Ольга Алекперова: Кемпирди «кыздыгынан» ажыраткан Тбилисидеги тамаша

  • 31.05.2023
  • 3401

Сүрөт https://web.telegram.org/ булагынан алынды.

Белгилүү грузин кино режиссёру, сценарист, жазуучу, актёр, продюссер, педагог Ираклий Квирикадзе Батуми шаарында 1939-жылы туулган.

Сергей Паражанов 1924-жылы Тбилиси шаарында туулган кино режиссёр жана художник. Союз убагында ал бөтөнчө ойлонгондордон эле (азыркы тил менен айтканда “бузуку”). Табиятынан гей болуп туулганы үчүн түрмөдө жатып чыккан.

Марчелло Мастроянни 1924-жылы Италияда туулган. Атактуу кино актёр.

Федерико Фелини 1920-жылы Италияда туулган. Атактуу кино режиссёр. Паражанов түрмөдө жатканда Марчелло менен Федерико материалдык да, моралдык да колдоо көрсөтүп турушкан.

Караңгы түндө Ираклий Квирикадзе Марчелло Мастроянни менен котормочуну Паражановдун үйүнө ээрчитип келет, бүт терезелери караңгы. Жүрөгү опкоолжуган Ираклий эшикти акырын түртсө, анысы кыйчылдап араң ачылат. Үчөө жүрөк үшүн алгандай капкараңгы үңкүргө киришет. Ал аңгыча бөлмө ичи көз уялта жарк дейт!..

Сергей ардактуу конокторун күтүп отурган экен, дасторкон үстү жайнайт, досторун чакырыптыр – отуздай киши. Мында сүрөтчү-художник, Тбилисидеги белгилүү мончонун жышыгычы, архитектор, операнын суфлёру, «Грузия-фильм» киностудиясынын парторгу, бриллиант сатып алуучу, врач, чач тарач...

Тамашакөй Паражановдун ошол түнкү ашкере тамашасынан отургандар кыраан-каткы күлүп, дубалдар титирейт. Көп узабай котормочуну унутуп да коюшат, бирок талант деген талант ко, ал кайсы тилде болсо да түшүнүшөт эмеспи. Таңкы саат төрттө Паражанов Коте-Месхи көчөсүнө Мастрояннини узатып чыгат. Сергей Тбилисидеги эски үйлөрдүн бирине, жапыз балкондун астына токтойт. Шакаба уланчудай болуп калат.

Ираклий Квирикадзе "Паражаниада" очеркинде эки кино генийинин ортосундагы маекти минтип чагылдырат:

– Марчелло, сенин махабатың ушул жерде жашайт. Ал өмүр бою сени гана күтүп келет, Марчелло Мастроянни.

– Менин махабатым? — кайталап сурайт Марчелло. 

– Анын аты Шушанна. Кыздыгы алына элек али... Ал жетимиш төрт жашта!

Марчелло көздөрүн алайтып, Паражановду суроолуу карайт:

– Жетимиш төрттө?

– Ал сен үчүн сактап келет! Өмүр бою! Эми мына, сен келдиң!

Паражанов короодон таап келген бамбук тепкичин балконго жөлөп, үстүгө көтөрүлөт. Эси оогон Марчело таңгалып, жаңы досунун артынан өйдөлөйт. Алар уктоочу бөлмөгө башпагышат.

Ай шооласы төгүлгөн керебетте Шушанна уктап жатканы.

Мастроянни Феллини тарткан "Сегиздин жарымы" көркөм тасмасындагы колтойгон Сарагинаны эстейт: католик коллежинин балдары берген бир нече лира үчүн туурасынан жайылган айым алигиче көз алдында... Деңиз жээгинде, жамбаштарын титиретип, кучак жеткис куйругун калчап румба бийлегенин айт...

Экөө керебетке акырын жылып келишет. Сергей эңкейип шыбырайт:

– Шушанна, сен уктап жатасыңбы? Минтсең баарынан кур каласың! Көзүңдү ач, жаным!

Эки жүз килограммдык картаң аял көзүн умачтай ачары менен Сергейди таанып, сурап турганы:

– Дагы эмнеге келдиң, эшек?

— Эмне жөнүндө кыялданып жатасың, Шушанна? Мастроянни дале сүйөсүңбү?

— Мастроянни? Ооба...

– Мына ал! Кучакта!

Бул сөздү айткан Сергей уят-сыйды унутуп эле Марчеллону көк желкеден алып, тумшугун Шушаннанын көлкүлдөгөн көкүрөгүнө ныгырат.

Шушанна дале ишенбейт:

– Чын элеби, өзүбү?

Марчелло башын көтөрүп жылмаят. Өзүн бир аз ыңгайсыз сезсе да, тамаша жагып тургансыды. Үлдүрөп үн катты:

– Шушанна, я лублу тебе!

Шушанна тигинин жүзүнө үңүлүп, маңдайында чыныгы Мастроянни турганын баамдайт. Аял күтүлбөгөн жерден күчүнүн болушунча кыйкырып, анын башын кайрадан жалындап турган көкүрөгүнө ныгыра басат. Паражанов уктоочу бөлмөнүн эшигин жаап, балконго чыгат да, орто кылымдагы жарчыдан бетер кыйкырганы:

– Шушанна Казарян кыздыгынан ажырамай болду! Азыр анын шейшебин жайып көрсөтөм!

Кыраан каткы күлкүлөр анын сөзүн жулуп кетет. Ойгонгон кошуналардын шатыра-шатман кыйкырыктары Сололак махалласын үч көтөрөт. Тар көчөгө бөтөлкөлөрүн, сыр-быштактарын, көк-сактарын көтөрүнгөндөр агылып келе баштайт. Узун үстөл пайда болуп, шарап куюлуп, кайрадан ырлар жаңырат.

Бүлбүлдөгөн ай жарыгында Марчелло көп үндүү грузин ырын угуп, кучак жеткис эки кошуна аялды — жандай көргөн күйөрман карыган айымдарды кучактап, чыныгы элдик сүйүүгө толкундана, өзүн бакыттын туу чокусунда тургандай сезет. Ал үнүнүн жетишинче кыйкырды анан: «Урдум «Оскарды», көчүккө тептим! Мен саясый башпаанек талап кылам! Мен эми шул жерде калам, Тбилисиде жашайм!» – деген экен.

Орусчадан оодарган Авазбек Жусупбеков

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз