Кыргызча

О.Генри: Унаа күтүп турганда

АҢГЕМЕ

       Чакан сейил бактын бир бурчунда жайгашкан тынч жайга күүгүм кирери менен баягы боз көйнөкчөн кыз дагы пайда болду. Скамейкага олтура калып, китебин окуп кирди. Көз байланганга дейре дагы жарым сааттай убакыт бар, азырынча китеп окууга болот.

      Айта кетчү нерсе: үстүнө кийген бозоргон жупуну көйнөк бийкечтин сымбатын анчалык деле ажарын ачып көрсөтпөйт. Чоң торчолуу чүмбөтү башындагы элечектей баш кийимин жана нур тамган сулуу жүзүн элден жашырып турат. Бийкечтин  бул жайга үч күн катары менен белгиленген убакыттан кечикпей келиши кимдир бирөө үчүн беш колдой белгилүү.

      Бийкечтин келишин билген жигит аны айланчыктап, бакыт кушу колуна конушун ичинен Кудайдан жалбара тилеп ары-бери басып жүрдү. Жигиттин үнү акыры Кудайга жеткен окшойт, бир маалда бийкеч китепти барактамакчы болгондо, колундагы китеп скамейкадан эки-үч кадам ары ыргып барып жерге түштү.

      Жигит жерде жаткан китепти лып ала койду да, үркөрдөй жалгыз үлпүлдөп олтурган жаңы ачылган гүлдөй кулпурган бийкечке ушунчалык ийкемдүүлүк менен илбериңки сунду да, бүгүнкү күндүн аба-ырайы тууралуу бирдемелерди божурап, бийкечтин жооп катары бирдеме деп коюшун ичтен ушунчалык эңсеп, турган жеринде катыды.

Бийкеч кийингени, баскан-турганы элден анча деле айырмаланбаган жигиттин жүзүн жай гана карап койду.

– Эгер кааласаңыз, олтура бериңиз, – деди бийкеч майин түрдө. – Эч кабатыр болуштун кереги жок. Китептин бети кеч күүгүмдө жакшы көрүнбөй, андан көрө бирөө менен сукбат курганды каалап турам.

Асмандан издегени жерден табыла калган жигит ичинен кымыңдап бийкечтин жанына аярлай олтура кетти.

– Билесизби, – деп сөз баштады жигит парктын кожоюну сыңар үнүн өктөм чыгарып. – Сиздей ажарлуу бийкечти көптөн бери көрө элек болчумун. Кечээ да Сизге көз кырымды салып өткөмүн. Ушул суйкайган сулуу бийкечтин жүрөгүн ээлеп алган кандай жигит болду экен?

– Мага айырмасы жок, – деди бийкеч кристаллдай тунук үнү менен. – Мен катардагы айымдын биримин. Сиздей жөнөкөй катмардагы адамдар ушинтип эле адашып сүйлөй бергенин түшүнөм албетте. Мен Сизди болгону олтуруңуз дедим; Ошентип койсом эле мени суйкайган сулууга теңеп жибергениңизге жол болсун, мырза.

– Кечиресиз, садагасы, –ындыны өчө түшкөн жигит эмне дешин билбей карбаластап калды. – Менден кетсе, кечиресиз. Сейилбакта ар кандай кыздар жүрүшөт эмеспи. Муну билесиз да, мүмкүн билбейт чыгарсыз, бирок…

–Кепти ушул жерден токтотолучу, ээ, – бийкеч сөздү жыра тартты. – Албетте билем. Андан көрө маңдайда туш тарапка жыбырап чуркап жүргөндөр тууралуу айтыңызчы. Деги кайда баратышат алар? Мынчалык шашып кайда? Ушуларды бактылуу деп айтканга болобу?

Жанатан шакаба чеккиси келип жаткан жигит оюнан дароо кайтып, олуттуу тарта түштү. Кепти эмнеден баштоону билбей оңтойлуу учурду күтүп калды да, анан:

– Аларга көз салып карап тургандын өзү кызык эмеспи, – деди бийкечтин көңүлүн жубаткысы келип. – Турмуш деген ар кандай, жинди катын алгандай деген экен илгери мага окшогон бирөө… Бири кечки тамагын ичкени баратат. Экинчиси башка иштери менен көйрөңдөнүп жүрөт. Ар киминде ар кандай кызыктуу тагдыр жатат.

– Билбейм, – деди бийкеч. – Бирөөнүн жашоосу менен менин ишим эмне. Бул жерге адам аттуунун жүрөгү кагып жаткан ыргакты тыңшаганы гана келем. Менин өмүрүм адам жүрөгү соккон ыргак угулбаган жайда өттү. Сиз менен тең ата сүйлөшүп жатканымдын себебин билгиңиз келеби, мырза..?

– Паркенштакер, – деп жигит өзүн тааныштырды да, бийкечти кызыгуу менен үмүт артып карап калды.– Сиздин аты-жөнүңүздү билсем болобу?

– Жок, – деди бийкеч ипичке манжаларын өйдө көтөрө, жай жылмайып. – Ким экендигимди айтсам, мени ыргыта таанымаксыз. Мени сүрөттөн бир көргөн же атымды бир уккан адам тааныбай калышы эч мүмкүн эмес. Бирөө-жарым таанып калбасын деп, шляпаны баса кийип, үстүнөн тор чүмбөт жамынып алганым да ошондон. Мен аны көрбөй-байкабай жаткансып менин айдоочум мени улам карап жатканын бир көрүшүңүз керек болчу да. Менмин деп төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу шаарда беш-алты адам болсо, ошонун бири менмин. Мындай адам мени менен кандайча баарлашкысы келип калды деп ичиңизден таң калып бүтпөй жатсаңыз керек, Штакенпот мырза?

– Паркенштакер, – деп жигит анын айтканын оңдоп койду.

– Ии, Паркенштакер мырза дегеним, – бийкеч кебин улады. – Анын себеби мындай: жыйган дүнүйөсүнө манчыркап көзүн май баспаган, эч кандай текеберлиги жок карапайым жандар менен баарлашкым келет. Эх, акча, акча жана акча! Акчадан ушунчалык тажадым. Артымдан жаны-алы калбай күнү-түнү чуркаган эркектерден да тажадым. Бардар жашоо, кымбат баалуу буюмдар, туш тарапка саякат, мени курчаган бардар коом, көз жоосун алган ашкере байлык ушунун баары тажатты.

– А мен артык дөөлөт баш жарбайт деп жүрсө, –деди жигит бир аз кыңырылып.

– Артык дөөлөт баш жарат, – деди бийкеч анын сөзүн тороп. – Албетте байлыктын да жашоодо өз орду бар дечи, бирок миллиондогон суммадагы акчанын ээси болсоң...– муну бийкеч өкүнүү менен айласы куругандай айтты. Анан сөзүн улады: –Ар күнү кайталана берчү бардар турмуш адамды кадимкидей тажатып, жиниктирип жиберет. Чакыруулар, түштөндүрүү сый тамак, театр, көз жоосун алган кечелер, андан соң кайра эле кечки сый-тамак, кыскасы алтын менен күмүшкө ширелген ысырапкор турмуш. Кээде шампан куюлган бокалга салынган муздун бокалга кагышкан чыңк-чыңк үнүнөн жинди болуп кете жаздачу болдум, бир күнү мындан жарылып кетемби деп корком.

Жигит бийкечтин айтканына ишенүү менен ага кызыгып элейген бойдон карап калды.

- Мага дайыма, – деп кеп баштады жигит, – Байлардын жашоосу тууралуу уккан жана билген башынан жагар эле. Эгер келесоо болсом кечиресиз, бирок бир нерсени тактап коюшубуз абзел: Шампанды муздатыш үчүн бокалга муз салат дегенди биринчи угушум, шампанды бөтөлкөсү менен муздатчу эле го.

Бийкеч шаңкылдап күлүп жиберди. Анан жигитке акыл үйрөтүп жаткандай айтты:

- Сиз муну билбейсиз. Канчалык бай болгон сайын каада ошончолук көбөйө берет. Азыр эми бизге окшогон байларда шампанга муз салып ичмей каадага айланды. Илгери татар ханы Вальдорфко түшкү сый тамакка келгенде, шарапка муз салып ичкенин көрүшкөн экен. Бу чириген байларың дагы кандай кааданы ойлоп табышат – аны бир Кудай билет. Ушул жума Мэдисон-Авенюда уюштурулган түштөндүрүү сый тамагына барсам, ар бир тарелканын жанына жашыл түстөгү колкап коюлуптур. Оливканы жеш үчүн ошол колкапты кийип алыш керек экен, тообо. Каап, ушул кааданы жөн эле коюшбаптыр дедим ичимден.

- Түшүнүктүү, –деди жигит буга ынанып. – Бизге окшогон карапайым адамдар мындайды билмек белек.

- Кээде, – бийкеч анын айтканына акырын баш ийкеп кебин улады, –Мен сүйгөн адам карапайым бирөө болсо экен деп тилейм. Маңдай тери менен иштеп жан баккан мырзаны жактырам, акчасына чиренип кутурган бирөөнүн мага кереги не. Бирок баары бир бу жалганда акчалуунун сөзү өтүмдүү келет тура. Азыр артымдан эки мырза жан-алы калбай чуркап жүрүшкөн кербези. Бири – немис тектүү ак сөөк тукумунан чыккан мырза. Угушума караганда баскан-турганы өтө шалтурук аялы бар имиш, ал шалтурук мунун катаал мамилесинен жана ачуусу чукул мүнөзүнөн тажап бүткөндөй. Экинчиси – англис тектүү ак сөөк тукумунан чыккан, акчасын кайда чачышын билбей көпкөн мырза. Өзү колунан жакшылык келбеген өлгүдөй жаны жок эргул, анын астында берки битина немис бул жакта эле калат. Бай койнунда калчылдап жаткыча, кедей койнунда кутуруп жаша деп коюшат эмеспи, туура айтамбы, Пакенштак мырза?

- Паркенштакер, – жигит анын сөзүн дагы оңдоду да, демин ичине кере бир тартып алды. – Бул айтканыңыз жөндүү, мен Сиз айтканга толук кошулам.

Байсынган бийкеч жанында турган жигитке акырын назарын таштады да, анан:

- Эмне жумуш кыласыз, Паркенн...штактар мырза? – деп сурады.

- Мындай эле жумушта иштейм. Аз-аздан бутка туруп келатабыз. Азыр сүйлөшкөн жигитим карапайым бирөө болсо деп айтканыңыз ыраспы?

- Карапайым бирөө болгондо жакшы болмок дедим, "болсо" дегеним жок. Бирок учурда артымдан чуркап жүргөн экөө тең чириген байлар. Өтө карапайым жер карама бирөө болсо деп айтканым жок, менин жүрөгүмдү багындыра алса, демек ал жөнөкөй, карапайым бирөөгө кирбейт.

- Мен ресторанда иштейм, – деди Паркенштакер мырза.

Бийкеч акырын жер тиктеди да, анан:.

- Официант эмессизби? – деп ага ичинен боору ачыгансып жалооруй сурады. Анан жигиттин көңүлүн жубатып кирди: – Албетте тиргилик кылгандын уяты жок деңизчи, бирок өзүңдү караганга...

- Жок, официант эмесмин. Кассир болуп иштейм, – жигит сейилбактын маңдайында, жолдун аркы тарабында сыртында кыпкызыл электр жарыгы менен "РЕСТОРАН" деп жазылган имаратты көрсөттү. – Тээтиги ресторанды көрдүңүзбү? Ошол Сиз иштеген ресторанда мен да кассир болуп иштейм.

        Бийкеч сол билегине тагылган кичинекей кооз саатына карамыш болуп, ордунан ыргып турду. Колундагы китепти далысына асынган жаркыраган чакан сумкага салмак болду эле, колдойгон китеп сумкага батпай калды.

- Анда неге жумушка барган жоксуз? – бийкеч суроо узатты.

- Түнкү нөөмөттө иштейм, – деди жигит. – Ишим башталгыча дагы бир сааттай бар. Экөөбүз дагы бир жолу жолуксак кантет?

- Билбейм. Көрөбүз го. Бул жерге дагы келишим мүмкүн. Азыр шашып жатам. Бир жерге кечки сый тамакка чакырышкан. Андан чыгып театрга барышым керек. Күндө ушундай төгүлүп-чачылган кайталанма шаан-шөкөт жашоо. Баса, сейилбактын аркы башынан келе жатып, токтоп турган жаңы авто-унааны байкадыңыз да. Сырты аппак түстөгү авто-унаа.

- Алдынкы дөңгөлөгү кыпкызыл унааны айтасызбы? – жигит бийкечке суроолуу карады.

- Ии, дал өзү. Мен дайыма ошол авто-унаада келем. Айдоочум Пьер мени күтүп калды окшойт. Ал мени аянтчадагы дүкөндөрдү кыдырып жүрсө керек деп ойлоп жаткандыр. Айдоочума да жалганчы болуп бүтө турган болдум. Жакшы калыңыз.

- Токтой туруңузчу, кечки бешим болуп калды, – деди Паркенштакер мырза, – Кечкисин сейилбакта бейбаш эркектер толтура. Мен Сизди жеткирип...

- Ай, жок, ыракмат. Эгер мени сыйласаңыз, – деди бийкеч майин түрдө, – Анда мен кеткен соң, скамейкада дагы он мүнөт олтура туруңуз. Капа болбоңуз, авто-унаада ээсинин аты түшүрүлгөн кеште чапталып турарын билесиз да. Андан менин аты-жөнүмдү билип аласыз деп корком. Дагы бир ирет саламатта калыңыз.

    Бийкеч койкоңдой бат-баттан басып кечки иңирге кирип кетти. Жигит анын көйкөлө баскан келишимдүү келбетин алдыртан узата карап кала берди, бийкеч сейилбак четиндеги тротуар менен басып барып, авто-унаа турган тарапка бурулду. Эми жигит сейилбактагы дарактарга жашынып аны алыстан акмалап карап баратты.

    Бийкеч бурчтан өтүп баратып токтоп турган аппак жаңы авто-унааны бир карап алды да, авто-унааны жандай басып, жолдун аркы башына өттү. Жол боюнда токтоп турган таксиге далдаланып жашына калган жигит андан дале көзүн албай дыкат карап турган бойдон. Сейилбактын маңдайындагы тротуар менен басып бараткан кыз жол боюндагы ресторанга култ этип кирип кетти. Бул айнектери кызыл-тазылга боёлгон шаардагы арзан эсептелген ресторандардын бири болчу. Ресторанда ичкериге кирип көрүнбөй кеткен бийкеч бир маалда үстүндөгү тор чүмбөтүн чечип салып чыга келди.

      Кассир олтурган жай ресторандын кире беришинде жайгашкан. Үстүнө бозоргон узун көйнөк кийген сары чачтуу кыз кол саатына бир карап алып, кассага олтурду.

     Аны байкап турган мырза жигит колун чөнтөгүнө салган бойдон тротуар менен артка кайтты. Бурчтан бурула бергенде бутуна тротуар четиндеги көк майса чөптө ыргытылып жаткан кагаз тыштуу китеп урунду. Бул бая скаймейкада бийкеч окуп олтурган китеп экендигин мырза жигит жазбай тааныды. Жерден китепти көңүл кош алган жигит китептин аталышына көз жүгүрттү: "Аравиядагы жаңыча миң бир түндөр", Роберт Стивенсон. Ал китепти көк майса чөпкө таштай салды да, бекерчиликтен бир топко дейре ары-бери басып жүрдү. Андан соң жол жээгинде токтоп турган аппак түстөгү жаңы авто-унаага түштү да, артка чалкалай олтуруп айдоочусуна буюрду:

- Айда, Анри. Клубка кеттик.

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

 

Англисче

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз