Кыргызча

Ирвин Шоу: Кыска көйнөкчөн кыздар

Экөө Бревурттон[1] чыгып, Вашиңтон гүлбагын көздөй басышканда Бешинчи даӊгыл[2] күнгө жүзүн чайып турду. Кеч күзгө таяп калганына  карабастан күн жылуу, баары жай таӊындай – салабаттуу кийинип эки-экиден каалгый баскан адамдар, терезелери жабык, тынч момураган имараттар.

Майкл Френсистин колун колтугуна бекем кысып алган, экөө күн чубактап шаар аралап жүрүшөт. Уйкулары канып, таӊ эрте карындарын кампайткангабы, кадамдарын шайдоот таштап, жүздөрүндө жылмаюу ойнойт. Майкл пальтосунун боорун чечип, жүзүн сыдырым желге тосту. Нью-Йорктун ушул чөлкөмүндө арбын сезилген солкулдаган  жаштардын арасында экөө үн чыгарбай бут шилтешет.

– Этиеттесеӊчи, – деди Френсис Сегизинчи көчөдөн өтөр менен ортодогу жымжырттыкты бузуп. – Мойнуңду кайрып алба.

Майкл күлүп жиберди, Френсис кошо күлдү.

– “Ай десе аркы жок” дегидей ашкан сулуу эмес экен го, – деп кошумчалады Френсис. – Неси болсо дагы, бир түйдөк чачты карайм деп моюнуӊду омкоруп алба деги.

Майкл дагы күлдү. Бул жолу күлкүсү катуураак чыкты.

– Мокочо деле эмес. Жүзү сүйкүм, жылдыздуу экен. Элеттик кыздардай эриндери бөрсөйгөн, алмадай бети кызарган. Аны карап жатканымды кантип билдиң?

Френсис башын бир жагына кыйшайта шляпасынын астынан күйөөсүнө  жылмайып койду.

– Майк, ардагым...

Майкл кайра күлүп койду.

– Болуптур, – деди моюндап. – Айныгыс далилге арга жок. Кечирип кой. Жылдыздуулугун айттым. Мындай ыраӊ Нью-Йоркто көп кездеше бербейт. Кечиргейсиӊ.

Френсис анын колун акырын чаап койду дагы, Вашиңтон гүлбагын көздөй ээрчитип жөнөдү.

– Кандай сонун таӊ, – деди ал. – Аткан таӊды көргөндүн өзү ырахат. Сени менен тамактансам, бир күндүк кубат алам.

– Күлазык дебейсиӊби. Эртеӊ мененки көнүгүү, анан Майкл менен  таттуу токочтон керте тиштеп, кофе ичсеӊ сергек сезим сересине чыгарың турган иш, – деди Майкл.

– Ананчы. Түндө адатымча сага аркандай оролуп уктаптырмын.

– Ишемби күнү кечинде, – деп тактап койду. – Жуманын аягында жамбаштап жатканга эмне үчүн болбосун?

– Эттенип баратасың, – деди ал.

– Койчу ай? Охайодон кагелес болуп келдим эле.

– Жан биргемдин ашыкча эки жарым кили жагат, – деди келин күйөөсүнө.

– Мага дагы, – деди Майкл олуттуу.

– Менде бир ой бар, – деди Френсис.

– Колуктумдун ою бар. Жакшынакайым менин.

– Кел, бүгүн эч кимге жолукпайбыз, – деди Френсис. – Бүгүнкү күндү экөөбүз гана өткөрөбүз – сен жана мен. Буга чейин досторубуз менен
жүрө берчү элек, алардын вискисин же биздикин ичип коюп, жатарга келгенде гана бири бирибизди көрөбүз...

– Жолукчу жер ушул, – деди Майкл. – Төшөктө жата берсеӊ, жакшы билгендердин бардыгы сени тегеректейт.

– Зирегим менин, – деди Френсис. – Чын айтам.

– Макул, а мен чындап угуп жатам.

