Карел Чапек: Учууну билген адам (конкурска №30)

  • 25.08.2023
  • 14039
  • 1

АҢГЕМЕ

Томшик Виноградыда жайгашкан оорукананын жанынан өтүп бараткан. Ал күн сайын ушул жерде сейилдейт, анткени денсоолугуна кам көрөт. Негизи эле Томшик – спортсмен, бир да футбол оюнун калтырбайт. Ал шамдагай жана жеңил бара жатты. Жаздын күүгүмү түшкөн көчөдө кокус чыга калган адамдар эле болбосо, бирин-серин жаш түгөйлөрдөн башка Томшиктин алдынан эч ким өткөн жок. “Кадам эсептегич алып, күндө канча кадам басканымды эсептеп турушум керек эле”, - деп ойлоп койду. Анан ал бир эле түштү үч күн катары менен көргөнүн эстеди:

Ал жолдо баратса, алдынан коляска сүйрөгөн аял чыга калды. Томшик сол буту менен жерге таканчыктап туруп, анан үч метрдей асманга көтөрүлдү да, алдыдагы коляска түрткөн аялдын үстүнөн учуп өтүп, калкып барып тротуарга конду.

Түшүндө ал буга таң калган деле жок, кудум табигый эле нерседей туюлду. Ушуга чейин бу нерсеге эч ким аракет кылбаганын карасаң! Опоңой эле: буттарыңды кудум велосипед тээп бараткансып айлантсаң, биринчи кабаттан өйдөрөк бийиктикке көтөрүлүп, кайра акырын жерге түшөсүң. Бутуңа таканчыктап кайра секирсең, дагы учуп жөнөйсүң, кудум кулачтап арыштагандай тимеле. Жерге түшөйүн дегенде, бутуңду кайра велосипед тепкендей айлантып жиберсең, учканды улантасың. Томшик түшүндө күлүп жиберди – кантип эле азырга чейин эч ким ушиптип учса болорун ойлогон жок? Бутуң менен эле жерди тээп, жогору көтөрүлсөң жетиштүү турбайбы!

- Бул, керек болсо баскандан да оңой экен, - деп ойлоду ал түшүндө, - эртең кайра учуп көрүш керек.

Бул түш ага үч күн катары менен кирди. Өзүңдү аябай жеңил сезесиң... Чындап эле бутуң менен жерге таканчыктап туруп, алдыга умтулсаң, учуп кетсең, кандай сонун болмок! Томшик айлананы карады. Эч ким көрүнбөйт. Томшик жөн эле бир көрөйүнчү деген ойдо, чуркады да, сол буту менен жерди тээп туруп, кудум көлчүктөн аттагансыды... күтүүсүздөн үч-төрт метр бийиктикке көтөрүлүп, ийилген шактын үстүнөн да учуп өттү. Ал буга таң калган деле жок: чындап эле оңой турбайбы. Каруселге түшкөндөгүдөй ичин кытыгылаган гана сезим болду, бирок учканына таптакыр таң калган жок. Томшик жаш балача кыйкыргысы келди. Отуз метрдей учкан соң, жерге конорго жакындаганда караса, түз эле балчыкка кончудай. Ошол учурда ал түшүндөгүдөй буттарын айландырып жиберди эле, кайра он беш метрдей бийикке көтөрүлүп, Страшнице району тарапта бараткан бирөөнүн артынан акырын жерге конду. Ал киши Томшикти шектенгендей карады, анткени артынан бирөөнүн келатканын байкаган эмес. Томшик эч нерсе болбогонсуп, ал кишинин жанынан өттү, бирок байкабай катуу басып алып, азыр кайра учуп кетпесем экен деп ичинен коркту.

“Бул үйрөнгөнүмү эми жакшылап бекемдешим керек”, - деди да ошол эле ээн  көчө менен үйүнө жөнөдү. Бирок кашайып улам эле алдынан же сүйүшкөн түгөйлөр, же темир жолчулар чыгат. Ошондо ал көп жылдан бери шаардын таштандысы төгүлгөн ээн жерге бурулду. Караңгы кирди, бирок Томшик эртең учууну унутуп калчудай, машыгууну кийинкиге калтыргысы келбеди. Ал бул жолу жерден ишенимсиз көтөрүлдү, бирок бир метрдей бийиктиктен соң жерге олдоксон конду. Кийинкисинде колун сууда сүзгөнсүп шилтеп, кайра учту да, сексен метрдей учту. Ал тургай жарым-жартылай айланып учуп барып, жерге ийнелик сымал жеңил конду. Дагы бир ирет ушуну кайталайын деп турган, аңгыча бетине жарык түшүп, кыйкырган үн менен бирөө:

- Сиз буерде эмне кылып жатасыз? – деп сурады. Нөөмөттөгү полиция кызматкери экен. Томшик өзүн осол сезип, ыңгайсыздана, бул жерде аз-маз денесин жумшартып, көнүгүү жасап жатканын күңкүлдөдү.

- Тапкан эсенсиз машыгар жерди, - корс этти полиция кызматкери. – Башка жакка барып жасаңыз. Бул жерде мүмкүн эмес!

Томшик эмне үчүн бул жерде машыгууга болбостугун чындап түшүнгөн жок. Бирок ал өтө тартиптүү жаран болгондуктан, кайым айтышпай эле полиция кызматкерине бейпил түн каалап, тезирек кетүүгө аракет кылды. Бир эле корккону - дагы асманга көтөрүлүп кетпесе… Полициянын көзүнө түшүп калгандын эмнеси жакшы?

Мамлекеттик саламаттык сактоо институтуна жеткенде гана ал кайрадан секирип, оңой эле коргондон өтүп, колдорун каккылаган бойдон институттун багынан Корунни проспектисине чейин учуп барды да, сыра куюлган кумура көтөргөн үй кызматчы аялдын так маңдайына конду. Ал чыңырган бойдон заматта көздөн кайым болду. Томшик “эки жүз метрдей учтум окшойт”, - деп ойлоду: башталышы жаман эмес!

Андан кийинки күндөрү Томшик көп машыкты. Көбүнчөсү түндөрү, анан ээн жерлерде, көбүнесе Ольшанскадагы жөөт көрүстөнүнүн жанында. Ал түрдүү ыкмаларды колдонуу аракетин кылды. Күүлөнүп чуркап учуп көрдү, турган жеринен заматта асманга көтөрүлдү. Эч кыйналбай буттарынын жардамы менен жүз метрге чейин көтөрүлүп, бирок андан бийикке учканга дааган жок. Томшик жерге конуунун да түрдүү жолдорун сынап, акырын конуу, абайлап түшүү – мунун баары колуңдун кыймылына байланыштуу экен, көрсө. Томшик эми түрдүү ылдамдыкта, ар кайсы багыттарда, шамалга каршы учуунун, жүк менен учуунун, түрдүү бийиктикке көтөрүлүүнүн да жолдорун үйрөнө баштады. Баары оңунан чыгып атты, ошондонбу, буга чейин эч ким учууга аракет кылып көрбөгөнү Томшикти ого бетер таң калтырды. Жерди тээп эле учуп кеткенге эч ким, балким, аракет да кылбаган чыгар...

Бир жолу Томшик асманда он жети мүнөт учуп жүргөн соң, телефон линияларына чалышып калып, кайра жерге түшкөнгө шашты. Дагы бир түнү Орус көчөсүндө учуп баратып, төрт метрдей бийиктиктен төмөндө бараткан эки полиция кызматкерин көрүп калды. Томшик заматта оң жактагы бактардын курчоосундагы чоң үйлөрдү карай бурулду. Түнкү тынчтыкты полициянын ышкырыгынын чырылдагы бузду. Бир нече мүнөттөн кийин Томшик жөө басып, баягы жерге келсе, алты полиция кызматкери, өздөрү айтмакчы, “азыр эле көз алдында тосмодон өтө качкан ууруну” фонарь менен издеп жүргөн экен.

Ошондо гана Томшик учуунун болуп көрбөгөндөй чоң мүмкүнчүлүк экенин түшүнгөнсүдү, бирок бул өнөрдү кантип туура колдонушту билбеди. Кайсы бир түнү ал Ыйык Иржи аянтындагы бир үйдүн төртүнчү кабатындагы ачык терезеге азгырылып, учуп барып, үйгө баш бакты. Бөлмөдөн катуу уйкуда жаткан кишинин коңуругу угулду. Анын бир нерсе уурдайын деген ниети жок болчу. Ошондуктан эмне кыларын билбей, ыңгайсыз абалда турду. Адатта чоочун үйгө киргенде ушундай абал жаралат эмеспи. Анан үшкүрүнө кайра терезеге келди. Бирок өзүнүн бул спорттук жетишкендигин далилдээр из калтырышы керек да! Ал чөнтөгүнөн кагаз алып, ага “Бул жерде мен болдум. Өч алуучу X.” деп жазып, кагазды киши уктап жаткан керебеттин жанындагы үстөл үстүнө койду да, өзү шашпай жерге учуп түштү. Томшик үйүнө келгенден кийин тиги үйдө калган кагаз анын аты менен дареги жазылган конверт экенин билди. Бирок ал үйгө кайра барууга дааган жок. Бир нече күн “эми үйгө полиция издеп келет ко”- деп күттү, таң калычтуусу эч кандай деле жаман окуя болгон жок.

Акыр аягында Томшиктин чыдамы кетти: ал уча аларын өзү эле билет, эми ошону башкаларга да көрсөткүсү бар. Бирок кантип? Учкан оңой эле турбайбы: бутуң менен жерди тээп, колуңду канаттай каккыласаң эле чымчыктай сызасың... Балким, бул спорттун жаңы түрү болуп калар, же элдин баары учканды үйрөнсө, көчөдө да тыгын азаят. Лифттин деле кереги тийбестир. Өтө чоң мүмкүнчүлүк! Азырынча алар жөнүндө Томшиктин так түшүнүгү жок, бирок баары бара-бара аныкталат да. Ар бир эле чоң ачылыш башында ушундай пайдасыз оюнчуктай көрүнөт эмеспи!

Томшиктин Войта деген толмочунан келген жаш коңшусу бар эле. Спортту жазган кабарчыбы, редакторбу, айтор, гезитте иштесе керек. Бир күнү ал Войтанын үйүнө барып, аркы-беркиден сөз баштап, акыры ага бир кызыкты көрсөтөрүн айтты. Бирок сөздү ачык айтпай, улам эле жашыра бергенинен Войта “Кудай ай” деп баш чайкап, жыйынтыгында кечки тогуздарда жөөт көрүстөнүнө барууга макул болду.

- Эми караңыз, журналист мырза, - деген Томшик, секирип жерден беш метрдей көтөрүлдү. Ал абада калкыган калыбында кызыктуу кыймылдарды жасап, жерге түшүп, кайра учуп, колдорун жаңсап кызыктуу кыймылдарды жасай баштады, ал тургай абада сегиз секунддай кармалып турду.

Войта аябай таң калды. Муну ал кантип жасап жатат? Томшик жөн эле түшүндүрүүгө аракет кылды:

– Жерден эле секирсеңиз болгону. Жок, Войта мырза, мунун эч кандай деле окуусу жок, бул сыйкыр эмес, тарамышка көп күч келбейт, эрк деле талап кылбайт. Жай гана секирсең болду, уча бересиң. Өзүңүз деле бир секирип көрсөңүз, журналист мырза, - деп Войтаны көндүрүүгө аракет кылды. Бирок Войта башын чайкап:

– Бул жерде бир көз боёмочулук бар, – деди ойлуу. Анан: – Мен бул сырдын түбүнө жетем. Азырынча, Томшик мырза, муну эч кимге көрсөтпөй туруңуз, – деди.

Эртеси күнү Томшик Войтанын алдында беш килограммдык гантелдерди кармап учуп көрдү. Бул бир аз кыйын болду окшойт. Ал болгону үч эле метрге көтөрүлө алды. Ошого да Войта ыраазы. Үч жолкудан кийин Войта:

- Томшик мырза, сизди коркуткум келбейт, бирок бул өтө олуттуу маселе. Минтип эч бир аппаратсыз учуу, маселен, коргонуу тармагы үчүн өтө маанилүү болушу мүмкүн. Түшүнүп жатасызбы? Муну адистер изилдеши керек. Аларга көрсөтүш керек. Мен өзүм баарын уюштурам, - деди.

*       *       *

Натыйжада, бир күнү Томшик Мамлекеттик дене тарбия институтунун короосунда төрт адистин алдында турсичен турду. Ал жылаңач турганынан бир чети уялып, бир чети толкунданып, аз келгенсип үшүгөнүнөн денесин калтырак басты. Бирок Войта болбой эле:

- Булчуңдар кандай иштегени көрүнүп турушу керек, - деп аны трусичен калууга көндүрдү. Эксперттердин бири кашка баш семиз киши ушул университеттин дене тарбия профессору болуп чыкты. Ал: «Мунун баары илимий көз караштан алганда, болбогон кеп» дегендей түр көрсөтүп, улам эле саатын карап бирдемелерди кобурайт.

- Кана эми, Томшик мырза, тартынбай чуркап баштаңыз, - деди Войта өрөпкүгөнүн жашыра албай

Томшик коркконунан алга карай жүткүндү.

- Шашпаңыз, - деди профессор аны басаңдатып. - Сиз таптакыр туура эмес баштадыңыз. Салмагыңыздын оордугун сол бутуңузга салыңыз. Түшүндүңүзбү? Кана, эми кайталаңыз!

Томшик кайтып келип, салмагын сол бутуна оодарууга аракет кылды.

- А колуңузчу, колуңуз! – деп кыйкырды эксперт. – Сиз колуңузду кайда коюуну да билбей жатасыз го. Колуңуз көкүрөгүңүздү эркин кармаганга тоскоол болбошу керек да! Анан калса сиз чуркар алдында туура эмес дем алдыңыз. Антпеңиз! Терең, жай дем алыш керек. Кана, дагы бир!

Томшик алапайын таппай калды. Чындап эле ал азыр колдорун кайда бекитишти да, керек болсо кантип дем алышты да унутуп калгандай. Алдастап салмактын оордугун каерге салышка башы жетпей бир ордунда турду.

- Алга! – деп кыйкырды Войта.

Томшик таптакыр өзүн жоготуп, эптеп алга карай жүгүрдү. Эми эле жерден секирейин дегенде:

– Начар! Токтотуңуз! – деп бакырды машыктыруучу.

Томшик токтоюн деп, бирок өзүн кармай албады. Ал сол буту жерди тээп, жарты метрдей көтөрүлгөн соң, тренердин буйругун угуп, кайра жерге түштү.

- Болбойт бул, начар! – деп кыйкырды профессор. – А эмне эңкейбедиңиз? Бутуңуздун учу менен түшкөн соң, тизе бүгө серпилип, анан секиришиңиз керек болчу. Түшүндүңүзбү? Бул жөнөкөй эле нерсе. Токтоп турунуз, - деп улантты ал - Азыр мен сизге өзүм көрсөтөм. Жакшылап карап алыңыз. – Ал үстүндөгү күрмөсүн чечип, чуркоого даярданды. – Жакшылап караңыз: дененин оордугу бүт сол бутка түшөт. Бутту бир аз бүгөсүз, денеңиз эңкейет. Далыларыңыз артка тартылат, демек, көкүрөк ачылат. Мына, мендей жасаңыз!

Томшик анын айтканын жасады. Ал өмүрү мындай ыңгайсыз абалда туруп көрбөгөн.

- Сиз көбүрөк машыгууңуз керек, - деди профессор. - Эми караңыз! Жерди тээп туруп алга карай чуркайсыз!

Ал алга карай жүткүнүп, алты метрдей чуркап барып секирди да, колдорун илбериңки серпип, анан колдорун алдыга сунуп, чочоюп отуруп калды. – Мынакей, ушундай жасаш керек! – деди ал шымын оңдоно. – Кайталап көрүңүз!

Ындыны өчкөн Томшик Войтаны суроолуу карады. Сөзсүз эле ушинтип жасаш керекпи?

- Кана, дагы бир жолу! – деди Войта. Томшик болсо эптеп секирүүгө камданды.

– Алга!

Томшик шашканынан туура эмес буттан баштап алыптыр. “Балким, мунун баары маанилүү эместир. Кандай болбосун тиги киши буйругандай жерге конгондо колду алдыга сунуп, чочоюп отура калсам болду да”, - деп ойлонуп атып, ал секириш керектигин да унутуп кала жаздады. Анан шашып секирип жиберди. Ошол эле учурда “эми эптеп чочоюп отуруп конуш керек” - деген ой келди ага. Ал жарым метрдей эле секирип, бир жарым метрдей сүрүлүп барып учуп түштү. Анан шашыла колдорун алдыга сунуп, чочоюп отура калды.

- Томшик мырза, сиз учуп жатпадыңыз беле! – деп кыйкырып жиберди Войта. – Кайрадан жасаңыз, сураныч!

Томшик кайрадан күүлөнүп чуркап, бул жолу бир метр кырк сантиметр аралыкка секирди, чочоюп отурууга да, колдорун алга таштаганга да жетишти. Ал жүдөп, тердеп кетти. Жүрөгү дүкүлдөдү. “Кудай ай, мени жайыма коюшса экен” - деген гана ой ээлеп алды аны.

Анан дагы эки ирет секирип көрдү, андан аркыларынан баш тартууга туура келди.

*       *       *

Ошол күндөн тартып Томшик уча албай калды.

(1938)

Чех тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Байэл

    Учуп көрсөм окшойт мен дагы

Комментарий калтырыңыз