Иван Тургенев: Кайыр (конкурска №24)

  • 01.06.2023
  • 7812

Сүрөт https://ryfma.com/p/ булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Бир чоң шаарга жакын жерде кенен, чоң жол менен карып бүткөн, оорулуу адам келе жатты.

Ал баскан сайын калтылдайт; анын чийдей болуп ичкерген буттары кадам шилтеген сайын оорлошуп, бири бирине чалынып, буттары өзүнүкү эместей, араң сүйрөп келатты. Үстүндөгү кийими тамтыгы кетип салбыраган, жылаңбаш башы көкүрөгүн карай ылдый шылкылдайт... Анын алы куруп бүткөн эле.

Ал жол четиндеги ташка отурду, эңкейип тизесине чыканактады да эки колу менен бетин жапты – кыйшайып калган салааларынын ортосунан кургак, боз топуракка көз жашы куюлуп жатты.

Ал эсине түшүрдү...

Ал качандыр бир убакта дени соо жана бай болгонун, кантип ден соолугун жоготконун, бар байлыгын башкаларга, досуна да, касына да таратып бергенин эстеди... Азыр болсо бир тиштем нанга зар, - баары ага карабай коюшту, достору болсо кастарынан мурда эле таштап кетишкен... Эми өзүн кемсинтип кайыр суроого батына алабы? Жүрөгүн кайгы да, уят да өйүп турду.

Көз жашы чууруп топуракты ала-була кыла жерге таамп жатты, таамп жатты.

Капыстан анын атынан атап кимдир бирөө чакырды, ал шылкыйган башын өйдө кылды – маңдайында бейтааныш адам турган экен.

Анын өңү бир караганда калбаат, бирок катаал эмес, көздөрүнөн нур жанбаса да жаркыраган, көз карашы кишиден теше өтүп кетет, бирок каардуу эмес эле.

– Сен өз байлыгыңды таратып бердиң, - деген шашпай токтоо сүйлөгөн үн угулду... -  Элге жакшылык кылганыңа азыр өкүнбөйсүңбү?

– Өкүнбөйм, - деп үшкүрүк коштогон жообун берди абышка, - Бирок азыр ачкадан өлүп бара жатам.

– Сага кол созуп кайыр сурабагандар болбогон эле, - деп улантты сөзүн бейтааныш, - өзүңдүн жакшы адам экениңди алар аркылуу далилдегенсиң, эми дагы ошонуңду кылып көрбөйсүңбү?

Абышка эч нерсе дебеди, ойлонуп калды.

– Эми сен намыс дегенди кой, бечара томаяк, - деди кайрадан бейтааныш, - Тур, колуңду сун, башкаларга да өзүнүн жакшы адам экенин далилдегенге мүмкүнчүлүк бер.

Абышка селт этти да, көзүн көтөрдү... Бирок бейтааныш жерге житкендей жок болуп кетти, алыстан бир жолоочу көрүндү.

Абышка ага жакындап келип кол сунду. Ал жолоочу эч нерсе бербестен сурданып, тетири карап бурулуп кетти. Бирок анын артынан дагы бирөө келаткан эле, ал абышкага болор-болбос, жарытпаган кайыр берди.

Алган тыйынга абышка нан сатып алды, сурап жеген наны ушунчалык даамдуу сезилди. Ичинде мурункудай уят уялаган жок, тескерисинче, жүрөгүндө эч кимге билинбеген сүйүнүч пайда болду.

Орус тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз