"Жаншерик" поэмасынын 2- бөлүгү
Жароокерим, экөөбүздүн куракта
жаншериктик ээ болуп зор кубатка:
сүйүү гана коргой алат турбайбы
эң оор сыноо башка түшкөн убакта.
Сен убайым жебеш үчүн адатта,
сергек жашоо курдум темир абакта.
Ден - соолукту бассам - турсам чыңадым,
дем - күч топтоп, көндүм өздүк талапка.
Сен жантуйгум, жароокерим, асылым,
ар аптада менин ташып азыгым:
табитимде эмне сүйсөм жөнөттүң,
тандап түрдүү мөмө - жемиш, жашылын...
Ырайы суук түрмө бетон дедиңби:
эски дартым - бут сөөктөрүм, белимди
ойлодуң бейм... жылуу, жумшак кийинттиң.
А мен кантип жоготом күч - демимди?!
Сыз өтпөдү, суук өтпөдү денемден,
асыл жарым болгон үчүн кеменгер.
Аялзаттын баары сендей болгондо
азап чекмек кандай мырза, шер, эрлер?
Жем издеген куштай ар бир жумада:
жай, күз, кышта тарттың канча убара?
Мен эмнени жакшы көрсөм ташыдың,
чүйгүн тамак - витаминдүү курамы.
Бакыт буйруп, табат сендей жарды ким?
Сен өзүңө ыраа көрбөй бардыгын
мага ташып "түнөрбө, - деп- түрмөдө ",
сездирбедиң дүнүйөнүн тардыгын. Апрель, 2024