кыла алат.

Сологойго тең келүүчү чеберлер, албетте, Тулада азыр жок: ар кандай машиналар таланттар менен шыктуулардын айырмасын жокко чыгарып салды, а даанышман эмгекчилдик менен тактыкка каршы күрөштө алдыга чыгууга умтулбайт. Кирешенин жогорулашын шарттаган менен машиналар көркөм чеберчиликтин өсүшүнө өбөлгө түзө алышпайт, кээде ченеминен ашып кеткен элдин кыялы гана мына ушундай жомок сыяктуу керемет уламыштарды жаратууга шыктандырып келген.

Эмгекчилер, албетте, механикалык илимдин практикалык приборлору алып келген пайданы баалай билишет, бирок алар мурдагы эски заманды сыймыктануу жана сүйүү менен эскеришет. Бул алардын эпосу, болгондо да, абдан "адамдык жүзү менен”.

1881

Орусчадан которулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз