Рэй Бредбери: Кетчү убак (конкурска №28)

  • 08.08.2023
  • 14856
  • 2

Сүрөт https://smotrim.ru/ булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Бул ой үч күн, үч түндө пайда болду. Ой алмурут тейде бышып жетилсин деп эртеден кечке башында көтөрүп жүрдү. Түнкүсүн тынч бөлмөдө ойдун денеге айланып, кыштак үстүндөгү ай менен жылдыздардын нурларына чагылып, тамырларынан кан жүгүргөнүнө мүмкүндүк берди. Таң агарар алдындагы мемиреген жымжырттыкта бөлмө ичинде тынбай басып жүрүп, ойду абай салып ар тарабынан таразалап көрдү.  Төртүнчү күнү эртең менен көзгө көрүнбөгөн колун сунуп, жетилген ойду алаканына алып, оозуна салып, чайнап, жутуп ийди.

Ал ордунан алынын барынча обдулуп туруп, бардык эски каттарын өрттөп, бирин-экин кийимин кичинекей чемонданына салып, кара костьюм-шымын кийип, моюнуна карганын канатындай кара жагоосун байлады. Босогодо каалаган учурда сахнага секирип чыгып, аны токтотуп, ролду кандай ойногонуна өз баасын берчү сынчыга окшоп, тикирейип аялы турганын далысы менен туйду.

Ал аялынын жанынан капталын салып өтүп баратып, үнүн араң чыгарып кобурады:

– Кечирип кой.

– Кечирип кой! – деп кыйкырды аял. – Бөлмөдө ары-бери сойлоп жүрүп, саякаттын планын түзүп болуп, айтчу сөзүң ушубу?

– Мен план түзбөдүм,– деди эркек. – Мага үч күн мурда аян түштү. Мен өлөт экенмин.

– Алдагыдай дөөдүрөк сөздү токтот, – деди аял. – Жанымды кашайтпа.

Эркектин көзү тунарып, горизонттун чеги тал-тал бөлүнүп, көбөйүп баратты.

– Көк тамырымда кан жай агып жатканын сездим. Сөөктөрүң кычыраганын угуу – үйдүн чатыры астында жылчыктардан түшкөн күн шооласын жана шоолада учкан чаңды карап отурганга окшош.

– Сен жетимиш беш гана жаштасың, – деди зайып. – Эки аягың менен турасың, көзүң көрөт, кулагың угат, тамак жейсиң, жакшы уктайсың, же андай эмеспи? Анан эмнеге былжырайсың?

– Мени менен жашоонун кадимий тили сүйлөшүүдө, – деди абышка. – Цивилизация бизди табигый насилибизден обочолотуп салды. Аралда жашаган бутпарастарды алып көрөлү...

– Мага кереги жок!

– Жалпыга маалым: аралда жашаган бутпарастар качан өлөрүн так билишет. Алар өлөр күнү досторуна жолугуп, кол силкилдетип учурашышат, жыйнаган дүйнөсүн элге таратышат...

– Алардын аялдарында сөз айтканга акысы бар бекен?

– Аялдарына да насип эткен ырыскысын беришет.

– Ошондой эле болсун!

– Досторуна да буйруганы тиет...

– Мен буга макул эмесмин!

– Досторун да куру кол калтырышпайт. Анан каноэлерин күндүн уясын көздөй айдап жөнөшөт. Кайра кайтышпайт.

Аялы отунга кыйылчу жыгачты көргөндөй болуп, күйөөсүн бутунан башына чейин сыдыра карап чыкты.

– Мунуң чыккынчылык.

– Жок, Милдред, жок, бул – кадимки өлүм. Алар муну “Кетчү убак” дешет.

– Кимдир-бирөө кайык жалдап, береги келесоолор эмне кылып жүргөндөрүн билгени барыптырбы?

– Жок. Барган эмес,– деди ачуусун жашыра албаган абышка.– Эгер барса, ишти ойрон кылат.

– Тиги аралда эркектер башка аял алышкан, жайнаган дос табышкан демекчисиңби?

– Жок, жок! Дарманы кетип, жашоонун кызыгы өчө баштаган адам жалгыздыкты, тынчтыкты эңсеп калат.

– Береги келесоолор чындап эле өлүшкөнүн сен далилдеп берчү болсоң, мен каршы сөз айтпайм.– Аялы бир көзүн жүлжүйттү.– Ошол алыскы аралдарда өлгөн көрпенделердин сөөгүн тапкан адам бар бекен деги?

– Алар макулуктар сыяктуу күндүн баткан уясын көздөй сүзүп кетишкени талашсыз чындык. Макулуктар Улуу убакыт келип, өлүшөрүн түшүнүшөт. Мен башка эч нерсе билгим келбейт!

– Эмне экен, сен билбесең, мен билем,– деди байбиче.– Сен “Нейшнл Жиогрэфик” журналынан пилдердин сөөгү чогулган таштандыканалар жөнүндөгү макалаларды көп окугансың.

– Таштандыкана, көрүстөн! – деп кыйкырды абышка.

– Таштандыкана, көрүстөн... Жанагы журналдардын баарын өрттөгөм деп ойлогом. Сен эмне, журналдын бир нече санын катып алган белең?

– Милдред, мени кара, – деди ачууланган абышка чемоданын кайра колуна алып жатып.– Менин оюм түндүктө, сен эмне дебе, оюм өзгөрбөйт. Менин оюм ымыркай духтун чексиз табышмактуу дүйнөсүндө учуп жүрөт.

– Сенин башың мынабу жалаяктай гезиттен окуган акыркы макалага маң болуп калган! – байбиче абышкага сөөмөйүн кезеди.– Мени эмне баарын унуткан дейсиңби?

Абышканын ийиндери шалдая түштү.

– Кел, кайра баштабайлы, суранам.

– Мамонттор менен болгон окуя эсиңдеби? – деп сурады аял.– Отуз жыл мурда орус тундрасында жүндөрү самсаалаган мамонттордун музда тоңгон денелери табылбады беле. Ошондо сен жанагы карт кеңкелес Сэм Херц экөөң “Дүйнөлүк базарды мамонттун этинин консервасы менен карк кылабыз” деп көкөйдөн кеткис тамаша кургансыңар! “Улуттук географиялык коомдун башкармалыгынын мүчөлөрү он миң жыл мурда өлгөн сибирь мамонтунун жумшак эти дасторконунда болуусу үчүн акча аяшпайт!» – дегениң кантип унутулсун. Сен эмне андай жараатты убакыт дарылап салат деп ойлойсуңбу?

– Анын баары кудум бүкүнкүдөй эсимде, – деди абышка күрсүнүп.

– “Дайынсыз жоголгон оссюс уруусун” издеп табамын дегениңди унутуп калды дейсиңби мени? Же Висконсин штатына дыр коюп кетип, кайсы бир шаарчада ишемби күнү кечинде аракка тоюп, карьерде жыгылып, бутуң сынып, үч күн жатканыңыды мени унутуп калган деп ойлосоң керек?

– Сенин эсиңден эч нерсе чыкпайт.

– Мага айтып берчи, бутпарас жапайылар жана Кетчү кез дегендериң эмне экенин? Кааласаң, мен сага айтып берейин: бул кандай кез, кандай убак экенин. Бул – үйдө болчу убакыт! Үйдө болчу кез! Дарак мөмө бербей калгандыктан, ал үчүн дүкөнгө барчу кез. Ии, баса, биз эмне үчүн дүкөнгө барабыз, а-а? Себеби, бул үйдөгү кимдир-бирөө... анын атын атабай эле койоюн, бир нече жыл мурун биздин автомобилди сааттай быт-чыт кылып, дат баса берсин деп короого калтырып койгон. Ушул бейшемби күнү ошол автомобилди биздин короодо “багып жатканыма” он жылдын жүзү болот. Дагы он жылдан кийин автомобилдин ордунда чириген темир-тезектин үйүндүсү калат! Терезени карачы! Бул газаңдарды жыйнап, өрттөөчү кез! Бул дарактарды бутап, отунга аралачу кез! Бул меш менен мооруну тазалап, айнек эшикти, терезелердин капкактарын илүүчү кез! Бул үйдүн чатырын бүтөп, оңдой турган кез! Эгер сен бул иштерден ойт берип кетем десең, анда жаңыласың!

Күйөөсү колун көкүрөгүнө койду.

– Менин ичер суум түгөнүп баратканын жүрөгүм сезгенине сенин кыпындай да ишенбегениңе жаным ачууда.

– Менин жанымды эмне кашайтты, билесиңби? “Нейшнл Жиогрэфиктин” каарып, акылынан айныган эркектердин колуна тийгени. Сенин журналды окуп алып, кыялыңда учуп жүргөнүңдү көрүп турбаймынбы. Журналдын үзүлгөн барактарын дайыма сенин артыңдан шыпырып жүрбөймүнбү. “Жиогрэфик” жана “Попюулар Мэкэникс” журналдарын чыгарган адамдарга чала бүткөн кайыктарды, тикучарларды, “Жарганат” деп аталган жалгыз орундуу планёрлорду көрсөтүү керек. Мунун баары биздин чатырдын астында, гаражда, жертөлөдө жатпайбы! Аларга көрсөтүп тим болбой, үйүңөргө алып кеткиле деп эч нерсе калтырбай жүктөп берүү керек!

– Каалашыңча дөөдүрөй бер,– деди эркек.– Унутуунун деңизине чөгүп бараткан ак таштай болуп, сенин бет маңдайыңда турамын. Эй, катын, Кудай үчүн, мен эмне ушуерден кетип, тынч өлө албаймынбы?

– Таштай муздак денеңди оту өчкөн очоктун жанынан тапкандан кийин, акыл-эсимди жоготконго жетерлик убактым болот менде.

– Оо, жараткан Кудай! – деди абышка.– Менин өз өлүмүм жөнүндө ойлогон оюмду, көйрөңдүк деп баалайсыңбы?

– Сен бул оюңду тамекинин жалбырагындай чайнап жатасың.

– Жетишет! Мен топтогон бардык дүнүйө арткы айванчада жыйылган. Аларды Куткаруучулар армиясынын адамдарына бергин.

– “Нейшнл Жиогрэфикке” да берейинби?

– Ооба! Шайтан алгырдыкы десе, “Жиогрэфикке” да бер. Эми жолумдан кач!

– Эгер сен өлүүгө бел байлап алган болсоң, сага дүйнө толо чемодандын кереги жок!

– Катын, тарт колуңду! Өлүм – аз да болсо убакыт алат. Мени эмне жолбун ит сыяктуу өлсүн дейсиңби? Өлүм алдында жүрөк элжиреткен ажырашуу болуу керек. Анын ордуна сенин жемеңди, шылдыңыңды, чучукка жеткен суук сөздөрдү уктум.

– Болуптур эмесе,– деди аял.– Жөнө, суук токойдо бир түнөп көрчү.

– Эмне, сөзсүз токойго барышым керекпи?

– Иллинойстук адам өлгөнү токойдон башка кайда барат?

– Муну кара,– эркек бир саамга ойлонуп калды.– Дайыма кан жол ачык.

– Тепселип өлөсүң, албетте. Аны мен унуткан турбаймынбы.

– Жок, жок! – эркек көздөрүн бекем жумуп, кайра ачты.– Аягы белгисиз жолдорду бойлоп баса берсең, каалаган жагыңа алып барат; түнкү токойлор, жапайы талаалар аркылуу жер кыйырындагы көлдөргө жетесиң...

– Эми эмне, кайсы бир жерде каноэ жалдап, улам сууну калап, сүзүп барганды каалабайсыңбы?.. Эсиңде барбы, бир мертебе пристанда сууга кулап, чөгүп кете жаздап, араң калганың?

– Каноэ жөнүндө деги ким оозанды?

– Сен өзүң айтпадыңбы! Аралда жашаган бутпараздар каноэ менен улуу белгисиздикке сүзүп кетишет деп айткан эмес белең өзүң.

– Түштүктөгү деңиздерде ошондой болот! Буерде болсо киши өз буту менен басып, өз башатына барып, табигый өлүмүн күтүүсү абзел! А мен Мичиган көлүнүн түндүк жээги менен дюндарды, шамалды, көбөктөнгөн толкундарды беттей кете берем...

– Уилли, Уилли,– аял башын чайкап, уяң шыбырады. – Ой, сен, Уилли, менин Уиллим, сени эмне кылсам болот?

Эркек үнүн басаңдатып, жай сүйлөдү:

– Өз тагдырымды өзүм чечкенге жолтоо болбо.

– Ооба,– акырын айтты аял.– Ооба.

Аялдын көзүнө жаш тегеренди.

– Азыр, азыр,– деп шыбырады эркек.

– Эх, Уилли... – Аял эркекке узак тигилип турду. – Сен чындап эле өлчү убактым келди деп ойлойсуңбу?

Эркек өзүнүн кичинекей сүрөтүн аялынын карегинен көрүп, оңтойсузданып тескери бурулду.

– Мен түн бою адамды бул жарыкка алып келип, кайра артка алып кеткен дүйнөлүк агым жөнүндө ойлондум. Жарык да кирди, кош бол.

– Кош бол?– Аял эркекке бул сөздү биринчи жолу уккандай карады.

Эркектин үнү бошоң чыккан эле.

– Албетте, Милдред, эгер сенин каалаганың ушундай болсо, мен калайын...

– Жок! – Аял эсин жыйнап, чимкирип алып, чечкиндүү сүйлөдү. – Сен эмнени сезсең, ошонуң туура. Мен аны менен күрөшө албаймын.

– Сен айткан сөзүңө ишенесиңби?

– Уилли, сен өзүңө ишенип жатпайсыңбы,– деди аял.– Эми жолуңа түш. Жылуу күрмөңдү ал, азыр түнкүсүн кадимкидей суук...

– Бирок... – деди эркек.

Аял чуркап барып эркекке күрмөсүн алып келип, бетинен өөп, тез артка басып кеткендиктен, эркек кучагын жайып, аюуча уйпалап кучактаганга үлгүрбөй калды. Эркек очоктун жанындагы жумшак креслого тигилген бойдон ээгин кепшеңдетип турду. Аял эшикти кенен ачты.

– Жаныңа шам-шум эткендей бир нерсе алдыңбы?

– Мага керек эмес... – эркек сөзүн бүтпөдү.– Бышырылган эти бар бутерброд, бир нече даана туздалган бадыраң алдым. Жок, бир бадыраң алдым. Болгону ушул, мага жетет деп ойлойм...

Андан соң босогону аттап, тепкичтен түшүп, токойду көздөй кеткен жалгыз аяк жолго кадам таштады. Анан токтоп, бир нерсе айтчудай артына кайрылды, бирок колун шилтеп алып, жолун улантты.

– Азыр, Уилл! – аял эркектин артынан кыйкырды.– Өзүңдү кыйнаба! Биринчи саатта эле узак баспагын! Арыганыңда отуруп эс алгын! Курсагың ачканда, тамак жегин! Жана...

Аял сөзүн бүтө албай артка бурулуп, жанынан жүз аарчысын алып чыкты.

Ал бир саамдан кийин кайра жалгыз аяк жолго көз салды, жол акыркы он миң жылда бир жан баспагандай тунжурайт. Жолдо кыбыр эткен жан көрүнбөгөндүктөн, аял үйгө кирип, эшикти артынан жапты.

Бүүрүл, саат тогуздан он беш мүнөт өткөндө асман жылдыздарга толду, тегерек ай, парданын артынан үйдө жанган чырактар кызгылт болуп көрүнөт, меште күйгөн оттун учкундары морудан асманга жылдыздай учууда. Бөлмөдө көмөч казандын, идиштердин, бычак, кашыктардын тарактаганы жана чоң сары мышыктай бырылдаган оттун үнү угулат. Ашканадагы мештин темир плитасынын көздөрүндөгү шакектеринин жылчыктарынан алоолонгон жалындын тили соймоңдойт; көмөч казан кайноодо, куурулган оокаттын жыты жана буусу абага толуп, таноо кытыгылайт. Кемпир маал-маал плитадан бурулганда, анын көздөрү жана ачылган оозу бул үйдүн сыртында, береги очоктогу оттон, тамак-аштан алыста эмне болуп жатканына кулак төшөп турганын айгинелейт.

Саат тогуз жарым. Алыстан кишинин салмактуу таштаган буттарынын талпылдаган доошу чыкты.

Кемпир боюн түздөп, үстөлгө кашык койду. Сыртта каалгыган жалгыз айдын астында кимдир-бирөөнүн оор шилтенген буттарынын добушу кайра эшитилди. Алдагыдай добуш дагы үч-төрт мүнөткө созулду, бул убакыт арасында кемпир каккан казыктай селейип, былк этпеди, бирок муштумун түйүп, эки жаагы карышкандай тиштенип турду. Добуш басылгандан кийин бирде үстөлгө, бирде мешке жүгүрүп, тамакты аралаштырып, кесеге оокат куюп, аны үстөлгө коюп, чебелектей берди...

Кемпир убаралануусун терезенин сыртындагы караңгылыктан буттун тапылдаган добушу кайра угула баштаганда токтотту. Жалгыз аяк жолдо жай шилтенген буттун добушу жакындап келип, маңдайкы айбандагы карды таптап кирди.

Кемпир босогонун жанына барып, эшикти тыкылдаткан үндү күттү.

Эшикти эч ким тыкылдатпады.

Кемпир толук бир мүнөт күттү.

Сыртта далдайган неме кыймылдады. Ал буттарын улам которуп, бышылдап жатты.

Чыдабаган кемпир терең дем алып, сырттагы немеден чечкиндүү сурады:

– Уилл, сыртта бышылдап жаткан сенсиңби?

Жооп болбоду. Эшиктин артында тилсиз жымжырттык өкүм сүрүүдө.

Кемпир эшикти кенен ачты.

Сыртта акылга сыйбаган отун кучактаган кары киши туруптур. Отундардын артынан анын үнү чыкты:

– Морудан түтүн чыгып жатканын көрүп, балким отун керектир деп ойлогом...

Кемпир четке жылды. Чал үйгө кирип, кемпирди карабастан отунду мештин жанына этият койду.

Кемпир босогодон сыртка моюнун созуп, чемоданды ичкери алып кирип, эшикти жапты.

Чал тамак жечү үстөлдүн жанында отуруптур.

Кемпир плитанын үстүндө боркулдап кайнаган сорпону аралаштырды.

– Ростбиф дукопкедеби? – деп акырын сурады чал.

Кемпир дукопкенин эшигин ачты. Бышкан эттин жылма жыты чалды чулгап алды. Ал көзүн жумуп, денеси балкып, тердеп жатты.

– Бул эмне жыттанат? Бир нерсе күйүп жаткандай? – деп сурады бир мүнөттөн соң ал.

Кемпир бир саамдай күтүп туруп, бурулуп, акырында жооп берди:

– “Нейшнл Жиогрэфик”.

Чал үн чыгарбай башын жай ийкеди.

Анан үстөлгө жыты буркураган ысык тамак келди. Кемпир орундукка отургандан кийин күтүүсүздөн эле мемиреген жымжырттык орноду. Кемпир чалды карап, үндөбөстөн башын чайкады.

– Жараткандан жакшылык тилегиң келбейби? – деди кемпир.         

– Өзүң,– деди чал.

Алар алоолонуп күйгөн оттун жарыгында баштарын ийип, көздөрүн жумуп отурушту. Кемпир жылмайып, алкоо сөзүн баштады:

– Кудайга тобо...

Англис тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Утепление фасада цена за кв метр

    Эффективное теплосбережение фасадов — благополучие и экономичность в своем жилище! Согласитесь, ваш дом заслуживает превосходного! Утепление облицовки – не единственно решение для экономии на отопительных расходах, это вложение в удобство и долголетие вашего жилья. ✨ Почему тепловая изоляция с нами-профессионалами? Мастерство в своем деле: Наша команда – опытные мастера. Мы все заботимся о каждом аспекте, чтобы обеспечить вашему домовладению идеальное воздухонепроницаемость. Стоимость услуги воздухонепроницаемости: Мы все ценим ваш финансы. <a href=https://stroystandart-kirov.ru/>Средняя цена утепления фасада</a> – начиная от 1350 руб./кв.м. Это вложение капитала в ваше комфортное будущее! Энергосберегающие решения: Забудьте о потерях тепловой энергии! Наш подход не только сохраняют тепловую энергию, но и дарят вашему зданию новый уровень энергоэффективности. Создайте свой домашний уголок комфортабельным и стильным и привлекательным! Подробнее на <a href=https://stroystandart-kirov.ru/>https://stroystandart-kirov.ru</a> Не оставляйте свой коттедж на произвольное решение. Доверьтесь нашей команде и создайте комфорт вместе с нашей командой!

  • - Утепление фасадов цена за м

    Забота о обители - это забота о вашем комфорте. Термомодернизация фасадов - это не только модный облик, но и обеспечение тепла в вашем уединенном уголке. Наш коллектив, группа специалистов, предлагаем вам превратить ваш дом в идеальное место для жизни. Наши работы - это не просто теплоизоляция, это творческое воплощение с каждым шагом. Мы стремимся к идеальному балансу между формой и содержанием, чтобы ваш дом превратился не только уютным и стильным, но и очаровательным. И самое существенное - удовлетворительная стоимость! Мы полагаем, что высококачественные услуги не должны быть неподъемными по цене. <a href=https://ppu-prof.ru/>Стоимость утепления стен домов</a> начинается всего от 1250 рублей за кв. метр. Инновационные технологии и материалы высокого стандарта позволяют нам создавать изоляцию, которая долго сохраняет свои свойства и надежна. Забудьте о холодных стенах и дополнительных расходах на отопление - наше утепление станет вашим надежной защитой от холода. Подробнее на <a href=https://ppu-prof.ru/>https://www.ppu-prof.ru/</a> Не откладывайте на потом заботу о приятности в вашем доме. Обращайтесь к профессионалам, и ваше жилище превратится настоящим произведением искусства, которое принесет вам не только тепло. Вместе мы создадим комфортабельное жилье, где вам будет по-настоящему комфортно!

Комментарий калтырыңыз