– Таӊдан кечке күйөөм жанымда болсо, мени менен гана сүйлөшүп, мени гана укса дейм.

– Бизге эмне тоскоол боло алат? – деп Майкл сурады. – Эс алуу күнүмдү келинчегим менен гана өткөргөнгө тоскоолдук кылууга ким батынат? Ким экен ал?

– Стивенсондор. Бизди саат бирлерге чакырган, шаар четине чыгып келет экенбиз.

– Оӊбогон Стивенсондор. Кызык. Өздөрү бара беришсин. Келинчегим экөөбүз шаарда калып, чогуу эс алгыбыз келет.

– Жолугушууга чакырганыӊбы ошондо?

– Чакырганым.

Френсис аста ийилип кулагынын учунан өөп койду.

– Аздегим, – деди Майкл. – Бул Бешинчи даӊгыл эмеспи.

– Кел, мындай кылабыз, – деди Френсис күйөөсүнүн сөзүн кулагынын үстүнөн кетирип. – Нью-Йорктогу жаш жубайлар ушул күнү кантип акчасын сарптайт, ушунун тегерегинде сөз кылбайлыбы?

– Бирок чеги менен.

– Адегенде футбол көрөлү. Мыктылардын оюнуна маашыр бололу, – деди Майклдын бул оюнду жакшы көрөрүн билген Френсис. – Бүгүн “Гиганттар” ойнойт. Күнү кечке таза абада сейилдеп, ачкан курсакты “Каваннага” кирип, устанын алжапкычындай болгон стейк менен тойгузуп, бир бөтөлкө шарап менен бастырык кылып, андан чыгып элдин баары кеп кылып аткан “Филмарттагы” француз тасмасына... Мени угуп жатасыӊбы?

 – Албетте, – деди ал ишенимдүү бийчи басык менен өтүп бараткан жылаӊбаш кыска кара чач кыздан көзүн алып. Пальтосуз бараткан кыздын тулкусу сууган күлүктүкүндөй кындыят, өзүн Майклдын карап жатканын сезген бийчинин жамбашы көйнөктүн ичинен ансайын чайпалат. Кыздын өзүнчө жылмайып өтүп кеткенинен бери Майкл колуктусун караганга чейин байкап турду.

– Сөзсүз да. “Гиганттардын” оюнун көрөбүз, стейк жейбиз, француз тасмасын көрөбүз. Кандай дейсиӊ, сага жагабы?

– Болот эми, – деген сөз Френсис оозунан бош чыкты. – Бир күндүн мерчеми. Же, балким, көчөкөй жаныӊ Бешинчи даӊгылда өйдө-төмөн жорто турарсыӊ?

– Жок, – деп буйдалбастан жооп берди Майкл. – Жок, кереги жок.

– Сен башка аялдарды карай бересиӊ, – деди Френсис. – Нью-Йорктогу ар бир каргыш урган аялды.

– Койсоӊчу, – деди Майкл сөздү тамашага айландыргысы келип. – Сымбаттууларын гана. Айтмакчы, Нью-Йоркто канча сулуу бар? Он жетиби?

– Көп андан. Өзүӊ ушинтип ойлойт окшойсуң. Кайда барбагын, баягы...

– Калпыӊды койсоӊчу. Эми кээде өтүп бараткан аялды карап коюшум ыктымал. Көчөдөн өтүп бараткан аялга бир аз көз кырымды салып коём...

– Бардык жерде, – Френсис кайталады. – Кайсы куттуу жерге барбагын, мейли, ресторан, жер астындагы өтмөк, театр, лекция, концерт болсун, караганыӊ – караган.

– Алтыным, уксаӊ, – келинчегин ийге келтиргиси келди Майкл. – Кудайым мага көрсүн деп көз берди, өтмөктөрдөн айымдарды, мырзаларды карайм, талаадагы гүлгө суктанам, кинотасма көрөм. Ай-ааламды изилдегеним эмеспи бул.

– Ай-ааламды аяр изилдеп жаткандагы көзүӊдөгү учкундарды өзүӊ карап көрүшүӊ керек экен.

– Мен үй-бүлөм менен бактылуумун. – Майкл Френсистин чыканагын өзүнө аяр кысып койду. – Майк Лумистин үй-бүлөсү жыйырманчы кылымга үлгү.

– Деп койдуң?

– Френсис, ардагым...

– Сен чындап үй-бүлөлүк жашоодо бактылуусуӊбу?

– Ананчы, – деди Майкл, жекшембинин таӊы кандай бүтөрүн сезгендей. – Минтип сүйлөштүн кандай мааниси бар?

– Билгим келди, – Френсис алдын түз караган калыбында кадамын тездетти, жүзү кыймылсыз ташка айлангандай, талашып-тартышканда же өзүн жаман сезген учурда ушундай бет кап тагынып калчу.

– Мендей бактылуу үй-бүлөлүү адам жок, – деди Майкл токтоолук менен. – Нью-Йорктогу он беш жаштан алтымыш жашка чейинки бардык эркектердин суктанары менмин.

– Тамашаңды токтот, – деди Френсис.

– Сопсонун үйүм бар, – деди дегенин бербеген Майкл. – Жакшы китептерим, сүрөттөрүм, кыйбас досторум бар. Сүйүктүү шаарымда жашайм, өзүмө жаккан жумушум бар, жакшы көргөн келинчегим менен жашайм. Жакшы бир нерсе болсо, сага эле чуркап барам го? Жаман окуя болсо, ийниӊе башымды жөлөп ыйлап атамбы?

– Ооба сага, – деди Френсис. – Өтүп бара жаткан ар бир аялга сугуӊ артып көзүӊ өтүп кетейин дейт го тим эле.

– Мунуӊ аша чапкандык.

– Ар бир аялды. – Френсис колун Майклдын колунан тартып алды. – Эгер ал сулуу эмес болсо, карап да койбойсуӊ. Эгер бир аз жылтыры болсо, жети кадам бою узатып карап турасың го, чиркин...

– Оо, Кудайым оой, Френсис!

– Эгер сулуу болсо, мойнуң сынгыча тиктейсиң...

– Жүрү, бирдеме ичеличи, – деди Майкл токтоп.

– Жаӊы эле тамактанбадык беле?

– Уксаӊ, сүйүктүүм, – деди Майк, сөздөрүн кылдаттык менен тандап, – экөөбүздүн теӊ маанайыбыз ойдогудай, жаркыраган күндүн бүркөлүшүнө эч себеп жок. Эс алуу күнүн эс алгандай өткөрөлү.

– Бешинчи даӊгылдагы ар бир түйдөк чачтын аркасынан чуркачудай көз караш көзүӊдөн көрүнбөсө, жекшембини ойдогудай өткөрмөкмүн.

– Жүрү, ичели, – деди Майкл кайра.

– Ичким келбей турат.

– Эмне кылгыӊ келип турат, урушкуӊ келип жатабы?

– Жок, – деген Френсистин үнү убайымдуу чыккандыктан, Майкл боору ооруп кетти. – Урушкум келбейт. Эмнеге муну баштаганымды билбейм. Ушул жерден токтотолу. Андан  көрө, убакытты жакшы өткөрөлү.

Экөө кол кармашкан бойдон Вашиңтон гүлбагындагы бешик арабаларды аралап, жеӊил күрмөчөн италиялык карылардын, жаш кыз-келиндердин жанынан үн чыгарбастан өтүп кетишти.

– Бүгүн жакшы оюн болсо керек, – деди Френсис ортодогу тынымды бузуп, үнүн сейилге чыгар алдында эртең мененки тамакта сүйлөгөнүнө куп окшоштурду. – Мага чыныгы футбол жагат. Бири бирин сүзгөндө таштан жаралганбы деп кетесиӊ, – деди Майклды күлдүрүүгө аракет кылып, – урунуп барып чым жазданганда балкый түшөсүӊ го, чиркин.

– Сага айтчу сөзүм бар, – деди Майкл өтө олуттуу. – Беш жыл ичинде бир дагы аялга тийген жокмун. Бирөөнө дагы.

– Болуптур, – деди Френсис.

– Сен мага ишенесиӊ да?

– Албетте.

Экөө эл толгон отургучтарды, бак-шактуу гүлбакты аралап жүрүштү.

– Байкабайын эле дейм, – деп Френсис өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай күбүрөндү. – Курулай доомат деп өзүмдү ишендиргенге аракет кылам. Айрым эркектер ушундай: жетпегенине жеткиси, көрбөй калганын көргүсү келет.

– Кээ бир аялдарга да ушунткен жагат, – деп жооп берди Майкл.  – Бир кездери эки айымды көргөн жайым бар.

– Сени менен экинчи жолуккандан кийин башка эркекти караган эмесмин, – деп башын бурбай түптүз баскан калыбында сөзүн оозунан жулуп алды Френсис.

– Андай мыйзам жок, – деди Майкл.

– Элис Максуеллдин үйүндө алгач жолугуп, мени карагандагы көз караш менен өтүп бараткан аялды караганыӊды көрүп, көӊүлүмдү кир басып, көкүрөгүм зилдейт. Анда конок бөлмөдөгү радионун жанында жашыл шляпачан турганыӊ...

– Шляпа эсимде, – Майкл сөз кыстыра калды.

– Ошол көз караш көӊүлүмдү ылайлантат, – деди Френсис.

– Чүшш, суранам, ардагым, чүшш...

– Эми ичиш керек окшойт, – деди Френсис.

Экөө ооз ачпастан Сегизинчи көчөдөгү барга жөнөштү, Майкл өзүнөн өзү аны таш жээктерден, көчөдөгү автоунаалардан өткөрүп коштоп барат. Бүчүлөнгөн пальточон Майкл барга жакындаган сайын жылтырата сүртүлгөн бут кийимин ой баскан калыбында карап баратты. Экөө күн шооланган терезенин жанынан орун алышты, мештен чартылдап күйүп жаткан отундун үнү угулат. Бекене бойлуу жапон официант келип, ортого претцелди[3] коюп, жамажайы жайыла экөөнө жылмайып койду.

– Эмне буюртма бересиӊ? – деп Майкл сурады.  

– Бренди ичсемби дегем, – деп жооп берди Френсис.

– “Курвуазье”, – деди Майкл официантка, – эки “курвуазье”.

Официант эки бокал алып келип берди, экөө күн чубактап бренди ичип отурушту.  Майкл колундагысын жарымдап, артынан суу ууртап койду.

– Аялдарды карабай койбойм, – деди ал. – Чын. Бул туура же туура эмес экендигин айта албайм, бирок карайм. Көчөдөн өтүп баратып караган жокмун десем, сени да, өзүмдү да алдаган болом.

– Сен аларга ээлик кылгыӊ келгендей карайсыӊ, – деди Френсис бокалы менен ойноп. – Ар бирин.

– Дегинкисин айтканда, – деди Майкл, аялына кайрылгандай эмес, жумшак сүйлөп, – бул чындык. Мен буга каршы эч нерсе дей албайм, бирок бул чындык.

– Аны билем дечи. Ошон үчүн көӊүлүмдү кир каптагандын үстүндө.

– Дагы бренди, – Майкл сурады. – Официант, дагы экини.

– Эмнеге көӊүлүмдү оорутасың? – деп Френсис сурады. – Эмне үчүн минтесиӊ?

Майкл үшкүрүнө көзүн жумуп, колунун учу менен кабагын акырын сүртүп койду. – Мага аялдардын көркөм сөөлөтү жагат. Бураӊдаган аялдары үчүн Нью-Йоркту жакшы көрөм.  Мен Охайодон биринчи жолу Нью-Йоркко келгенде адеп көзүмө урунганы сан миӊ татына кыздар болду. Көкүрөгүмдүн түрсүлдөгү кекиртегимдин чуӊкурунан ургулаган бойдон жүрдүм.

– Балалык кылгансыӊ, – деп кобурап койду Френсис, – балалык сезим.

– Билбейм, – деди арсар, – билбейм деги. Жашым улам өйдөлөп барат, орто жашка жакындап калдым, курсак байлай баштасам дагы Он бешинчи, Элүү жетинчи көчөлөрдүн ортосунда даӊгыл бойлоп бешим ченде сейилдеген жагат. Үлпүлдөгөн тондоруна оронуп, шляпаларын кыйшайта кондурган, дүйнөнүн чар тарабынан келген айымдар дүкөндөрдү кыдырган болушат. Кайда карабагын – кымбат баалуу тондор, сонун-сонун кийимдер, үйлөрүнөн чыккан мөлтүрөгөн аялдар акчасын чачканына корстон болушат. Өтүп баратсаӊ байкамаксанга салып, салкын караганычы.

Жапон официант кош бокалды столго койду, кубанганынан жүзү тамылжыйт.

– Баары жайындабы? – деп сурап койду.

– Баары сонун, – деди Майкл.

– Эгер бир-эки тонум, кырк беш долларлык шляпам болсо... – деди Френсис.

– Кеп тондо же шляпада дагы эмес. Бул эми ажайып аялдар үчүн, билген кишиге, – деди күйөөсү, – мунун баарын угуштун кажети жок.

– Мен уккум келет.

– Мага тыкан, көз айнегин мурдуна кондурган, акылдуу, шайыр, көптү билген, өздөрүнө кам көргөн кызматкер кыздар жагат үшөт. – Ал терезеден акырын өтүп бара жаткан адамдарды карап турду. – Кырк төртүнчү көчөдөгү кыздар жагат, түшкү тамак учурунда “Сардинин” жанында өздөрүнүн сулуулугун, жаштыгын шардана кылып, жаш жигиттер менен аӊгеме дүкөн куруп продюсерлердин көзүнө урунуп калышын күтүп турушат. “Мейсистеги” сатуучу кыздарды көргөндө көзүм күйүп кетет го, чиркин! Аялдарды күттүрүп коюп сени тейлеп, байпак, китептерди, фонограф ийнесин көрсөтүмүш болгон сага кылыктанган аруузаттар! Он жыл бою көкүрөгүмдө топтолгон нерселер сен сурагандан эми калкып чыкты

– Тизгин жыйбай уланта бер, – дем берип койду Френсис.

– Нью-Йорк шаары эсиме түшсө эле бардык кыздарды – шаарда беймаал басып жүргөн жөөт кыздарды, италиялык, ирландиялык, поляк, кытай, немис, ындыкара, испан, орус кыздары оюма келет. Мен эле ушундаймынбы же шаардагы бардык эркектер ушундай ойдо жүрүшөбү, билбейм, бирок ушул шаарда эс алып жүргөндөй сезем. Театрдагы аялдардын жанында отурганды жакшы көрөм, алты саат бою карап эле тургуӊ келген атактуу сулуулар. Фулбол беттешине келишкен чырайына кызыл нуру чыккан жаш кыздарчы, күн ысыкта кыска көйнөкчөн кыздар... – бокалындагы брендинин калганын жутуп койду. – Ушундай. Өзүӊ сурадыӊ, эсиӊде болсун. Эч нерсе кыла албайм, бирок аларды карайм. Эч нерсе кыла албайм, бирок аларды өзүмдүк кылгым келет.

– Сен аларды өзүмдүк кылгың келет, – Френсис мелтиреп туруп кайталады. – Сен ушинтип айттың.

– Так ушундай, – солк этпестен катуу жооп берди Майкл, анткени жубайы жараатты өзү тырмады, “араӊ турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” болду. – Жөн жаткан аякты сууруп чыктыӊ, эми аягына чейин аяктайлы.

Френсис эки-үч жолу аптыга жутуп, бокалын бошотту.

– Сен мени сүйөм дейсиңби?

– Мен сени сүйөм, бирок тигилилерди да кыйбайм. Ушундай.

– Мен да ажарлуумун, – деди Френсис. – Кимисинен болбосун сулуумун.

– Сен сулуусуң, – деди Майкл түз маанисинде.

– Мен сага карап жатам, – деген Френсистин үнүндө жалбаруу бар эле. – Мен сага жакшынакай колукту, жакшы үй кожойкеси, жакшы дос болуп бердим. Мен сен үчүн колумдан келгенинин баарын кылам.

– Билем, – деген Майкл Френсистин колунун үстүнөн кармады.

– Эркин болгуң келсе... – деп бараткан Френсистин сөзүн Майкл бөлдү.

– Чүш.

– Чыныӊды айтчы, – деп колун тартып алды.

Майкл манжасы менен бокалынын четин шыпырып койду.

– Жакшы, – деди ал акырын гана. – Кээде эркин болгум келип кетет.

– Болуптур, – деди Френсис тоготпогон үн менен столдун үстүн нагарадай[4] тырсылдатып, – Сен каалаган убакта...

– Макоолонбо, – Майкл отургучун аны көздөй ага жакындатып, жамбашынан сылады.

Френсис эч ким байкабашы үчүн жүз аарчыны бетине басып алып, булуктап үнсүз ыйлай баштады.

– Бир күнү менден кетчү күнүӊ келет го...

Майкл үн деген жок, акырын лимон аарчып жаткан барменди карап отурду.

– Кетесиңби? – Френсис үнүн катуу чыгарып сурады. – Эмне мелтирейсиӊ, айт! Бирдеме дебейсиӊби? Кетесиңби?

– Мүмкүн, – деген Майкл отургучун артка жылдырды. – Кайдан билейин?

– Билесиң, – Френсис сөзүн улантты. – Билбейсиңби?

– Ооба, – деди Майкл бир тынымдан кийин. – Билем.

Френсис ыйын токтотту. Жүз аарчысы менен эки-үч жолу аарчынып тигиндей койгондо, жүзүндө ыйдын изи да калган жок.

– Эми мага бир жакшылык кыл, – деди ал.

– Ананчы.

– Менин көзүмчө бул же тигил аялдын канчалык сулуу экендигин айтканыӊды токтот. “Бото көздөрү, марал төшү, сүлкүлдөгөн соорусу, мукам  үнү”, – деп Майклдын үнүн мыӊкылдап туурап. – дегениӊ ичиӊде болсун, мени кызыктырбайт.

– Кечирип кой. – Майкл официантка кол булгады. – Мындан кийин айтпайм.

Френсис көзүнүн кыйыгы менен карады.

– Дагы бир бренди, – деди ал официантка.

– Экини, – деп кошумчалап койду Майкл.

– Макул, айым, жарайт, мырза, – деди официант артына бурулуп.

Френсис күйөөсүн муздак көздөрү менен карап турду.

– Стивенсондорго чалайынбы? Шаардын чети ажайып эмеспи.

– Ананчы, – деди Майкл. – Чал.

Френсис столдон туруп, бардын тигил жагындагы телефонду көздөй жөнөдү. Майкл айымдын сулуулугуна сук артып, марал төшүнөн, сүлкүлдөгөн соорусунан көзүн албай узата карап турду.

2024-жылдын 23-апрели

Англис тилинен которгон Эрмек ШОРУКОВ

 

[1] Бревурт – Нью-Йорктун Бруклин районундагы турак жай комлекси жети кабаттуу он үч үйдөн турат.

[2] Даңгыл, даӊгыр – түз, кеӊ, чоӊ жол, проспект. Казак тилинде да кеңири пайдаланылат.

[3] Бретцель – Германия, Автрия, Швейцариядагы кичинекей таттуу токоч.

[4] Нагара – барабан.

Англисче

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз