
Дүйнө адабиятын түпнускадан кыргызчага которуу боюнча конкурс мөөнөтүн узартканыбыздын себеби: буга чейинки кат куржунубузга келип түшкөн чыгармалардын саны өтө аздык кылгандыктан, калыстар курамы жана уюштуруучулар аталган конкурс мөөнөтүн узартууну чечтик.
Биринчиден, байгелүү орундардын суммасы болжолдуу түрдө 200 000 (эки жүз миң) сомго жетсе дедик эле. Биз мурда жарыялаганыбыздай 1-орун: 100 000 (жүз миң) сом; 2-орун: 70 000 (сексен миң) сом; 3-орун: 30 000 (отуз миң) сом дегенибиз менен, тилекке каршы, конкурс катышуучуларынын саны болгону 24кө жетти. Арийне, “РухЭш” сайты өз бюджетинин эсебинен байге фонд топтоого мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан адабий конкурстардын байгесин биз катышуучулардын взнос эсебинен гана топтоп келебиз...
Ошентсе да жогорудагы байге фонддун суммасын көтөрүү үчүн котормо боюнча конкурс мөөнөтүн дагы үч айга узартууну эп көрдүк...
Ал эми буга чейинки конкурска келип түшкөн чыгармаларды ушул шилтеменин төмөн жагынан таап окусаңыздар болот.
Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү. Кыргыз адабиятынын казынасын, тилин байытуу максатында котормо жанрындагы чыгармалар орчундуу мааниге ээ.
Конкурс максаты – дүйнө элдеринин адабиятын кыргыз тилине түпнускадан түзмө-түз көркөмдүк деңгээлде жеткирүү. Конкурска англис, немис, кытай, француз, түрк, украин, жапон, грузин, италия, испан, өзбек, казак, фарс, араб, ж.б. ж.б... авторлордун чакан чыгармаларын кыргыз тилдүү окурмандарга жеткиликтүү которгон эмгектер кабыл алынат.
Жобобуз жарыяланган күндөн тарта көркөм котормолор ruheshsaity@gmail.com почтасы аркылуу кабыл алынат. Конкурска аңгеме, новелла, эссе, жомок жанрындагы чыгармалар кабыл алынат.
Кабыл алуу мөөнөтү: ушул жылдын 31-августуна чейин. Жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи 15-июнда.
Конкурстун шарты: ар бир котормочу бир нече чыгармалар менен катыша алат. Ар бир котормочу 1200 сомдон взнос акы төлөөгө (ар бир чыгармага) тийиш. Аталган конкурстун байге фонду катышуучулардын взнос эсебинен чогултулат. 1200 сомдун 200 сому редактор, корректорго, 1000 сому байге фондго жумшалат.
Агер 200 калемгер катышса, байге фонд эсеби 200 000 (эки жүз миң) сомду түзөт. Агер 50 калемгер катышса, байге фондубуз 50 000 (элүү миң) сом байге фондун түзөт. Негизинен конкурска канча чыгарма келип түшсө, байге фондубуздун көлөмү конкурска катышкандардын санына жараша түптөлөт.
Конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин калыстар курамы жана котормочулардын эч биринин аты-жөнү ачыкка жарыяланбайт.
БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАР
(Азырынча болжол менен)
1-орун: 100 000 (жүз миң) сом
2-орун: 70 000 (сексен миң) сом
3-орун: 30 000 (отуз миң) сом
Байге фондубузга демөөрчүлүк кылууга ниети бар өндүрүш жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен да кызматташууга даярбыз! Агер аталган конкурска кызыкдар болгон бизнес өкүлдөрү кошулса, байге фонддун көлөмүн өстүрөбүз...
Эскертүү: ӨҢҮ тамгасы жок чыгармалар жана мурда жарыяланган эмгектер кабыл алынбайт! Ар бир котормочу канчадан чыгарма жөнөтсө да ар бир котормо үчүн 1200 сомдон взнос которот.
P.S.: Өжөрлүк кылайын дедим. 2-Адабий Форум өткөзөбүз. Күзүндө. Дүйнө адабиятын кыргыз тилине түпнускадан которууну жакшылап колго алалы. Өз казаныбызда кайнап ботко болуп келгенибиз жетет. Улуттук адабиятыбыздын казынасын Дүйнө адабиятынын өрнөктөрү менен толтуралы! Ага капчыктуу тилектеш, пикирлеш досторду кол кабышка чакырам. Кыргыз адабиятын, кыргыз тилин байытууга инвестиция кылчу береги инсандарга атайы даректүү кулак кагыш кылгым бар. Байге фондду көтөрүүгө кайдыгер эмес фрилансерлер кантип чыкпасын дейм... Байге фонддун суммасын млн суммага жеткирип, Адабий форумдун шаңын көтөрүү колубуздан кантип келбесин дейм.
Адабий агартуучулукка сиздерди өнөктөш, тилектеш болсо дейм, урматтуу эл багарлар: Бизнес Ассоциация JIA, Emil Umet, Jjt Turdakun Kyzy, Алтынбек Сулайманов, Seitek Kachkynbaev, Abdyvahap Nurbaev, Өмүрбек Абдырахман, Нуржан Давлетбекова, Aybek Sarıgul, Munarbek Kuldanbai, Sadyk Sher-Niyaz, Kuban Toichubaev, Temirlan Sarlykbek Uulu, Jodar Saidilkhan, Жумадил Эгембердиев, Манас Саматов, Evraz Osmon, Эльдар Абакир, Данияр Аманалиев, Куштарбек Кимсанов, Мамбетасан Ибраев, Касым Өмүракунов, Кылыч Кыргыз, Сыймык Бейшекеев, Jenishbek Jumakadyr...
Взносту “РухЭш” сайтынын Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561 эсебине которосуздар!
Конкурсту “РухЭш”сайты уюштурат.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз...
Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.