Кыргызча

Бодо Шефер: Жаман адаттар менен күрөшүү түбөлүккө созулбайт.

Бодо Шефердин "Жеңүүчүлөрдүн мыйзамдары" китебинен

10-мыйзам: Кыймылдын импульсун жараткыла

Сиз рельс менен саатына эки жүз километр ылдамдыкта сызып келе жаткан поездди токтотууга аракет кылдыңыз беле? Анын жолуна калың кирпич дубал тургузсаң да, поезд аны оңой эле бузуп өтөт. Себеби, ылдамдыгын жогорулаткан поезд күчтүү импульске ээ.

Локомотив күчү миңдеген аттын күчүнө барабар. Бул бүт составды кыймылга келтирүү үчүн жетиштүү. Ал эми поезд токтоп турганда, анын кыймылына жол бербөө үчүн бир аз гана каршылык жетет. Дөңгөлөктөрдүн биринин астына тормоздук жаздыкчаны коюп койсоңуз, локомотив жыла албайт. Анын бардык аракети текке кетет.

Эгерде кыймылга келтирген түрткү (импульс) жок болсо, анда кандайдыр бир кичинекей нерсе компаниянын иштеринин бардык жүрүшүн бузуу үчүн жетиштүү, ал эми түрткү болсо, баары өзүнөн-өзү жүрүп, эч кандай тоскоолдуктар чечилгис көйгөйгө айланбайт.

* * *

Эски адаттарды таштоо абдан кыйын. Жаңы иш белгисиз болгондуктан гана кыйындай сезилет. Мындай кырдаалда кандайдыр бир кичинекей тоскоолдук эле татаал көйгөйдү жаратат. Ошондуктан, дароо кыймылдын импульсун түзө башташат жана канчалык тез болсо, ошончолук жакшы. Сиз эч качан жолуңуздан бардык тоскоолдуктарды жана жагымсыз жагдайларды жок кыла албайсыз. Көйгөйлөр дайыма пайда болуп турат.

Бирок, эгер сиз импульс түзө алсаңыз, аларды жеңе аласыз. Бул көйгөйлөр жана оор кырдаалдар менен күрөшүү үчүн бирден бир акылга сыярлык жол. Ылдамдыкты өркүндөтүп алсаңыз, алар сизди токтото албайт.

Сиздин бизнесиңизге же жеке карьераңызга жумшаган убакытыңыз бул импульсту түзүүгө жардам берет. Сиз жасаган ар кандай иш-аракет аны азайтат же көбөйтөт.

Кандайдыр бир ишти башында мүмкүн болушунча тезирээк импульс түзүү өзгөчө маанилүү. Бул жерде бардыгы ордунда турган машинаны түртүүгө аракет кылып жаткандай эле. Биринчи метрлер эң кыйын. Бул үчүн бардык күчүңүздү жумшайсыз. Бирок машине жыла баштаганда, алда канча жеңил болуп, азыраак күч коротосуз.

Адамдардын төрт "тузактын" бирине түшүп, импульс түзүүнү кантип кыйындатканын көрүүгө болот:

• "Мен байкап көрөйүн".

• «Мен алгач бир аз, акырындан баштап көрөм».

• «Мен акыркы натыйжаны эске алуу менен иштейм».

• «Биринчи мен туура стратегияны тандайм».

Төмөндө сиз бул төртөөнүн натыйжаларга жетишүүнү эмне үчүн кыйындатып жатканын көрөсүз.

«Бир нерсени «байкап көрүү» мүмкүн эмес

Сиз машинаны ордунан жылдырууну " байкап көрө албайсыз". Же бүт күчүңүздү жумшайсыз да, машина кыймылдай баштайт, же ал ордунан жылбайт. Сиз эч нерсени "байкап көрө албайсыз". Же кыласыз, же кылбайсыз. Эгерде сиз бул саптарды окуп жатсаңыз жана ден соолугуңуз жакшы болсо, өйдө туруңуз. Турууну “байкап көрүү” мүмкүн эмес. Же турасыз, же отурасыз.

Бир нерсени байкап көргүм келет деген адамдар көбүнчө эч нерсе кылышпайт. Алар аң-сезимдүү түрдө ниетин ишке ашырууга тоскоол боло турган нерсени күтүп жаткандай туюлат. Аракет жасаган адам ийгиликти күтөт. «Байкап көргүсү» келген адам ага бир нерсе тоскоол болот деп күтөт.

Токтоп турган машинанын мисалы дагы бир нерсени көрсөтүп турат. Аз күч колдонсоңуз, аны жылдыра албайсыз. Жана ошол эле машинени ордунан жылып баратканда түртүү канчалык оңой болорун эч качан биле албайсыз. Ошондуктан мындан ары да эч нерсе кылбайсыз. Жарым аракет жарым натыйжа бербейт, бирок нөлгө барабар натыйжа берет.

Ийгиликке багытталган иш кыймылдын импульсун басаңдатат

Кандайдыр бир иштин башталышында, мүмкүн болушунча "газды басуу" керек, бирок ошол эле учурда күтүүлөрүңүздүн чегин өтө эле көтөрбөшүңүз керек. Бул этапта натыйжа анчалык деле маанилүү эмес. Ыкчам жетишилген ийгилик адаштырышы мүмкүн. Бул учурда, ал жагдайлар канчалык жакшы өнүккөндүгүнө гана көз каранды. Кыймылдын импульсу бул жагдайлардан көз каранды эмес жана ар дайым натыйжаларды алып келет. Ошондуктан, сиз конкреттүү натыйжаларга эмес, импульс түзүүгө көбүрөөк көңүл бурушуңуз керек.

Импульска эмес, натыйжага көбүрөөк көңүл бурган адам эч качан өзүнүн потенциалын толук пайдалана албайт. Натыйжага багытталган иш, эң оңой жол менен ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн күтүп отурганда өзгөчө көйгөй жаратат. Бул жалкоо адамдар үчүн: "Мен жыйынтык үчүн иштейм" – деген жөн гана шылтоо.

Натыйжага гана умтулган адамдар өздөрүнүн даанышмандыгына ишенишет, бирок алар кыймыл импульсунун күчүн такыр түшүнүшпөйт. Кыймыл жаралганда, адатта, адамдарга белгисиз жолдор жана каражаттар пайда болот. Бул учурда сиз алдын ала көрө албаган же пландаштыра албаган жыйынтыктар келип чыгат.

Натыйжага багытталган ишке каршы дагы бир аргумент бар. Бул принципти карманган адамдар дайыма өздөрүн стимулдаштырып туруулары керек. Аларга иштер өзү бүтүп жаткандай сезимди башынан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилген эмес. Алар эмне үчүн башкалар эч кыйынчылыксыз иштешеген ишти, дайыма өздөрүн күч менен иштөөгө мажбурлашарын түшүнө алышпайт. Алар өздөрүн бул "автоматтык стимуляциядан" кур калтырышкан.

Кыймыл автоматтык түрдө натыйжаларга алып келет. Эң негизгиси иш-аракетти баштоо. Кыймылдап баштаган адамга токтогондон көрө кыймылын улантуу оңой. Аны кыймылдын темпи колдоого алат.

Кемчиликсиз стратегияны күтпөңүз

Бизге долбоорду ишке ашыруу үчүн идеалдуу стратегиянын кереги жок. Албетте, бул чоң артыкчылык болмок, бирок стратегияга ээ болуу талап эмес. Көптөгөн ийгиликтүү компаниялар бүгүнкү күндө иштегенин табаардан мурун көптөгөн ар кандай стратегияларды сынап көрүшкөн. Ылайыктуу стратегияны тапкандан кийин, аны карманып, дөңгөлөктү кайра ойлоп табууга аракет кылбаңыз. Эгерде сизде азырынча стратегия жок болсо, анда сиз импульс жараткандан кийин аны табаарыңызга ишенишиңиз керек. Башка компаниялар колдонгон ар кандай тактикаларды колдонуп, кайсынысы сизге ылайыктуу экенин көрүңүз.

Жеңүүчүлөр идеалдуу стратегияны күтүп отурушпайт. Алар импульс стратегияны түзөөрүн билишет.

Сизге кандай импульс керек?

Абайла. Импульс– бул татаал нерсе. Бул бизге иштеши мүмкүн, же бизге каршы иштеши да мүмкүн. Кээ бирөөлөр ызылдап, сындап, акчаны ысырап кылуу менен импульс жаратат. Каалабасаӊыз да, күн сайын бир батон шоколад жейм деген милдетти алдыӊызга койдуӊуз дейли. Бир нече жумадан кийин токтоо кыйын болуп калса, таң калбаңыз. Сизде шоколад жеген адатка айланат. Ошондуктан, мезгил-мезгили менен биз кандайдыр бир жаман адатты калыптантып жаткан жокпузбу, аны сын көз менен талдап турушубуз керек. Ошондой эле биз өзүбүзгө кандай адаттарга ээ болгубуз келет деп сурап, алар боюнча максаттуу түрдө иштешибиз керек.

Импульс тартип менен башталат

Кыймылдын импульсуна туруктуу мүнөз берүү үчүн өзүңүздө маанилүү сапатты – тартипти калыптандыруу зарыл. Эгер кандайдыр бир жаңы бизнесте ийгиликке жетүүнү кааласаңыз, анын негиздерин өздөштүрүү керек. Аларды өздөштүрүү тартипти талап кылат. Канчалык көп машыксаңыз, белгилүү бир аракеттерди ошончолук жакшы аткарасыз. Сиздин чеберчилигиңиз канчалык жогору болсо, натыйжалар ошончолук жагымдуу болот. Канчалык жакшы натыйжа болсо, ошончолук мотивацияңыз көтөрүлөт. Мотивацияңыз канчалык жогору болсо, ошончолук көп иштөөнү каалайсыз жана мотивация ошончолук күчтүү болот. Бирок мунун баары негиздерди үйрөнүүдө тартип менен башталат.

Алдыга умтулуу керек. Тандоо абдан жөнөкөй: көз ирмемдик канааттануу же узак мөөнөттүү сыйлык.

Бирок жакшы жаңылык да бар: жаман адаттар менен күрөшүү түбөлүккө созулбайт. Күчтүү өзүн-өзү тарбиялоо жаңы адаттарды калыптандырмайынча, кыска өткөөл мезгил үчүн гана керек. Жаңы жүрүм-турум сиз үчүн канчалык оор болбосун, сизге биринчи үч-алты жумада гана тартип керек болот. Ошондо сизде кыймыл импульсу пайда болот жана аны аткарбаганга караганда жаңы аракетти жасоо сизге жеңил болуп калат. Темирдей тартип менен өздөштүргөн иш-аракеттериңиз сиз үчүн ырахатка айланат.

Тартипти өнүктүрүү процессинин үч фазасы

Бирок, адам көп жылдар өтсө да, күтүлбөгөн жерден пайдалуу адатын кантип таштайт? Чындыгында, жогоруда айтылгандардын баары так эмес. Иш жүзүндө, кандайдыр бир деңгээлде өзүн-өзү тарбиялоо, жок эле дегенде, мезгил-мезгили менен, ар дайым талап кылынат, ал тургай кыймылдын импульсу биз үчүн иштеп жаткан кезде да. Тартиптин үч даражасы бар.

Элестеткиле, сиз чуркоону жек көрөсүз, бирок күн сайын чуркай баштагыңыз келет.

Биринчи фаза баштапкы фаза деп аталат. Ал үч жумадан алты жумага чейин созулат. Бул учурда, сиз тынымсыз ушулардын баарын таштап кетүү каалоосу менен күрөшүүгө туура келет.

Экинчи фаза сизде кыймылга болгон импульс, күн сайын эртең менен кроссовкаңызды кийгениңизде пайда болот. Бирок күн сайын эмес, жумасына беш эле жолу. Калган эки күндө дагы эле өзүңүздү тартипке салуу керек, бирок биринчи жолкудай оор эмес. Үйдөн чуркап чыгаар замат, чуркоодон ырахат ала баштайсыз. Бирок алгачкы жумаларда сезимдер такыр башкача болбоду беле.

Үчүнчү этап болжол менен бир жылдан кийин башталат. Эми эртең менен автоматтык түрдө кроссовкаңызды киесиз. Жадакалса эртеңки чуркоо ырахатын күтүп уктап жатып уктайсыз. Ошентип, күн сайын. Босогодон чыгуу үчүн дагы эле өзүңүздү жеңүү керек болгон айына бир же эки күндү кошпогондо. Бул этап өмүр бою созулат. Бул жерде дисциплина өтө сейрек талап кылынат, анткени көпчүлүк учурда кыймылдын импульсу пайда болот.

Сиз кыймылда болгондо

Жетиштүү импульс түзүлгөндөн кийин, аны сактап калуу керек. Бул кээде гана тартипти талап кылат. Кыймылдын күчтүү импульсу аны сактап калуу үчүн зарыл болгон күчтөн көбүрөөк күч берет.

Бир ири ишкана жарнамалык кампанияга миллиондогон акча короткон. Ал ушунчалык ийгиликтүү болуп, кирешеси асмандап кеткен. Бирок концерн жарнамалык кампанияны токтоткон жок. Директордон бул кымбат процедурага эмне үчүн акча коротуп жатасың деп сурашканда, ал буга чейин эле максат ишке ашса да, мындай деп жооп берген: «Сизди самолетто отургандай элестетиңиз. Аны абага көтөрүү үчүн абдан чоң күч керек, бирок ал бийиктикке жана ылдамдыкка жеткенден кийин, учуунун тынч фазасы башталат. Бул учурда чындап эле моторду өчүрөсүңбү?»

Күчтүн импульсу кар көчкүгө айланган кар сыяктуу. Алгач карды тоголоктоп, эңкейиштен ылдый тоголотуу үчүн убакыт жана күч талап кылынат. Бирок кыймылдай баштаганда сак болуңуз. Ал уламдан улам ылдамдыгын жана көлөмүн көбөйтөт жана алдынан жолуккандын баарын шыпырып кетет. Бул үчүн ага мындан ары эч кандай күч-аракет талап кылынбайт.

Жеңүүчүлөр шыктандыруу үчүн колунан келгендин баарын кылышат. Бир нерсени нөлдөн баштоо үчүн көп убакыт жана күч талап кылынат, бирок ал ишке ашкандан кийин аны сизден башка эч ким жана эч нерсе токтото албайт.

Практикалык көнүгүүлөр

Бүгүн мен кыймыл импульсун түзүүнүн үстүндө иштейм. Бул үчүн мага төмөнкүлөр керек болот:

1. Импульс жаратуу үчүн талыкпай иштөөгө аң-сезимдүү чечим кабыл алам. Бул экономикалык көз караштан алганда акылга сыярлык жана акылдуу деп түшүнөм. Машина жылдырууга мүмкүн болгондо эч кандай күч-аракет жумшалбай жыла берет.

2. Бүгүн мен өзүм кабыл алган тартип менен иштейм. Бул кыймылдын импульсун түзүүчү негизги фактор экенин түшүнөм.

3. Бүгүн мен жыйынтыктарга көп деле көңүл бурбайм, анткени керектүү импульс пайда болоору менен ийгилик автоматтык түрдө келерин билем. Мен жакшы шарттарды күтпөйм, анткени кыймылдын импульсу өзү каалаган кырдаалды түзөөрүн түшүнөм.

4. Иштин темпи бар тармактардын тизмесин түзүп, ал менин пайдамабы же жокпу, анализдейм. Мен ошондой эле жашоомдун башка тармактарынын тизмесин түзөм: спорт, тамактануу, үй-бүлөлүк жашоо, окуу, каржы ж.б.у.с.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Орусча

Комментарий калтырыңыз